Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ташкендин эки ачакей оюну


"Тынчтык миссиясы - 2012" аскерий машыгуусуна катышып жаткан Тажик армиясынын танктары. 10-июнь, 2012
"Тынчтык миссиясы - 2012" аскерий машыгуусуна катышып жаткан Тажик армиясынын танктары. 10-июнь, 2012

Шанхай кызматташуу уюмунун 14-июнда Тажикстанда аяктаган аскердик машыгуусуна Өзбекстан катышкан жок.

Ташкен Тажикстандын Согди облусундагы машыгууга барчу казак аскерлерин каруу-жарагы менен чогуу өз аймагынан өткөрбөй койгону да кабарланды. Анын жүйөөсүн Ташкен расмий түрдө түшүндүргөн да жок. Өзбекстандын мындай позициясын кандай түшүндүрүү мүмкүн?

Менин оюмча, өзбек аскерлердин Согдидедги машыгууга катышкысы келбегени-Өзбекстан менен Тажикстан арасындагы талаштарга барып такалат.



Тажикстандын Согди облусунда өткөн машыгуу “Тынчтык миссиясы - 2012” деп аталды. Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр мындай аскердик машыгууну он жылдан бери ар эки жылда үзбөй өткөрүп келет.

Аскерлер бу жолку машыгууда расмий маалымдалгандай, мыйзамсыз куралчан топ басып алган кыштакты бошотуп, террорчулардын базасын абадан сокку уруп жана жерден аткылап таш талкан кылышты.

Машыгууга Шанхай кызматташуу уюмунун Өзбекстандан башка бардык мүчөлөрү: Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия катышты.

Өзбек аскерлери Борбор Азияда АКШ жетектеген машыгуу маалында
Өзбек аскерлери Борбор Азияда АКШ жетектеген машыгуу маалында
Серепчилердин баамында, Ташкен Согди облусуна аскерин жөнөтпөй жана казакстандык аскерлерди өз территориясы аркылуу өткөргөнгө уруксат бербесин чукул айтып, Шанхай кызматташуу уюмунда аскерий биримдик жок экенин даана көрсөттү.

Шанхай кызматташуу уюмунун терроризмге каршы күрөшүү боюнча регионалдык кеңсеси Ташкенде жайгашкандыктан, “Өзбекстандын мындай саясатынын негизги себеби эмнеде?” деген мыйзамый суроо туулат.

Алматылык талдоочу Жасарал Куанышалин Ташкендин жол тосуусун эки өлкөнүн президенттеринин бири-бирине атаандашуусу жана эки лидердин өз ара осол мамилесиден көрөт. Ошон үчүн айрыкча тараптар эби келгенде бирин-бири буттан чалып, байкап турат.

Ташкен өзү “Тынчтык миссиясы - 2012” машыгуусуна катышпоо жүйөөсүн расмий түрдө түшүндүргөн жок.

Москвалык журналист Виктория Панфилова маневрга өзбек аскерлеринин катышпаганы - Өзбекстан менен Тажикстан ортосундагы талаштуу маселелерге, айрыкча Рогун ГЭСинин курулушуна Ташкендин каршы чыгып жатканына байланыштуу деп боолгойт:

- Менин оюмча, өзбек аскерлердин Согдидедги машыгууга катышкысы келбегени - Өзбекстан менен Тажикстан арасындагы талаштарга барып такалат. Эки ортодогу эң курч маселе - Рогун ГЭСинин курулушу. Өзбекстан анысы менен ГЭСтин курулушу Ташкендин кызыкчылыгына ылайыксыз экенин көрсөтүүдө.

Ташкен совет доорунда долбоорлонгон ГЭС катуу жер титирөөлөргө туруштук бербейт, Аму дарыянын алабында суунун тартыштыгына алап барат деп санайт. Мындан башка эки өлкөнүн алакасына Ташкен биринчи киргизген паспорттук режим жана Өзбекстандын чек ара тилкесин миналап салганы да салым кошууда.

Анткен менен дүйшөмбүлүк серепчи Худойберди Холикназаровдун айтышынча, Шанхай уюмунун мүчөлөрү азыр террорчулукка каршы күрөштү күчөтүүдө же ага астейдил көңүл бурууда:

- Анткени НАТОнун жана АКШнын аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кетет. Албетте түрдүү террордук жана экстремисттик топтордун аракети күчөйт. Ошон үчүн бул маселени көңүл чордонунда кармоо керек.

Шанхай кызматташуу уюмунун алкагындагы аскерий машыгуулар 2003-жылдан бери ар эки жылда бир өткөрүлүп келгени менен алиге пост-советтик мейкиндиктеги бир дагы жаңжалды басууга уюмдун аскерлери тартылган эмес.

Ушундан улам америкалык серепчи Рожер МакДермот региондогу коопсуздуктун эки маанилүү кемчилигине көңүл бурат. Атап айтканда, экс-советтик Борбор Азиянын Москвадан эгемен болгонуна жыйырма жыл болгонуна карабай, чөлкөмдө коопсуздуктун архитектурасы курула элек жана регионалдык коопсуздук “виртуалдык деңгээлде” гана бар.

XS
SM
MD
LG