Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:36

Казакстан Интернетти катуу муунтту


Интернет эркиндигин талап кылып пикетке чыккан жарандык активист Анна Шукеева. Нур-Султан, 26-июль, 2019-жыл.

"Freedom House" акыркы жылдагы Интернет эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Уюм постсоветтик өлкөлөрдүн айрымдарына Интернети эркин деп баа берсе, айрымдары таптакыр артка кетти деп белгиледи. Кыргызстан дагы деле “жарым-жартылай эркин” деген катарда кала берди.

«Интернет, социалдык сайттар, пикир алмашуучу платформалар такай блоктолот», «саясий, социалдык жана диний мазмун чектелет», «блогерлер, укук коргоочулар, интернет колдонуучулар же бийликти сындап койгондор куугунтукталып, жоопко тартылат». Бул эл аралык "Freedom House" ("Фридом Хаус") уюмунун коңшу Казакстанга берген баасы.

Казакстан быйыл да “Интернети эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында кала берди. Атүгүл Судан, Бангладеш, Зимбабве менен кошо акыркы жылда кескин артка кетти деп белгиленди.

Уюм дүйнөлүк желени колдонуудагы эркиндиктин көрсөткүчүн 0-100 упай менен өлчөгөн. 70тен жогору упай алгандар эркин, 39дан төмөнкүлөр эркин эмес деп таанылат. Казакстан өткөн жылдагыга караганда алты баскыч ылдыйлап, 32 упай алган.

Негизги фактылар катары президенттик шайлоо учурунда Интернетке кирүү чектелип, жергиликтүү жана эл аралык маалымат сайттары блоктолгону, активисттердин үнү угулбасы үчүн социалдык сайттарга бөгөт коюлганы белгиленет. Өлкөдөгү белгилүү укук коргоочу Евгений Жовтис "Фридом Хаустун" баасына толук макул:

- Интернет азыр катаал көзөмөлдө. Адамдар өз пикирин билдиргени, кандайдыр бир лайк койгону же кайсы бир маалыматты бөлүшкөнү үчүн жоопко тартылып атышат. Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндигинин жагдайы бизде жыл сайын начарлоодо. Интернетти бууп коюш үчүн бийликте эбегейсиз ресурс бар".

«Республика» кыймылынын мүчөсү Бэлла Орынбетова укук коргоочунун пикирине окшош оюн айтты. Ал өздөрү башынан өткөрүп жаткан жагдайга токтолду:

- Бийлик “Казакстанда баары жакшы” деген картинаны тараткысы келет. Чыныгы турмушта жакшы жашоо кура албады, бирок интернетте ошондой таасир таратып атат. Өлкөдө жасалма саясат жүргүзгөн жасалма аккаунттар бар. “Республика” кыймылы түзгөн чаттарда бийликтин, “органдын” адамдары бар экенин "Getcontact" тиркемеси аркылуу билип алдык. Бийлик процесске байкоо гана салбастан башкарып, эркиндикти чектегиси келип атат.

Постсоветтик өлкөлөрдөн Азербайжан, Орусия, Беларус жана Өзбекстан, коңшулардан Кытай да Казакстан менен бир топто.

Жалаң “Интернет эркин эмес” делген өлкөлөргө курчалып турган Кыргызстанда жагдай бир караганда дурустай көрүнөт. Бирок өткөн жылдагыдан бир баскыч артка кетип, быйыл да “Интернет жарым жартылай эркин” деген катарда кала берди.

Интернеттеги эркиндик: Сыя түс "эркин эмес", сары "жарым жартылай эркин", жашыл "толук эркин" өлкөлөр.
Интернеттеги эркиндик: Сыя түс "эркин эмес", сары "жарым жартылай эркин", жашыл "толук эркин" өлкөлөр.

Балтика өлкөлөрүн кошпогондо Интернет Армения менен Грузияда гана эркин деп табылды. Өткөн жылы элдик толкундоолордун шарданы менен бийлиги алмашылган Армения бул ирет үч баскыч алдыга кетип, Францияга теңелген.

5-ноябрда жарыяланган баяндама 65 өлкөнү камтыйт. Бул өлкөлөрдө дүйнөдөгү Интернет колдонуучуларынын 87% жашайт деп эсептелет. Уюм 2018-жылдын июнунан тарта 2019-жылдын май айына чейин байкоо салган.

Байкоо салынган 40 өлкөнүн өкмөтү социалдык түйүндөргө көз салып, талдоо үчүн атайын программаларды колдонот экен. Түрдүү өлкөлөрдүн бийлиги «өз жарандарын көзөмөлдөп, тандоосуна таасир этүү үчүн технологияны санарип авторитаризимдин пайдасына көбүрөөк колдонууда» деп белгилешти. Байкоо салынган өлкөлөрдө акыркы тогуз жылда Интернеттеги абал начарлоонун үстүндө болгону кошумчаланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG