Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Астана: Акцияга чыккан мунайчылардын көбү Жаңы-Өзөнгө кайтты


Астанада полиция нааразылык акциясын уюштуруп аткан мунайчыларды кармап кетүүдө.
Астанада полиция нааразылык акциясын уюштуруп аткан мунайчыларды кармап кетүүдө.

12-апрелге караган түнү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында тынч болгон жок. Миңдеген адам көчөгө чыгып, Астанада күч менен кармалган мекендештерин бошотууну талап кылышты. Ага чейин полиция баш калаадагы Энергетика министрлигин алдында митинг уюштурган мунайчыларды кармап кеткен эле. Алар туруктуу жумуш менен камсыз кылууну талап кылып Мангыстау облусунан Астанага келишкен болчу.

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык

12-апрелде Жаңы-Өзөн жана Актау шаарынын борбордук аянтына чогулган жарандар Астанада кармалган жердештерин бошотууну талап кылышты.

"Биздин азаматтарыбызды бошоткула!" - деген кыйкырыктар жаңырып турду Жаңы-Өзөндө.

Эртең менен полиция көчөгө чыккандарды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кайра кое берилгени кабарлады. Нааразылык акциялары башталгандан кийин аймакта интернет байланышы начарлап, электр жарыгы өчүрүлүп атканы айтылды.

Ошондой эле Мангыстау облусундагы бир катар мунай компанияларынын кызматкерлери иш таштап, Астанада кармалган жердештерине тилектештик билдиришти. Алар президент Касым-Жоомарт Токаевге видео кайрылуу жолдоп, эгер борбор калаада крамалгандар бошотулбаса, нааразылык улана бере турганын айтышкан.

"Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылар Астанага адилеттик издеп барган "Берали Мангистау Company" компаниясынын кызматкерлерин бошотууну талап кылабыз", - деген алардын бири.

12-апрелдин таңында Астанада кармалган 126 мунайчынын бошотулганы белгилүү болду. Алардын бешөө административдик жоопкерчиликке тартылган.

Казакстан баш прокурорунун орун басары Жандос Умиралиевдин шаршембиде билдиргени боюнча Астанадагы митингге чыккан мунайчылар тынч чогулуу тартибин бузганы үчүн айыпталышты.

Умиралиев нааразылык митингин "уруксат берилбеген акция" деп мүнөздөдү.

"Коомдук тартипти жана укук бузууларга жеткирбөө үчүн прокуратура жергиликтүү бийлик менен кошо бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Биз аларга маселени жергиликтүү бийлик менен макулдашылбаган митинг аркылуу эмес, сотко чейинки жөндөө же сот жолу менен гана чечүү мүмкүн экенин түшүндүрдүк. Натыйжада административдик укук бузуулардын алдын алуу үчүн алар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бөлүмдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин "БерАли Мангистау Company" ишканасынын айрым кызматкерлер кое берилди. Мен билгенден алар азыр Мангыстауну көздөй жолдо баратышат", - деди ал.

Удаа эле интернетте Астанада полиция кармап кеткен мунайчылардын кайрылуусу жарыяланды. Борбор калаанын темир жол бекетинде тартылган видеодо мунайчылар үйлөрүнө жөнөп атканын, маселенин жакшы жагына чечилишине үмүт кыларын айтышкан.

“Жаңы-Өзөн калаасынын мунайчылары адилеттик издеп Астанага келгенбиз. Биз аманбыз, ден соолугубуз жакшы, балдарыбыз түгөл. Айылыбызга аттанып атабыз. 10 киши сүйлөшүүгө калат. Бизди колдогон Мангыстаунун мунайчыларына ыраазычылык билдиребиз. Жакшы жагына чечилет деген үмүттөбүз”, - деген видеодо сүйлөп аткан адам.

Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн жөн гана мунайчылардын шаары эмес. Маал-маалы менен нааразылык акциясы өтүп, башынан эле Акордого оппозициялык маанай күч алган шаарга айланган. Анын жашоочулары аймакта мунай казылганы менен жашоо деңгээли жакшырбай жатканын айтып келишет.

2011-жылы Жаңы-Өзөндөгү мунайчылардын иш таштоосу күч менен басылып, кеминде 16 киши каза болгон. 2022-жылы кеминде 238 адамдын өмүрүн алган окуя да Жаңы-Өзөндө башталган.

Мунайчылар эмнеге нааразы?

10-апрелде "Берали Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери баш калаадагы Энергетика министрлигинин алдында бир суткадан ашык убакыт турушкан. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин билдиришкен.

11-апрелде аларды "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чакырып, мунаса таба алган эмес. Мунайчыларга эч ким чыгып жолукпай, алар сыртта түнөшкөн.

Мангыстаудан келген мунайчылар Астанадагы Энергетика министрлигинин алдында.
Мангыстаудан келген мунайчылар Астанадагы Энергетика министрлигинин алдында.

Маалыматка караганда, мунай тармагында кызмат көрсөткөн "Берали Мангистау Company" тендерди утпай калып, 200дөн ашуун киши ишсиз калган. "Өзөнмунайгаз" компаниясы жумушчуларга ушундай эле шарт менен "Кезби" компаниясында жумуш сунуш кылынганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мунайчылар ал жерде акча эселеп аз төлөнөрүн, келишимдер убактылуу гана экенин айтып, туруктуу жумуш менен камсыздоо талабын коюп чыгышкан. Алардын бири мындай деген:

"Карапайым калк эмгек акысын өз деңгээлинде албагандыктан, нааразы болгондуктан ушундай жерге келип эскертип атабыз".

Ал жерде жергиликтүү бийликке да сын айтылып, коррупционерлерди жоопко тартуу талабы да жаңырган.

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев мунайчылардын митинги боюнча мындай деген:

“Менин түшүнүгүмдө, бул мамлекеттик органдын ишине тоскоолдук жаратуу менен элдин көңүлүн буруу, ызы-чуу салуу аракети. Биздин кызматкерлер жумушка кире албай калышты. Бирок биз ачык диалогду жактайбыз”.

"КазМунайГаздын" басма сөз кызматы "БерАли Мангыстау" компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда компаниянын мурдагы кызматкерлеринин дооматтарын укуктук талаада чечүү үчүн атайын комиссия түзүү боюнча макулдашууга жетишилгендиги тууралуу маалымат таратты.

Астана: жаңы-өзөндүктөр мунайчыларды бошотууну талап кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG