Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:53

Өкмөт Интернеттин эсебин алгысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кирген-чыккан интернет-трафикти эсепке алуу жана көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалды.

Бир катар адистер муну «Интернетти ооздуктоонун амал-айласы» катары баалап жатышат. Экономика министрлиги болсо «документ салык чогултууну гана жөнгө салууга багытталганын» билдирүүдө.

Кыргызстанда буга чейин Интернетти көзөмөлдөө, чектөө боюнча демилгелер байма-бай көтөрүлүп келген.

Былтыр жыл аягында Коопсуздук кеңеши Кыргызстанга кирген-чыккан интернет-трафиктин эсебин алуу боюнча мамлекеттик Салык жана Бажы кызматтарына атайын тапшырма берген. Өкмөттүн буга байланыштуу токтомунун долбоорун Экономика министрлиги даярдады.

Документ тууралуу «Азаттыкка» экономика министринин орун басары Дастан Кадыров түшүндүрмө берди. Ага ылайык, токтомдун башкы максаты - салык чогултууну жакшыртуу.

Кадыров «кирген-чыккан Интернет трафигин УКМК көзөмөлдөйт» деген маалымат негизсиз экенин, мындай ыйгарым укук Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин карамагындагы «Транском» мамлекеттик мекемесине берилгенин айтты:

Дастан Кадыров.
Дастан Кадыров.

«Азыр ошондой чечим кабыл алып жатабыз. УКМКнын бул жакка эч кандай тиешеси жок. Токтом бир эле максат менен кабыл алынганы жатат: салык менен интернет-трафикти көзөмөлдөө. Учурда толук көзөмөлдөгөнгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар экен. Интернет-трафиктин канчасы кирип, канчасы чыгып жатканын, Кыргызстанда канчасы калып жатканын көрүшүбүз керек».

Дастан Кадыров мамлекеттин эсебинен ири суммага аппараттык-программалык комплекс сатылып алынарын кошумчалады. Ал адегенде жагдай тууралуу толук маалымат алынарын белгиледи жана токтом Интернеттин баасына таасир этер-этпеси азырынча белгисиз экенин мойнуна алды:

«Азыр заманбап технологиялар пайда болгондон кийин аларга жараша технологиялар менен көзөмөлдөшүбүз керек экен. Антпесе азыр уюк байланыш компаниялары, интернет-провайдерлер бир абоненттен миң сом акы алса, биз ошол миң сомго эле салык салып, ошол суммадан эле салык алып жатабыз. Биз азыр интернет-трафикти көзөмөлдөп, эмне болуп жатканын көрүшүбүз керек. Ошондо гана жыйынтык чыгат. Азыр бизде канча интернет-трафик кирип-чыгып жатканы тууралуу толук маалымат жок. Көзөмөлдөөчү аппараттар коюлушу керек. Интернет чектелбейт, анткени бул жерде андай максат жок. Мунун баары, аппаратты сатып алуу толук бюджеттен каржыланат. Бул мамлекеттик мекемелердин ички маалыматы, ошондуктан айтууга мүмкүн эмес. Бирок бул өтө чоң сумма».

Кирген-чыккан интернет-трафикти эсепке алуу маселеси тууралуу «Санариптик Кыргызстан» концепциясын аткаруу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде да сөз болду. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ишти тездетүүнү тапшырды:

«Жарым жыл мурда тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок бүгүнкү күнү бул багыттагы процессти тездетүү зарыл. Салык төлөмдөрү баштагыдай эле көмүскөдө калып жатат. Дагы бир ирет белгилей кетсем, интернет-трафикти эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акты болушу зарыл».

Кыргызстандагы интернет-провайдерлер, уюк байланыш компаниялары өкмөттүн токтомунун долбооруна байланыштуу азырынча үн ката элек.

IT адис Чоробек Сааданбектин пикиринде, салык чогултуунун Экономика министрлиги сунуш кылып жатканын ыкмасынан башка деле натыйжалуу жолдору бар болчу.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

«Булар кошумча жабдуу коюп, ошол аркылуу эсептейбиз деп жатышат да. Эгер чындап эел интернет-провайдерлердин сатып жаткан көлөмүнөн салык алууну максат кылышса, анда анын бөлөк деле экономикалык жолдору бар. Ошол эле интернет-провайдерлердин келишимдерин текшерүү, алардын хронометражын чогултуу сыяктуу жолдору бар да. Чын-чынына келгенде трафиктин баарын бир жерге алып келип, аны көзөмөлгө алуу, Орусияда болуп жаткан өз алдынча Интернетти киргизүү деген маселелердин баарынын түбү бир. Бул көрүнүп эле турат. Эгер Экономика министрлиги муну салык жагынан чече турган болсо, анда техникалык каражат киргизип, баарын бир жерге байлагандан бөлөк да толтура жолу бар болчу. Экономикалык жактан утуш бере турган эч нерсесин көргөн жокмун. Трафикти ченегенден, аны көзөмөлдөгөндөн биздин экономика кантип өсөт? Артка кетсе кетет, бирок алдыга жылбайт. Тескерисинче, экономикалык жактап алып караганда бул министрлик ага каршы чыгышы керек эле», - деди Чоробек Сааданбек.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Интернет мейкиндигин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдаган. Жогорку Кеңеште Интернетти мониторинг кылчу, көзөмөлдөй турган өзүнчө бир орган түзүү тууралуу демилге да көтөрүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG