Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

Эркек мүнөз кыздын махабаты


Бир үйдө жалгыз калган кыздын бактысы айылдын өзүндө экен. Бактысы кандай капыс келсе ошондой тейде колдон суурулуп жок болду. Казак жазуучусу Сайын Муратбековдун “Уултууган” аңгемесин чогуу окуйбуз.

Жүлжүрөк айнек

Оорунун азабынан төшөк тартып сөөгү эле калган атасын акыркы жайына коюп келгенден кийин элдин көбү тарап кетти. Уултуугандын жанында жакындары гана калып, алар да үч күндөн кийин кайгыга баткан кызды жубатып, үй тирилигин шылтап кетишкен соң үйүндө чындап жалгыз калды. Атасынын өлгөнүнө эми ишенди. Төөнүн көзүндөй кичинекей айнектен үлбүрөгөн жарык кирип, сырт ың-жыңсыз тынчып турат. Уултууган терезенин ушунчалык кичинелигине, бейиши болгур атасынын неге жүлжүрөйгөн айнек салдырып койгонун азыр ойлонуп, денеси кысылып, үйдө кыйналып отурду.

Эки бөлмө чакан үй, апасы менен атасы жаш кезинде анын тардыгы билинчү эмес. Эми экөө тең ары карап кеткенден бери кыздын маанайы аябай чөгүп, ааламда жалгыз өзү гана калгандай коңултуктады. Атасы узагандан бери өңгүрөп ыйлап, ыйга күчүн чыгарган, дүйнөнүн бары-жогу билинбей калды эле, жалгыз калгандан бери баары чоочун, коркунучтуу көрүнүп, атасы эми өлгөнсүп дагы бир жолу бүлкүлдөп ыйлап кирди. Көзүнүн жашы он талаа.

Ыраматылык ата-энеси ушул кызы жарык дүйнөгө келгенде ысмын ырымы кылып Уултууган койгон. Артынан уул ээрчите келет деп үмүт кылышкан. Уултууган артынан уул ээрчитип келбеди. Бирок аны аябай эрке өстүрүштү. “Шариптин эрке кызы”, “Шариптин жиндиси” болчу. Эркек балдар менен чогуу ойноп, алар менен кадимкидей күрөшүп, мушташып, таяк жеп, таяктап, тартынбай эрезеге жетти. Бала кезде анын кыз экенин деле эч ким эрөөн-төрөн кылбаптыр. Талашып-тартышып чогуу-чаран ойноп жүрдү. Мектептен онунчуну бүткөндөн кийин классташтарынын көбү шаардык болуп, ошол жактан иштеп, окуп кетишти. Уултууган кайда бармак, каруу-күчтөн тайый баштаган ата-энесине каралап айылда калды. Убакыт болсо өтө берди. Мындан үч жыл илгери апасы айыкпас дартка кабылып, бул жалганды таштап кеткен. Мына эми апасынын артынан атасы “жалгыз кызым кантет” дебей айыл четиндеги боз дөбөгө барып жатып албадыбы.

Жалгыздык деген жаман экенин ал ушул ирет сезди. Кайгы-күйүт менен болуп уйкудан калган жаны төшөккө кыңкайганда сырткы эшик ачылып бирөө киргендей болду. Ким болду экен, беймаал убакта келген неме ким? Кызды калтырак басты. Эшик ачып кирген неме ичкери бөлмөгө баш бакпады. Алаңдап коркуп отурган кыз акыры өзүн кармап сырт бөлмөгө чыкты. Чын эле бирөө туруптур, айылдашы Майдан деген тыртайган арык неме, кызуу окшойт, сасык жыт бөлмөгө толуп калыптыр. Жалынып, “анабул келип калды, үндөбөчү, өтүп кетсин”, - дейт.

“Ушул маалда сырткы эшикти жулкуп ачып, колуна билектей үбөлүк кармаган, чачтары апсайып-сапсайган Сандибала жулкунуп кирип келди. Уултууган ичкериге ынтылып келе жаткан Сандибаланын алдына туурасынан тура калды. Андан өтө албай токтоду тигил жулунган неме.

Канча долу болсо да, өлүк чыккан үйдөн иймендиби, Сандибаланын да эпкини кайтып, демин алды. Айрыкча Уултуугандын ыйлай берип кыпкызыл болуп шишип кеткен көздөрүн көрүп өзүн тартты.

-Биздин баягы Майдан мында келген жокпу?! – деп сурады.

-Жо-ок!

Сандибала ошол абалда үн катпай бир аз турду да:

-Жер жуткур кайда кетип калды?! – Өзүнчө күңкүлдөй ары карай жүрүп кетти.
Үйдөн чыгып баратып долу катын сөөксүз тилин кайра агытты, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, бүт көчөнү башына кийип алды.

Сандыктын астынан чыккан Майдан өң-алеттен кетип:

-Бир ажалдан куткардың, өлгөнчө бул жакшылыгыңды унутпасмын,- деп акырын айтты. – Ой, ал көк долу, аябайт...

Уултууган үндөбөй турду. Майдан ичип алган экен, оозунан арактын сасык жыты буркурайт. Аялын жамандап кирди. Уултууганга анысы да, минтип шүмүрөйүп турушу да, кылган кылыктары да жаккан жок”.

Бул айылда зайып журту эркектен коркот. Байкуш Майдан гана аялынан заарканып бүжүрөп турат. Аны бүт айыл билет. Жаактуу Сандибалага ким теңелсин! Майданды үйүнө кет демек беле, ошол оозгу бөлмөгө төшөк салып берди да чарчаган неме жатары менен көзү илинип кетиптир, бир маалда ойгонсо таң жарып калыптыр. Коңшу бөлмөдөн коңурук угулду. Уултуугандын көңүлү жайланып кантип уктаганын билбей калды. Жалгыздыктан корккон кызга Майдандын аялынан жашынып үйүнө жатып жүрөк болуп бергени кыйла эш болду.

Кийинки күнү батачылар, кошуна-колоңдор кирип Уултууган жалгыздыгын сезбеди. Кеч киргенде кошунасынын тестиер уулун жатып кетсин деп ээрчитип келген. Быдылдак баланы карап туруп Орокко тийсе биздин деле ушундай балабыз болор эле деп ойлоду. Каруу-күчтүү болгону менен Ороктун акылы жок экен, ата-энесин таштай албаган кыз чогуу туралы десе, “коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт” деп макул болбой койгон. Ошону менен Уултуугандын эркек менен иши деле болбой калган.

Жалгыздыкка көнүп коркуп жатчу түндөрдүн биринде ойгонуп кетсе сырткы бөлмөдөн жөтөл угулду, ким болду экен? Өзүн кармап эшик ачса сырт бөлмөдө бүрүшүп Майдан жатыптыр. “Мынабул бир балээ болду го”. Эмне демек, эшикте жатса да эш, келип төшөгүнө жатып алды. Убакыт болсо өтө берди.

Арзуу

Анан дагы бир түнү эшиктин шырык ачылганынан ойгонуп, баш бакса оозгу бөлмөдө теңселип Майдан турат. Ачуусунун келгенин айт, шылдың кылгансып түндөсү келгенин кара! Атасынын илинип турган камчысын алып шөмтүрөп турган тигини тартып-тартып ийди.

“Майдан башын калкалаган бойдон үч бүктөлүп босогонун түбүнө отура калды. Үнсүз гана отура берди. Эки ийни гана солк-солк этет. Уултууган анын ыйлап отурганын сезди. Бирок ачуусун баса албады. Ошол убакта Майдан бетин баскан бойдон: “Ө-ө-ө...” деп жаш баладай солкулдап ыйлап кирди. Ошончолук аянычтуу, мусапыр эле. Муну көрүп турган Уултууган не кыларын биле албай, аны аяп да кетти. “Байкуш-ай, байкуш-ай, ушул жерге пааналап келсең мен сени коргой албадым да” – деп өзүн-өзү жемелеп да атты. Бир аздан соң Майдан эптеп ордунан туруп, телтеңдеп, үйдөн чыгып кетүүгө камынды.

-Кайда барасың эми, ушул жети түндө! Ушул жерге жат! – деди Уултууган үнү титиреп.

Ошентти да ички үйдөн төшөк, жаздык алып чыгып, кире бериш үйгө Майданга деп салып койду.

-Жат эми! Таң эртең туруп, эч кимдин көзүнө илешпей чыгып кете турган бол!

Бул түнү Уултууган бир да ойгонбой, таң аткыча чочубай жакшы уктады”.

Ошондон үч күндөн кийин Майдан дагы келиптир, эки көзү кыпкызыл, ичкенби, ыйлаганбы - белгисиз. Улам-улам “мени кечир” деп жалдырайт. Экөө чогуу ыйлап, кеби түгөнбөй, узак отурушчу болду. Майдан бир түнү: “Уултууган, мен сени сүйөм”, - деди. Кыз да ага көнүп, ичинен жактырып калган.

Караңгы түндү жамынган экөөнүн арзуусу капыстан күч алды, биринин кебин экинчиси ушунчалык берилүү менен угуп, таңдын атканын сезбей калышчу болду. Эркек мүнөз кыздын ушунчалык назик, сезимтал, жароокер бийкеч экендигине Майдан таң. Аялына тик карай албаган жоош, корунчаак жигитте ушунчалык арзуу, аялуу дүйнө бардыгына, сүйүүгө жолуккандан бери таптакыр өзгөрүлгөнүнө Уултууган да ишенип-ишенбейт. Экөө түндүн киришин күтөт, уурданып жолугушат, убакыт билинбей өтөт. Жашырынып, кымырылып-кымсынганы менен түнкү сыр элге билинет экен.

Бир жолу Сандибала келип Майданды чык деп, Уултууганды адам оозангыс уят сөздөр менен тилдеп-каргап, терезесин талкалап, эшигин тепкилесе да төшөктө кучакташып жаткан экөө былк этишпеди.

Козголуп алган сезимди токтотуш кыйын. Майдан менен Уултууган кучакташып жатчу кызык түндөрдүн биринде Сандибала дагы келип айнекти талкалап, эшиктин бырын-чырынын чыгарып жатканда ичтен Майдан атырылып чыгып бакырып жаткан аялын баса калып кызыл-жаян кылып токмоктоп салды. Ал шордуунун үнү үйүнө чейин басылбады.

