Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:08

Токаев Бээжинде юандын зоболосун көтөрдү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиң документтерге кол коюу учурунда. Бээжин. 11-сентябрь, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайдагы мамлекеттик сапары аяктады. Ал Бээжиндеги ишкерлер форумунун ачылышында Кытайга Казакстандан айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтүүнү жана юандын дүйнөлүк ролун көтөрүүнү сунуш кылды.

Юанды дүйнөлүк валютага айландыруу дымагы

11-12-сентябрда Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бээжинде мамлекеттик жетекчилер жана ишкерлер менен жолугушту. Ал Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин салам-дубайын Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиңге жеткирди. Ошол эле учурда Кытай тарап да Токаевге жылуу сөздөрүн арнады.

«Сиз Казакстандын президенттигине жогорку көрсөткүч менен шайланып келдиңиз. Бул сиз өз элиңиздин чоң колдоосуна ээ экениңизди көрсөтүп турат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Казакстанда өтө жакшы өзгөрүүлөр, коомдо жана экономикада чоң жетишкендиктер болоруна мен ишенем», - деди Кытайдын Коммунисттик партиясынын бюро мүчөсү Ян Цзечин.

Казакстандык делегация. Бээжин. 11-сентябрь, 2019-жыл.
Казакстандык делегация. Бээжин. 11-сентябрь, 2019-жыл.

Президент Токаев Казакстан-Кытай ишкер кеңешинин алтынчы отурумунун ачылышында сүйлөп жатып, Кытай Казакстандын стратегиялык өнөктөшү болуп калганын айтты:

«Бул сапарым Казакстан үчүн өтө маанилүү. Кытай дүйнөдө экономикасы боюнча экинчи орунда турган улуу держава экенин эске алсак. Эң башкысы - бизге коңшу жана дос мамлекет».

Касым-Жомарт Токаев Казакстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүнү да сунуш кылды. Азырынча бул сунушка Бээжин кандай жооп бергени тууралуу маалымат жок.

Бээжиндеги кытай-казак ишкерлеринин форумунун ачылышында Казакстандын президенти ошондой эле Кытайдын улуттук валютасы юандын дүйнөлүк ролун көтөрүүнү сунуш кылды. Токаев бул үчүн «Астана» эл аралык финансы борборунда Кытай валютасындагы инвестиция үчүн «механизм» куруу максатын билдирди.

«“RMB Connect” инвестицияны юань менен берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы экосистема жалпы дүйнө жүзүндө кытай юанын таратууга жакшы салым кошо алат. Мындан тышкары Казакстандын жана жалпы эле аймактын ишканалары үчүн юань менен иштөөдө жаңы эсеп-клирингдик борбор болуп берет алат», - деп билдирди Токаев Бээжинде.

Казак президентинин администрациясы маалымдагандай, 11-сентябрь күнү Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпиңдин жолугушууларынын жыйынтыгында тараптар 10 документке кол коюшту. Алардын ичинде мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү, Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Инспекция, карантин жана ветеринардык-санитардык талаптар боюнча башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы келишим бар. Мындан тышкары келишимдердин арасында кытай өкмөтү казак тарапка «суперкомпьютер берүү долбоору» боюнча кызматташуу жөнүндө да документ бар.

«Антикытай» акциялары жана Шиңжаңдагы казактардын укуктары

Токаевдин сапары Казакстанда «кытай долбоорлоруна» каршы акциялар күчөгөн учурга туш келди. Өткөн аптадан тартып өлкөнүн бир катар шаарларында «Кытай экспансиясына» каршы нааразылыкка чыккандар бийликти Кытайдын заводдорун жабууга жана президент Токаевден Бээжинге баруудан баш тартууга чакырышкан.

Казак өкмөтү кытай инвестициясы экономиканы өнүктүрүш үчүн маанилүү экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлор алкагында эле жогорку технологиялык ишканалар курулуп, казакстандыктарга жаңы жумуш орундары ачыларын маалымдаган. «Кытай экспансиясына» каршы акцияларды бийлик өлкөдө туруксуздук болушун көксөгөн чагымчылдар уюштуруп жатат деп билдирип, бирок алар ким экенин ачыкка чыгарган эмес.

Токаевдин Бээжиндеги сапары тууралуу таратылган расмий маалыматта Кытайдын түштүк-батышындагы Шиңжаң аймагында турган казактар маселеси жөнүндө кеп-сөз болгон жок. Активисттер расмий Нур-Султандын «Шиңжаң казактарынын маселеси - Кытайдын ички иши» деген пикирин эске алып, Токаев бул тууралуу ооз ачпасын айтышкан.

Шиңжаңдагы казактарга жасалып жаткан кысым жана алардын «тарбиялоочу лагерлерге» мажбурлап жайгаштырылып жатышы тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы жазында айтыла баштаган. Казакстандагы кээ бир уюмдар казак бийлигинен жана эл аралык уюмдардан Шиңжаңдагы казактарды куткарууну өтүнүп, жардам сураган.

Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.
Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.

Былтыр БУУ Шиңжаңдагы миллиондогон уйгурлардын жана башка аз улуттардын өкүлдөрү «экстремизмге каршы күрөш борборлорунда» кармалып турушканын, миллионго жакын адам «кайра тарбиялоочу лагерлерге» жайгаштырылып жатканын маалымдаган. Кытай башында лагерлер тууралуу маалыматтарды төгүндөп, бирок кийинчерээк бул лагерлер экстремизмге жана терроризмге каршы «кесипкөйлүккө үйрөтүүчү борборлор» экенин билдирген.

Быйыл март айында Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов жыл башынан бери Кытайда казак жана кытай паспортторун алып жүргөн 33 адам кармалганын билдирген. Алардын ичинен 20сы Казакстанга кайтып келген. Атамкулов дипломаттардын жардамы менен Кытайда кармалган казактардын саны 80 пайызга азайганын белгилеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG