Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду


Нур-Султан калаасын дезинфекциялап жүргөн кызматкерлер. 24-март, 2020-жыл.
Нур-Султан калаасын дезинфекциялап жүргөн кызматкерлер. 24-март, 2020-жыл.

Казакстанда коронавирустан бир аял каза болгонун 26-мартта кечинде маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

Учурда коңшу мамлекетте төрт адамдын абалы оор. Илдетти жугузуп алгандардын саны жүздөн ашты.

Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында 28-марттан тартып карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына үйлөрүнөн азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелет. Үч кишиден ашуун жолугууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG