Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Кинону тескөө цензурабы же коопсуздукпу?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өлкө аймагында көрсөтүлө турган тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбоорун сунуштады.

Жарандык коом министрликтин бул кадамын "цензура" деп бааласа, айрым кино ишмерлери токтомдун ишке ашарынан күмөн саноодо.

"Чыгармачылыкты ооздуктоо - цензурага жол ачат"

Министрлик 2016-жылы кабыл алынган “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүү киргизүүнү көздөйт.

Документ 27-февралда коомдук талкууга коюлган. Анда Кыргызстандын аймагындагы фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда фильмдерди көрсөтүү үчүн алдын ала уруксат алууга милдеттендирүү каралган. Бул үчүн “Кыргызтасмасы” мекемеси редакциялык коллегия түзүп, бул топ аудиовизуалдык материалдарды карап чыгат.

“Ошону менен бирге, фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда көрсөтүлүүчү тасмалар бир жактуу коомдук пикирди пайда кыларын жана аларда көрсөтүлүүчү фильмдердин мазмуну дайыма эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатына ылайык келбей турганын белгилейбиз”, - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Кыймылдын кайрылуусунда, бул долбоор цензурага жатарын, мындай чечим кабыл алууга жол берилбей турганы Баш мыйзамда жазылганын белгилеген.

Укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова токтом долбоору кабыл алынса, сотко кайрылышарын билдирди:

Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

“Атамбаевдин мезгилинде эле кабыл алынган бир мыйзам бар экен. Анын кандайча өтүп кеткенин билбейбиз. Ал жерде ушундай цензураны киргизсек болот деген чатак берене бар экен. Эми бизде эки жол бар. Биринчиси - токтом долбоорун артка кайтарсын деп Маданият министрлигин административдик сотко беребиз. Экинчиси, жогоруда кеп болгон мыйзамдын чатак беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылабыз. Ошондуктан биз азыр жогорку мекемелерге таланттуу адамдарды, блогерлерди, журналисттерди тыйып жатканыңар - цензура жана кылмыш деп кайрылуу жибердик. Маданият министрлиги тескерисинче, фестивалдарды өткөрүүгө шарт түзүп бериши керек эле да”.

Былтыр ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө” кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө эч түшүндүрмөсүз тыюу салынган. Иш-чараны уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун директору Төлөкан Исмаилова өздөрүн "Кыргыз тасма" мамлекеттик мекемесинин өкүлү деп тааныштырган эки кызматкер уруксат бербей жатканын “Азаттыкка” билдирген. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.

Ар бир тасма уруксат күбөлүгүн алышы керек

Конституциянын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп жазылып турат.

Ал эми 63-берененин 1-бөлүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбей турганы жазылган.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо тууралуу” мыйзамынын 5-беренесинде “Аудиовизуалдык чыгарма жараткан чыгармачыл адамдар өзүнүн жеке кинематографиялык идеяларын, ойлорун кандай формада, тилде болбосун берүүгө, чет өлкөлүк адам жана юридикалык жактар менен биргелешип коюуга, кайра коюуга укугу бар. Кыргызстанда цензурага жол берилбейт деп ушул ушул мыйзамдын 2-абзацында жазылып турат. Бирок андан ары “айрым учурларда жол берилет” деген Конституциялык эмес норма жазылып калган.

Эгерде тасмаларды текшерүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынып, күчүнө кире турган болсо, ар бир фестивалдарда, семинарларда аудиовизуалдык тасманы көрсөтүүдө жана прокатка чыгарууда “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик күбөлүк алышы керек.

"Департаментке сын жааганы үчүн демилгеледик"

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова мекеме эмне себептен мындай чечимге келгенин түшүндүрдү:

“Акыркы убактарда коомчулукта тасмаларга байланыштуу талаш-тартыштар болду. Маселен, сын-пикирге кабылган “Манастын уулу Семетей” тасмасын мисалга алалы. Бул тасма коомчулукка көрсөтүлбөсүн, эгер чыгып калса Кинематография департаменти жооп бериши керек деген ойлор айтылды. Мындан башка да биз тарапка "текшерүү кылбайт" деген бир катар сындар айтылды. Биз тартылып жаткан ар бир тасманы текшере албайбыз. Анткени бизде сөз эркиндиги, чыгармачыл эркиндик деген бар. Тасма тартылып жаткан чакта да кийлигише албайбыз. Көп учурда жеке студиялар өз каражатына тартышат. Бирок буга карабастан коомчулук биздин департементке пикир айта берет. Ошондуктан биз талкуу жаратып жаткан токтомго өзгөртүү киргизүүнү демилгеледик. Анда конкреттүү пункттар бар. Мисалы, терроризмге чакырбоо, улуттар аралык кастыкты козутпоо, диний курч темаларды көтөрбөө, баңгичиликке чакырбоо керек деген өңдүү. Эгер фильмдерде ушул нерселер жок болсо, биз прокаттык күбөлүктү бере беребиз. Андан башка тыюу салууга укугубуз жок”.

Прокаттык күбөлүктү өлкө ичиндеги тасма жаратуучуларга “Кыргызтасмасы” мекемеси берет. Кыргызстандын аймагындагы бардык кинотеатрлар прокаттык күбөлүгү жок фильмдерди прокатка чыгарбайт.

Кайчы пикирлер

“Кыргыз кинолорун көрсөтүүдөн мурун текшерүү жөнүндө” токтом долбоору коомдук талкууга чыккандан кийин “Адилет” укуктук клиникасы токтом долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “бул документтин кабыл алынышы өлкөнүн Конституциясында кепилденген жана эл аралык деңгээлде жалпысынан кабыл алынган сөз эркиндигине жана чыгармачылыкка карата адам укуктарын ишке ашырууда тобокелдиктерди жана коркунучтарды алып келерин белгиледи” деген бүтүм чыгарган.

Укуктук клиниканын юристи Жылдыз Азыкова “Азаттыкка” төмөнкүдөй пикирин билдирди:

“Документтин концепциясына үңүлсөк, Кыргызстанда кинематографиялык уюмдар жана кино ижарачылар, эле фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда кино көрсөтүүнү уюштуруучулар өз тасмаларын мамлекеттин уруксаты менен гана көрсөтө алат экен. Буга чейин уруксатты кинематографиялык уюмдар менен кино ижарачылар гана алып келсе, токтом кабыл алынып калгандан кийин мындай милдеттенмелер фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда кино көрсөтүүнү уюштуруучуларга да жүктөлүп калат. Бул деген калаган видеороликтерди, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды да ар кандай семинарларда, тегерек үстөлдөрдө, тренингдерде, фестивалдарда, ал тургай салтанаттуу иш-чараларда, тойлордо мамлекеттик бийлик органдарынын алдын ала уруксатысыз көрсөтүүгө болбойт дегенди түшүндүрөт. Муну цензура эмес деп атай албайбыз”.

“Кыргызтасмасы” мамлекеттик мекемесинин прокат бөлүмүнүн башчысы Париза Борбиева токтом долбоору цензурага баратат деген пикирлерге кошулбайт.

“Бул токтомдун өзгөрүшү кандайча цензурага жатат? Алар жөн эле арыз жазып, баланча фестивалды бул күнү баланча жерде өткөрөбүз, фестивалда бул автордун баланча темадагы киносун көрсөтөбүз деген маалыматы керек бизге. Мисалы, эртең бир тасманы көрсөтөбүз десе, авторлору, жаратуучулары тууралуу маалымат алабыз. Эгерде өкмөттүк фильм болсо киностудия менен келишими барбы же жокпу ошолорду сурайбыз. Кайсы бир тасманын мазмуну шек жаратса кинону көрөбүз. Токтомдогу нормалар бузулбаса, прокаттык күбөлүктү дароо эле алып кетишет. Буга чейин да тоскоолдуксуз алып келишкен. Эч кандай цензура эмес бул”.

2022-жылы май айында Маданият министрлиги орусиялык “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын Бишкекте жана аймакта көрсөтүүгө уруксат берген эмес. Министрлик мындай чечимин орус-украин согушундагы Кыргызстандын "нейтаралдуу позициясына байланыштырган".

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров мына ушундай учурларда коопсуздук үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген айрым тасмаларды иргеп көрсөтүүнү эп көрөт.

Бирок Бирназаров коомчулукта талкуу болуп жаткан азыркы токтом долбоорун чийки деп эсептеп, анын жүзөгө ашарынан күмөн санап турат.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

“Эми муну ким ойлоп чыгып, ким сунуштаганын билбейм. Айтор кинодон терең түшүнүгү жок бирөө ойлоп чыккандай. Чынында коомго кайсы бир деңгээлде цензура керек, ооба. Анткени баарыбыз коомубузду терс көрүнүштөрдөн сактоого милдеттүүбүз. Бирок азыркы учурда, азыркы системада кинолорду тыюу менен коомду оңдоп коё албайбыз. Мисалы азыр толтура режиссёрлор кино тартып жатат. Алар өз каражатын коротуп жаткандан кийин кааласа тасма тартсын, кааласа картөшкө эгишсин. Демократиялык мамлекетте ким өз акчасына кандай кино тартса өз эрки. Анан азыр тартып бүткөн эмгегин үйүндө отуруп алып фестивалдарга жибере берет. Аны каалоочулар тандап ала берет. Бүттү анан. Эми мунун баарын кантип көзөмөлгө алмак эле? Мен ушуга таң калып турам!”.

“Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, азыркы күндө кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жүргүзөт. Департаменттин карамагында төмөнкү мекемелер ишмердүүлүгүн жүгүзүүдө:

  • Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы;
  • “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси;
  • Ч.Айтматов атындагы Республикалык кино үйү;
  • Жети облустук, 22 райондук кинодирекциялар (10 авто жүрүүчү кино түйүн);
  • 38 мамлекеттик кинотеатр.

Андан сырткары Кыргызстандын аймагында 12 жеке менчик кинотеатр жана 34 жеке менчик киностудия иш алып барууда.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG