Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Интернеттин дөө-шаалары «Казнетке» каршы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Apple», «Google» жана «Mozilla» өңдүү ири интернет компаниялары Казакстандагы «коопсуздук сертификаты» деген ат менен таанымал «Qaznet Trust Network» программасына бөгөт коюшту.

Аталган компаниялар муну өз колдонуучуларын коргоо аракети катары түшүндүрүштү.

Казак бийлиги «бул компьютердик тиркеме ириде Интернет мейкиндигиндеги коопсуздукту камсыз кылат жана киберкоркунучтарга каршы курал болот» деп ишендирүүгө аракет кылууда. Айрым IT адистер менен жарандык активисттер болсо бийликти «Интернетти толук көзөмөлдөгүсү келет» деп айыптап жатышат.

21-августта «Apple», «Google» жана «Mozilla» аттуу ири интернет-компаниялар Казакстандагы талаштуу компьютердик программага байланыштуу билдирүү таратышты. Анда өз колдонуучуларын колдоп-коргоо максатында бул тиркемеге каршы «атайын техникалык чаралар» көрүлүп жатканы айтылган. Ага ылайык, Интернеттин дөө-шааларына таандык «Chrome», «Firefox» жана «Safari» браузерлери «Qaznet» программасына бөгөт коё алат.

«Mozilla» компаниясынын коопсуздук бөлүмүнүн өкүлү Маршалл Эрвин колдонуучуларды коргоо компаниянын башкы максаттарынын бири экенин белгиледи:

«Дүйнөдөгү бардык колдонуучулар «Firefox» тиркемесине ишенет. Анткени биз Интернетте навигация маалында алар тууралуу маалыматты бекем сактайбыз. Айрыкча онлайн-коопсуздукка чабуул коюлуп, коркунуч жаралган учур тууралуу сөз болуп жатат. Биз мындай иштерге баргыбыз деле келген эмес, бирок колдонуучуларды коргоо жана Интернеттин бүтүндүгү - «Firefox» үчүн негизги принциптердин бири».

Казакстанда өткөн айдын башынан тартып байланыш операторлору өз кардарларынан Интернетке туташуу үчүн «Qaznet» программасын орнотууну талап кыла баштаган. Тиркемени уюк телефонуна же компьютерине орнотууну каалабагандар Интернетке кирүүдө тоскооолдуктар жаралганын айтып чыгышкан.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ушул айдын башында «коопсуздук сертификаты» деген ат менен таанымал «Qaznet Trust Network» программасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн сүйүнчүлөгөн. Ага улай эле президент Касым-Жомарт Токаев бул тиркеме Казакстандагы Интернет мейкиндигин коргоого багытталган «Кибер калкан» деген программанын алкагында даярдалганын, сыноодон өткөрүү тууралуу өзү тапшырма бергенин билдирген жана чекисттерге ыраазычылыгын да айткан.

Бирок Казакстанда «коопсуздук сертификатына» байланыштуу талаш-тартыш, нааразылык токтой элек.

Казак бийлиги сын-пикирлерден улам талаштуу программаны ишке киргизүүнү убактылуу токтоткон. Бирок «өлкөнүн маалымат мейкиндигине сырттан кийлигишүү болсо» кайра ишке киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен.

Санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмос өнөр жай министри Аскар Жумагалиев дайыма «Qaznet Trust Network» тиркемесин жактап келет. Ал тургай ал өзүнүн смартфонуна орнотуп алганын да журналисттерге көрсөткөн. Жетекчи бул тиркеме колдонуучуларды кибер коркунучтан, сайттарды чабуулдан, ал эми балдарды жаман-жуман сайттардан сактайт деп ишендирүүгө аракет кылган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым IT адистер жана жарандык активисттер «казак бийлиги бул программа аркылуу Интернетти толук көзөмөлдөйт, колдонуучулардын сыр сөздөрүн жана браузерлер аркылуу жазган каттарынын мазмунун билип алат» деп айтып чыгышкан. Кибер чабуулдарды талдоо борборунун башчысы Арман Абдирасулов бийлик бул тиркемени даярдап, ишке киргизгенде коомчулуктун пикирин эске албаганын айткан.

Казак өкмөтү соңку бир канча жылдан бери кибер коркунучтарга каршы күрөш, алдын алуу иштерине деп көп акча жумшап келет. Былтыр күч органдарына чукул кырдаалдарда, анын ичинде «социалдык мүнөздөгү» өзгөчө абал жаралганда Интернетти жана байланыш каражаттарын чектегенге уруксат берилген.

Казакстанда соңку эки жылдан бери «YouTube», «Facebook» жана «Instagram» өңдүү белгилүү социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учурап, ачылбай калган учурлар маал-маалы менен катталган.

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Интернеттин эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтинге Казакстан 65 өлкөнүн ичинен 46-орунда турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG