Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Советтик эстраданын дагы бир жылдызы өчтү


Иосиф Кобзон. Молдова, 2014-жыл.
Иосиф Кобзон. Молдова, 2014-жыл.

Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген.

1962-жылы 25 жаштагы Иосиф Кобзон “Кутман таң” программасында “А у нас во дворе” деген ырды аткарып чыгып, бир күндө бүткүл Советтер Союзуна таанымал болгон.

Кобзон өзү бул ыр чыккандан соң редакцияга жүздөгөн кат-кабар түшүп, ырдын уландысын өтүнгөндөр көп болгонун кийин айтканы бар. Ошентип, “И опять во дворе” деген чыгарма жаралган. Бирок анын чыныгы карьерасы 1964-жылы Польшанын Сопот шаарында өткөн Эл аралык эстрада артисттеринин сынагында жеңүүчү болгондо башталган. Андан берки 60 жылдык карьерасында Кобзон жалпысынан үч миңден ашуун ыр аткарды. СССРдин эл артисти наамына, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татып, ондогон орден-медалдарды тагынды.

Кобзондун жылдызы жанып тургун учур 1970-80 жылдарга туш келди. Миңдеген адамдардын кумири бийликтин да сүймөнчүгүнө айланган. Кесиптештери анын өзгөчө эмгекчилдигин белгилешет. Ошол кездеги эстрада ырчыларынан ал салабаттуулугу, олуттуулугу, сахнада ашыкча кыймылдабаганы менен айырмаланып турчу. Өмүрүнүн аягына чейин ал ошол образды карманып келди. Кобзон бир нече жолу сахнадагы чыгармачылыгын жыйынтыктаганын жарыялаганы менен кайра эле концерттерге кайтып келе берчү. Акыркы жеке концертин ал 75 жылдык мааракесинде берген.

Ырчылык менен катар ал өзү аяктаган Гнесиндер атындагы музыкалык академияда 1984-жылдан бери вокалдан сабак берип келген. 1997-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутат болуп шайланган. 2007-жылы “Бирдиктүү Орусия” партиясына мүчө болгон. Ошондон бери алты жолу депутат болуп шайланган Кобзон парламенттеги маданият боюнча комитеттин жетекчи орун басары болгон.

2014-жылдын мартында ал Орусия президентинин Крым боюнча саясатын колдоого чакырган маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Кийин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көргөзүп, өзүлөрүн "Донецк жана Луганск Элдик Республикалары"деп атап алган аймактарга бир нече ирет барган. Мындан улам Украина, Евробиримдик жана АКШ Кобзонду санкциялык тизмеге киргизип, алардын аймагына баруусуна тыюу салышкан. Кобзон өзү буга нааразычылыгын билдирген:

- Атактуубу, атактуу эмеспи, кандай гана адам болбосун, ал кайсы өлкөнүн жараны болбосун, ага өз өлкөсүнө негизсиз себептер менен кирүүгө тыюу салууну демократияга каршы кадам деп эсептейм. Бирок бул өлкөлөр -- Латвия менен Украина Америкага таянып алып, өз билгендерин кылып, эч нерсени түшүндүрбөстөн кирүүгө тыюу салып анан "биз силерге түшүндүрүүгө милдеттүү эмеспиз" деп мыйыгынан күлүп жатышат. Мен Украинанын үч орденин алган эң абройлуу артист экениме карабай "персона нон-грата" деп жарыялашты. Алардын уяты жок!

Иосиф Кобзон жубайы Нелли менен. 27-июнь, Москва.
Иосиф Кобзон жубайы Нелли менен. 27-июнь, Москва.

​2005-жылы ал онкологиялык дартка кабылганы аныкталган. Ага эки жолу Германияда операция жасалган. Быйыл июль айынан бери оор абалда экени кабарланып келген. Иосиф Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Донецк облусунда жарык дүйнөгө келген. Ырчынын 80 жылдык мааракесине карата ага “Бишкектин ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG