Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Казак тили - Назарбаевдин саясий куралы


Ислам Каримов, Хосни Мубарак, Нурсултан Назарбаев
Ислам Каримов, Хосни Мубарак, Нурсултан Назарбаев

9-февралда Казакстандын президенттигине талапкер Мусагалы Дуамбеков тил комиссиясынын сынагын өттү. Анын саясый сүрөөнчүсү - президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалдынын уулу. Бир күн мурда оппозициячыл талапкер Уалихан Кайсар “казак тилин канааттандырарлык билбейт” деп, БШК аны сынактан кулаткан.

Анын негизинде БШК Уалихан Кайсарды президенттикке талапкерге коюлган талапка ылайыксыз деп тапты. Экс-парламентарий өзү комиссиянын бүтүмүн “саясий буйрутма” деп атады.

Шайлоо Назарбаевге каршы күрөшүү эмес...

Мусагалы Дуамбеков казак тили боюнча президенттикке талапкерлердин билим деңгээлин текшерген Лингвистикалык комиссиянын сынагынан чыккандан кийин 9-февралда “Азаттыкка” интервью курду.

Дуамбековдун айтышынча, анын шайлоого катышуу максаты бийликтен түшпөс Нурсултан Назарбаевге каршы күрөшүү эмес, саясий өнөктүктү пайдаланып, айлана чөйрөнү коргоонун
Мусагали Дуамбеков, 9-февраль 2011
зарылдыгына элдин көңүлүн буруу.

Маселе ал кишиге каршы күрөшүү эмес, шайлоого катышуу,-деди Дуамбеков.- Экологиябыздын абалы оор экенин мен башынан эле айтып жүрөм. Ошондуктан шайлоону минбар(трибуна) катары пайдаланып, айлана-чөйрөнүн булганч абалына калктын көңүлүн буруу”.

Мусагалы Дуамбеков “Жашыл аалам үчүн” экологиялык кыймылынын төрагасы. Уюм 2004-жылы уюшулгандан көп өтпөй президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Сатыбалдынын уулу Кайрат баштаган “Ак ордо” коомдук козголушуна кошулган.

Талапкер интервьюда 20 жыл бийликте отурган Нурсултан Назарбаевдин саясатын колдой турганын белгилей да кетти.

Постсоветтик аймак үчүн чоң шайлоого катышкан адамдардын өлкө лидерин колдоосу жапайы көрүнүш эмес. 2000-жылы Өзбекстан элдик демократтык партиясынын ана башы, Улуттук Илимдер Академиясынын Философия жана укук институтунун директору Абдулхафиз Жалалов шайлоодо президент Каримов үчүн добуш бердим деп жар салган.

Оппозициячыл саясатчы нааразы

Лингвистикалык комиссия 8-февралда оппозициячыл саясатчы Уалихан Кайсарды казак тилин президентке талапкерге ылайык деңгээлде билбейт деп таап, сынактан өткөргөн жок.

Бир сааттык сынактын
Уалихан Кайсар, 10-февраль 2011
жыйынтыгын чыгаруу үчүн комиссияга эки саат убакыт керек болду. Мектепти, өз өмүр баянында жазганга караганда, алтын медаль менен бүтүп, өлкөдө жана чет мамлекетте жогорку билим алган Уалихан Кайсар комиссия президенттин кеңсесинин тапшырмасын аткарды деген пикирде:
“Лингвистикалык комиссия менин билимимди объективдүү баалабай, Ак ордо берген тапшырманы аткарды”.

Уалихан Кайсар өлкөдө белгилүү адам: парламенттин мурдагы мүчөсү. Бетке чабар, сөзгө чечен саясатчыны БШК 2005-жылкы президенттик шайлоодо да ар кандай жүйөлөрдү бетке тутуп, өнөктүктөн четтетип койгон.

"Тилге ийкем" сенатор

Лингвистикалык комиссиянын талаптары сынактан ийгиликтүү өткөн Мусагалы Дуамбековдун да купулуна толбоду. Ал тилди билүү боюнча шарттарды түшүнбөгөнүн айтып, сынакта суралчу темалар мурдатан жарыяланбаганына нааразы.

"Ар намыс" партиясынын ана башы Ф. Кулов. 23-март 2009
Сынак тилди билүү деңгээли эмес, тарыхты билүү боюнча болду. Ушул жактан алганда Лингвистикалык комиссиянын эне тилиңди кандай билгениңди текшерүү боюнча шарттары да түшүнүксүз. Кандай темалар сураларын да мурдатан билген жокпуз. Мамлекеттик кызматка орношуу үчүн тест берилет, андагы тарых, эл аралык саясат боюнча 50 же 100 суроону алдын ала билесиз. Албетте тилдин деңгээлин текшерүү боюнча Лингвистикалык комиссиянын шарты туура эмес деп ойлойм”-
деди назарбаевчил талапкер Дуамбеков.

Баса, Кыргызстанда талапкердин эне тили боюнча билим деңгээли алгач 2000-жылкы президент шайлоо алдында Аскар Акаевге оңтойсуз атаандаштарды электен өткөрбөө үчүн колдонулган. Ошондо “Ар-намыс” партиясынын азыркы лидери Феликс Кулов сынакка катышпай койгон.

Алматылык көз карандысыз серепчи Айдас Сарымов Лингвистикалык комиссия өкмөттүн буйругуна ылайык иштейт деген көз карашта:

“Мен комиссия мүчөлөрүнүн тилди жакшы билгенинен эч кандай күмөнүм жок. Бирок бул комиссия ушу тапта бийлик ылайык көрбөгөн азаматтарды шайлоого өткөрбөө үчүн пайдаланып жатат сыяктуу. Мен билгенден, 1998-жылы Уалихан Кайсардан казак тилин алда канча начар билген Гани Касымов комиссиядан өтүп, президенттик жарышка түшкөн”.

Ал кезде Казакстандын бажы кызматын жетектеген Гани Касымов азыр сенатор. Өкмөтчүл “Мекенчилдер” партиясынын төрагасы. Гани Касымовду парламенттин жогорку палатасы - Сентка журт атасы Нурсултан Назарбаев өзү дайындаган.

XS
SM
MD
LG