Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Киев-Брюссел: кызматташтыктын жаңы деңгээли


Украинанын президенти Владимир Зеленский (ортодо), Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Украинанын президенти Владимир Зеленский (ортодо), Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдиги Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтөрүн убада кылды. Бул тууралуу 12-октябрда Киевде украин лидерлери менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель өткөргөн саммит учурунда айтылды.

Анда бирдиктүү авиациялык мейкиндик боюнча макулдашууга кол коюлду. Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Евробиримдикке кирүү шарттарын аткарып жатканын айтып, бул боюнча көрсөтүлүп жаткан жардамга ыраазычылык билдирди.

Киевде Евробиримдик менен Украинанын 23-саммити өтүп, анда кызматташуунун негизги багыттары аныкталды. Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен Киевге колдоо толугу менен улантыларын кошумчалады.

"Украина анын эгемендигин жана анын аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызга толук ишенсе болот. Ошондой эле биз Минск макулдашуусунун аткарылышын толук колдоону улантабыз. Биз Украинанын жасап жаткан аракеттери үчүн ыраазычылык айтабыз. Бул маселеде сиздердин президент жана өкмөттүн позициясын толугу менен колдойбуз. Ошондой эле биз Орусияны чатактын бир тарабы катары жоопкерчиликти өзүнө алууга чакырабыз".

Ал Украинанын европалык интеграцияга кошулуу жараяны толук жана канааттандырарлык деңгээлде жүрүп жатканын айтты.

Саммитте эки тараптуу чектөөлөрдү алып салган "Бирдиктүү авиациялык мейкиндик" боюнча макулдашууга кол коюлду.

Президент Владимир Зеленский кийинки жолкусунда бажы жана визалык жеңилдиктер боюнча макулдашууларга жетишүү маселеси турганын кошумчалады:

"Азыр биз бажы тарифтерин жаңылоо жана эркин соода тилкесин тереңдетүү маселесин сүйлөшө баштадык. Украина үчүн абдан маанилүү виза боюнча макулдашууну даярдоодо да жылыш бар. Кийинки саммитте ошол макулдашууга кол коюуга умтулабыз",- деди Зеленский.

Чыңалуу курчуган кырдаалдагы жолугушуу

Бул жолугушуу Киев менен Москванын мамилеси жети жылдан бери чыңалуу абалында болуп, Украинанын Батышка карай ыктаган саясаты күчөп турган маалга туш келди. Бирок анын Евробиримдикке кирүү мөөнөтү азырынча аныктала элек. Еврокеңештин президенти Шарль Мишель европалык интеграциянын баалуулугун эске салды.

"Ар адамдын укугун жана ар-намысын коргоо, демократиялык коом менен укуктук мамлекет түзүү, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо - мына ушунун баары биздин мамиленин өзөгү. Мына ушул маселелер бизди жакындаштырып, европалык интеграция бир топ тездетет".

Евробиримдиктин жарым миллион евро жардамы

Украина Евробиримдикке кирүүгө талапкер эки өлкөнүн - Молдова менен Грузиянын алдында турат. Бирок бул үчүн Киев укуктук жана экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча бир топ шарттарды аткарышы кажет.

"Евробиримдикке биздин коррупцияга каршы күрөштөгү ийгиликтер тууралуу айткым келет. Соттук-укуктук реформа жүргүзүү боюнча даярдык бүтүп, жыйынтыкталып калды. Еврокомиссия 500 миллион евро өлчөмүндө макрофинансалык жардам бөлгөнү үчүн өзүнчө ыраазычылык айткым келет. Бул деген Украинада саясий, укуктук жана экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жылыш бар экенинин далили. Биздин мамлекетте экономикалык туруктуулук орноп жатканын көрсөтөт", - деди президент Зеленский.

Евробиримдиктин жетекчилиги Украина Европага жаратылыш газын берүүдөгү негизги транзиттик өлкө бойдон кала берерин убада кылды. Бирок Орусиянын жаратылыш газын Украина жана Европага жеткирүү соңку бир айдан бери негизги маселеге айланды. Анткени анын баасы рекорддук көрсөткүчкө чейин чыкты.

Киев баш болгон европалык өлкөлөр буга Орусиянын "Газпром" компаниясын айыпташты. Бул көз карандылыкты азайтуу үчн Норвегиядан газ тартуу же АКШдан суюлтулган газ алуу маселеси талкууланды.

Киев Орусия менен мамилеси курчуса, газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп тынчсызданат. Ошондуктан быйыл кышкысын мына ошондой тобокелдиктердин алдын алуу үчүн Евробиримдик менен биргеликте чара көрүү маселесин сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG