Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Казакстан-Орусия бир калканга коргонот


Орто аралыктагы буталарды жок кылуучу зениттик-ракеталык С-300 системасы согуштук даярдык абалында. Орусиянын Астрахан облусу, Ашулук полигону. 2008
Орто аралыктагы буталарды жок кылуучу зениттик-ракеталык С-300 системасы согуштук даярдык абалында. Орусиянын Астрахан облусу, Ашулук полигону. 2008

КМШнын Абадан кол салуулардан коргонууну координациялоо комитетинин Чолпон-Атада 12-июлда аяктаган кеңешмеси кезде көңүл бурчу бир билдирүү жасалды.

2013-жылы Орусия жана Казакстан регионалдык абадан кол салуудан коргонуу же ПВОнун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө келишимге кол коюшат. Орусия-Беларус ортосундагы мындай аскердик система жыл аягында иштей баштайт.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, кыскача КМШ өлкөлөрүнүн Аба чабуулдарынан коргонуу боюнча биргелешкен системасы бар шартта Орусия жана Казакстанга абадан кол салуудан коргонуунун же ПВОнун эки өлкө аралык бирдиктүү системасы эмне үчүн керек деген мыйзамдуу суроо туулат. Бул суроого азырынча не Москва, не Астана түшүндүрмө бере элек.

Казакстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Валерий Сапсай “Азаттыкка” курган маегинде “ПВОнун биргелешкен системасы” жана “ПВОнун бирдиктүү системасы” деген эки түшүнүктү бөлүп кароо зарыл экенине токтолду:

Мобилдүү "Ярс" ракета комплекси. Орусиянын Иваново облусундагы Тейково аскердик бөлүгү. 2011
Мобилдүү "Ярс" ракета комплекси. Орусиянын Иваново облусундагы Тейково аскердик бөлүгү. 2011
- 1990-жылдары түзүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен ПВО системасынын алкагында түрдүү машыгуулар өтүп, аскерлер зарыл аскерий тетикти жана жабдыктарды өз ара алмашып турушкан. Ал келишим ПВОнун улуттук системалары арасында маалымат алмашууга ылайыкташкан. ПВОнун Казакстан-Орусия аралык бирдиктүү системасынын жалпы бир командалык борбору болуп, ким эмнеге жооптуу экени, Миг-25 сыяктуу истребителдердин милдеттери ж. б. у. с. иштер аныкталууга тийиш.

Эскерте кетели: КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен ПВО системасы 1995-жылы 11-февралда түзүлгөн. Ага Орусия менен Казакстандан башка да Армения, Беларус, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мүчө.

Таза аскердик уюмдун ишине Түркмөнстан эки жылдан кийин эле катышпай калса да, андан расмий түрдө чыгып кете элек.

Өзбекстан жакында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгарын жарыялаган. Бирок КМШ ортолук ПВО системасынан чыгуу ниети жок экенин өзбек тарап 11-июлда билдирди.

Казак жоокерлери "Талаа бүркүтү-2010" деп аталган машыгуу башталар алдындагы салтанатта. Алматынын четиндеги Или районунда. 2010
Казак жоокерлери "Талаа бүркүтү-2010" деп аталган машыгуу башталар алдындагы салтанатта. Алматынын четиндеги Или районунда. 2010
Албетте Казакстан-Орусия абадан кол салуулардан коргонуунун бирдиктүү регионалдык системасын түзүүгө катар аларда окшош, типтүү куралдардын болушун да шарттайт.

Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы, полковник Нуржан Мукановдун сөзүнө караганда, келерки 2013-жылы орустардан С-300(ЗРС С-300) зениттик-ракеталык системасын сатып алуу маселеси чечилиш керек. Азыр ал боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Аскерий эксперт Амирбек Тогузаков эки өлкө аралык бирдиктүү коргонуу системасын түзүүнү оң кадам деп баалады:

- Менимче, бул келишим оң жылыш. Себеби Казакстанда бутага таамай тийчү ракеталары жана учактарды таап, жок кылчу ракета системасы жок. Бизде аба чабуулдарынан коргоочу С-300 системабыз бар. Орусияда болсо андан мыкты С-400 системасы бар.

С-300 системасынын ракеталары орто аралыктагы 50 чакырымдан 90 чакырымга чейин алыстагы бутаны жок кыла алат. Ошентип 2013-жылы сөз болуп жаткан келишимге кол коюлгандан кийин Казакстан өз аба мейкиндигин Орусия менен чогуу күзөтүлчү болот.

XS
SM
MD
LG