Майдан аялын кызыл-жаян токмоктогонун, ошол түнү аны милиция алып кеткенин Уултууган эртеси укту. Бардык ишин жыйыштырып салып кыз райондун борборуна жетип барды. Милиция аны Майданга да жолуктурбай, өчөшкөнсүп баштыгы ал күнү ишине келбей, атайын барган жумушун бүтүрө албаган Уултууган кечки автобус менен үйүнө капалуу келди. Ал айылдагылардын шылдың-шыбырына көңүл бурбай, Майдандын келер күнүн сагынып күттү.

Байкуш Майдан абактан чыгар замат алыстыгына карабай район борборунан айылга жөө жүрө бериптир. Түн оогон чакта эшикти тыкылдатканынан чыга калса ырсайып тигиниси турат, аны кыз өзгөчө арзуу, алоо дем менен тосуп алды. Өөп- жыттап, оюна койсо кучагынан чыгарбай эле тургусу бар. Жүдөп-кирдеген бечараны казанга суу ысытып өз колу менен киринтти, тер менен кирге чыланган кийимин чечип салып атасыныкын кийгизди, ачкарын неменин курсагын тойгузду.

“Бар даамын дасторконго төгүп, экөө узак отуруп чай ичти. Таң атар менен Уултууган уюн саап, аны бошотуп ийди да, сырткы дарбазага ачкыч салып, өзү бала кезиндегидей ичкериге оозгу уйдүн терезесинен сойлоп кирди.

-Антпесек, тынч коюшпайт, - деди.

Ушинтти да кайра жатууга камынды. Экөө күн узакта көпкө дейре аяк серпер алы жок уктады. Түш ченде ат туягы дүбүрттөп, бирөө жакын келгендей болду. Сагынбай экен.

-Апа, мынабул Уултууган кайда кеткен? – деп кулпу салынып турган эшикти көрсөтүп коңшу кемпирден сурады.

-Таң-ң. Дарбазасы эртеден бери эле кулпуланып турат го.

Уултууган да, Майдан да бул жоопко кыткылыктап күлүп алды. Өздөрүнүн ушундай ойлоп тапканына маашырлана ыраазы болду. Бири-бирин кучактай, дагы көшүлүп уйкуга кетти. Азыр бул экөөнө сырт дүйнө, оокат-тиричилик такыр керек эместей. Бул иштеринин аягы эмне болот, кандай бүтөт – экөө тең ойлонгон жок. Ойлонууга да чололору келбейт эле. Бири-бирине сагыныч бар, кусалык бар, ылым саноо бар, бири-бирине тойбой кароо бар, бири-бирине эркелөө бар, бири-бирин аёо бар, башка нерселер булар үчүн жок эле”.

Күндүз ашыктык лаззатына батып, түнкүсүн талаага чыгып экөө башка дүйнөдө жүрө беришти. Анан ар бир башталган иштин аягы болот тура. Бир күнү Уултууган дүкөнгө барып келейин деп барып ал жерден бош бөтөлкө өткөрүп момпосуй сатып алган Майдандын уулун көрдү, Майдандын үйүнө барып Сандибаланын ооруп жатканын, каргадай кара кызы кир жууп, үй түйшүгүнө басылганына ичи ачышты, өзүн күнөөлүү сезди. Айтса-айтпаса буга Уултуугандын да тиешеси бар го. Анан үйүнө келип эле Майданды сыртка чыгарда, “мен десең үйүңө бар, мен эч кайда кетпеймин го, тек бүгүн үйүңө барчы” деп сабылып отуруп ыргылжың болгон бечараны босогодон узатып кала берди.

“Ошол күндүн эртеси Майдан Уултуугандын үйүнө келбестен мурда жол боюндагы кеңсеге кире калган. Элде уу-дуу кеп. Уултууган таң эрте бул айылдан көчүп кетиптир, кайда кеткенин бир жанга айтпаптыр. Майдан ишенип-ишенбешин билбей, алып учуп Уултуугандын үйүнө келди, келип эле чакчелекейи чыккан ээсиз журтту көрүп эси эңгиреп калды. Алы куруп, колу-буту бошошуп, үч бүктөлгөн бойдон босогого чөгөлөдү. Уултууганынан айрылып калганын билди. Миң сан ойдун түйүнүн чубай албады. Дүйнө көзүнө ушунчалык тар көрүндү. “Капырай, Уултуугандын мунусу неси, эмнеге мындай кылды?” – деп кейип турду”.

Анын түшүнүшү да кыйын эле. Уултууган эстүүлүк кылды. Майдандын үйүн, күнөөсүз наристелерди көрүп жөн тура албады, арзып тапканы ажаан аялдын ачуу тилине уугарын билсе да балдар үчүн баарына айласыз чыдашы керектигин ойлоп, турмуштук бактысын башка жактан издөөнү туура көрдү окшойт.

Аңгемени кыргызчага Абдыкерим Муратов которгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG