Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Казакстандан көчүп кеткендер азая элек


Казакстанда эмгек миграциясына кетип жаткан жарандардын тобу.
Казакстанда эмгек миграциясына кетип жаткан жарандардын тобу.

Статистикалык маалыматтарга караганда, быйыл беш ай ичинде эле Казакстандан жети миңден ашык адам биротоло чет өлкөгө көчүп кеткен.

Совет мезгилинде Телманов айылында 150дөй адам жашаса, алардын көпчүлүгүн немистер түзчү. Түндүк Казакстан облусундагы бул айылда азыр болгону беш гана үй-бүлө калды. Үйлөрдүн көбү талкаланган, учурда 12 адам эч кандай инфраструктурасы жок айылда жашап жатат. Алар да көчүүнүн айласын издеп жаткан кези.

- Биринчи немистер Германияга көчүп кетишти. Андан соң орустар Орусияга, ал эми казак жарандары кайсы бир жактарга кетип калышты, - деди Агайша Казиева.

Москвадагы Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары жумуштан кийин.
Москвадагы Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары жумуштан кийин.

Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, ушул жылдын беш айында өлкөдөн 13 миңге чукул жаран жашап-иштөө максатында чет өлкөгө чыгып кеткен. Алардын 5300дөйү кайра келсе, жети жарым миңдейи башка мамлекеттерде калышкан. Казакстандыктар КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинен Орусияга миграцияга көп барып жатышат. Чек арага жакын аймактардан кеткендердин агымы көбүрөөк.

Түндүк Казакстан облусунун статистика департаментинин жетекчисинин орун басары Жанара Кизбикенова буларга токтолду:

- Биздин облустагы көпчүлүк тургундарыбыз Орусияга барып, ошол өлкөнүн жарандыгын алып жатышат. КМШ өлкөлөрүнө баргандардын 98% Орусияга кеткендер. Мисалы, ушул жылдын беш айында КМШ өлкөлөрүнө бизден 1100дөн ашык адам кетсе, 200дөн ашыгы гана кайтып келген. Алардын 80% Орусиядан кеткендер түзөт.

Казакстандын картасындагы Түндүк Казакстан облусу.
Казакстандын картасындагы Түндүк Казакстан облусу.

Наталья Плахтий жолдошу менен Орусиянын Омск шаарына көчүп барып жашаганга турак жай издеп жатат. Алар жашаган жерден Омск 400 чакырымдай аралыкта орун алган. Ал жакта жашоо шарт дурустугун айткан Наталья алгач жумуш таап, турак жай сатып алууну туура көрөт:

- Бул жакта баалар кымбат, жашоо кыйын, ошондуктан кетели деп жатабыз. Азыр экөөбүз ушунча кыйналып жатсак, балабыз төрөлүп, көбөйсөк, андан да кыйналсак керек.

Жогоруда айтылгандай, Казакстандан чыгып кеткендердин көпчүлүгү Орусиянын жарандыгына өтүп жатышат. Омск менен Екатеринбургдары жогорку окуу жайын аяктаган жаштар да орус жарандыгын алышууда. Ал жакта окуу акысы салыштырмалуу бир топ аз.

Ушул жылы эле 500 адам Германияга, дагы 600дөйү АКШга миграцияга кеткен.

Ошол эле учурда казак өкмөтү калк жыш жайгашкан Түштүк Казакстандан элди өлкөнүн түндүгүнө көчүрө баштады. Былтыркы жылы 3800 үй-бүлө жер которсо, быйыл дагы 4500ү көчүрүлөт. Көчүрүлүп келген ар бир жаранга жол киреси үчүн мамлекеттен 265 доллар берилет жана бекер батир менен камсыздалат. Бирок бул жагдай Казакстандагы демографиялык теңсиздик маселесин азырынча толук чече элек. Адистер 2050-жылы Түштүк Казакстанда калктын саны беш миллионго артып, өлкөнүн түндүгүнө салыштырмалуу төрт эсе көбөйөрүн айтышат. Казакстанда калктын жалпы саны 18,2 миллиондон ашты.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG