Кудаяр хандын кандай башкаруучу болгону Төлөгөн Касымбековдун айтылуу «Сынган кылыч» тарыхый романында көрсөтүлгөн. Мамат Сабыров тарыхый инсандын пенделик сүрөтүн тартып берген.
Ызакор бала
Мамат Сабыровдун «Ынак» аңгемесин окуп атканда каалайсыңбы-каалабайсыңбы Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый баяны эске түшө берет. Романда Кудаярдын атасы Шералы жөнөкөй жылкычы болгону ырасталган. Мамат Сабыровдун аңгемесинде Шералы хан бай киши болгону, үйүр-үйүр жылкылары, короо-короо койлору бардыгы, жылкычы-койчулары көп, эсепсиз өлүү дүйнөнүн ээси экени көрсөтүлгөн. Байдын уулу Кудаяр кыларга иши жок кой кайтарган Жанболот менен ынак болчу. Жайлоодо жыргал, экөө койду жайып ийип кымыздык, ышкын теришет, кескелдирик кармап, суурлардын ийиндерине суу куюшат. Балалыктын бактылуу күндөрү ошентип билинбей өтө берди.
Кудаяр ак көңүл бирок жеткен ызакор бала болчу. Бир жолу балдар ойноп атканда Керимкул деген өспүрүм аны «келгин» деп, «жээн эл болбойт, желке тон болбойт» десе ызасынан тигил ыйлап ийе жаздаган. Балдар Кудаярдын келгин экенин кайдан билсин, үйүндө ата-энеси айтса керек.
Булар он экиге келгенде Кудаярлар Коконго көчүп кетишти. Анда Шералы өзү менен тун уулу Сарымсакбекти алып кеткен. Ошондон көп өтпөй чоң селде оронуп, чаар чапан кийген кишилер келип Жаркын эже менен балдарын көчүрүп алып кетишти. Коштошор алдында Жаркын эже айылдаштарына чоң той берди, аксакалдар уча жеп жыргашты, балдар таттууга тоюшту. Элеттиктер эстен кеткис сый көрүшүп, батасын берип узатышкан. Келген адамдар Жаркын эже менен балдарына ийилип жүгүнүп, өзгөчө сый-урмат көрсөтүшкөнү Жанболоттун эсинде калыптыр. Алыска кетип жаткан ынагы Кудаярды айылдын четине чейин узатып, жай каалгыган төөнүн үстүндө кетип бараткан досунун артынан кыйлага кусалуу карап турган.
Тагдыр экөөнү арадан он беш жыл өткөндө жолуктурду. Жанболот окууга берилип, айылдагы молдодон кат тааныган соң Коконго келип Нарбото бийдин медресесинде окуп калган. Анысын аяктагандан кийин медресенин өзүндө китепканачы болуп иштеп, үйсүз мугалимдер менен чогуу кичинекей бир үжүрөдө жашады.
Коконго келген күндөн тарта Кудаяр менен жолугушууну эңсей баштаган. Бул иш өтө кыйын экенин билсе да балалык кезден калган ынактык сезими тынчын алып, экөө коштошордо досунун «мен сени эч качан унутпайм, сен да мени унутпа» дегени кулагында жаңырып турду. Эки жолу ордонун оозуна барып кире албай кайра келди, сакчы киргизе албасын айтып үмүттүү жигитти артка кайтарды. Кудаяр хан сыртка чыгып калар деп акмалап канча жүрдү. Мунусунан майнап чыкпасына көзү жеткен соң бир күнү чыгынып парваначыга кат жазды. Өкүмдардын кагаз иштерин тейлеген аткаминерге бейтааныштын бала кездеги ынактыгы жибиткенби, көп өтпөй аны ордого киргизмей болуп, чакырып калышты. Хан деген хан экен, ал отурган жерге ким көрүнгөн эле сүзө качырып кире албасын билчү, бирок сарайдын жол-жоболору ушунчалык татаал экени эсине келбептир.
Жөрөлгө
Өкүмдарга кириштин жол-жобосу деле кыйла татаал экен. Тактыдагы хандын эшигин аттарда колду көкүрөкко аылп жүгүнүп, жакын барса чапанынын этегин өбүшү керектигин удайчысы улам-улам эскертип жатты. Бирок алардын баары учурашканда унутулду. Диванханага киргенде Кудаяр ордунан туруп, досун тоолуктарча кучактап, ал-жайды сураган соң тамак ичер бөлмөсүнө баштады.
"- Экөөбүз бир чай ичейли – деди Кудаяр. - Мен өзүм дагы али нанүштө кыла элекмин. - Багымдаттан та пешин намазыга чейин букараларды кабул кылам. Арза менен келгендер көп, биттасини кетирсең, аркасыдан дагы биттаси келет. Кана, достум, дасторконго карайлыкты. Сен бундай таамдарди али жеп көрө элек болсаң керак.
Чын эле, дасторкон үстү жайнаган чүйгүн тамак. Кекиликтин, бөдөнөнүн эти. Шишкебектин эле эки-үч түрү турат.
- Хандын күнүгө жей турган тамагы шу, - деди Кудаяр мулуюп.
Бир кезде мен билген тестиер бала эми бой жетип, сакалчан жигит болуптур. Башында асыл таштар менен кооздолгон ак селде, үстүндө кочкул жашыл түстөгү макмал чапан. Сөздөрү да өзгөрүп, өзбекче чалып сүйлөп калыптыр».
Кудаяр хан досунун бул жердеги иши, Талас жөнүндө сурап, Жанболоттун азырынча үйлөнө электигин уккан соң «сени өзүм үйлөбөсөмбү» деп калды. Бүт Коконду дүңгүрөткөн той кыларын айтып, өзүндөгү жаңылык катары дагы бир жолу төшөк жаңыртып жатканын кобурады. Тоодон келген досу «анча катынды башыңа урасыңбы» деди, тиги оңтойсуздана түшүп «көз тойбойт турбайбы» деп ырсайды. Айтымда, анын оюна койбой эле кошоматчылар ханга аял болот деп сулуу кыздарды алып келе беришет экен. Бул бечарада макул дештен башка аргасы жок окшойт.
Кудаяр өзү жаштайынан кыз-келинге жакын эле. Жайлоодо суу алганы келген кыз-келиндердин топусун же жоолугун жула качып, суу чачып айласын кетирчү. Ошонусун билип алган ордонун кошоматчылары аны сулуу кыздардын төөбастысында калтырганын Жанболот айттырбай түшүндү.
«Напси – шайтандыкы, - деди Жанболот, - көңүлгө жаккан үчөө-төртөөнү алып калып, калганын кетирип ий, алардын деле убалы бар». Ханга бул сөзү жакпай калды окшойт, «дааватинди кой, досум» деди. Жанболот жайлоодо жүргөнсүп бакылдап ийген тура, тилин тишине басып пысып калды. Бирок хандын нааразы болгону суз жүзүнөн билинбеди.
Дасторконго бата кылып тура беришкенде Кудаяр хан теңге салынган баштыкчаны карматып, удайчысына «бир зер чапан» келтирүүнү буйрук кылды. Экөө турган жерге жалтылдаган чапанды көтөрүп бакжагай сакал бир киши кирди.
«Тиги колундагы атлес чапанды желкеме жапмакчы болду эле мен колумду көтөрүп токтотуп калдым.
- Теңгелериң үчүн рахмат! - дедим Кудаярга. - Тамак-ашка кереги тиет. Бул балакет калааңарда суудан өйдө баары сатылат турбайбы. Ал эми мобул чапаныңды жөн эле кой, досум. Ыраазымын. Айылдагылардын бирөө-жарымы көрсө, бул кайдан келген ала сагызган деп күлбөсүн...
- А товлугум-а,- деди Кудаяр башын чайкап. - Чапандын кадырыны билбейсиң да.
Анан белги берди эле тиги бакжагай сакал колун бооруна ала жүгүндү да, арты менен басып чыгып кетип, бат эле сыйдам ак түстөгү кадимки эле кыргыздын байлары кийчү кийиз чепкенди калпагы менен кошо көтөрүп келди.
- Муну кийерсиң? - деди Кудаяр.
- Кийем.
Кудаяр чепкенди өз колу менен желкеме жаап, калпакты башыма кийгизип койду.
- Баса, Жаркын эже кандай жүрөт?
- Жакшы. Апам да шуерде.
- Жолуга кетсем жакшы болот эле...
- Жүр, хазыр эле абарып жолуктурамын».
Хан ордонун короосунда келишкен алты канат боз үйдө Жаркын эже бутун бир кызга ушалатып отурган экен. Уулун ээрчий кирген шыңга жигитти алгач тааныбай, Кудаяр айткандан кийин эстеди окшойт, ичи элжиреп айылдагы билген кишилердин баарын сурап чыкты.
Айтпаганы менен анын үнүнөн тоону сагынганы, бир кездеги жайлоодогу беймарал турмушун эңсөөсү билинип турду. Ордодо тигилген келишкен боз үй да ошол сагынычтын бир белгисиндей сезилип кетти. Байкуш эне, уулуна «Жанболотту өзүңүн жаныңа эле алып ал. Сага жөлөк-таяк болот. Ордодогулардын бирине да ишенич жок. Тобо, мындай эки жүздүү, түлкү кишилерди дегеле көргөн эмесмин...» деп калды. Кудаяр хан досун абтабачы кылгысы келсе бул колго суу куйганды намыс көрөрүн, ошондон досун ынак кылып аларын айтканда Жаркын эже кадимкидей сүйүнүп, Жанболотко ишенерин, Кудаяр энөө, ишенчээк экенин, кечке ордодо кыларга иши жок короз, бөдөнө уруштуруп, маскарапоздордун келжирек кептерин угуп убакыт өткөрөрүн жактырбастыгын билдирди.
Баласынын эселектигине апасы аябай капа экен, Жанболотту жанына алса кичине оңолобу деген үмүтү бардыгын жашырбады. Кудаяр апасынын сөзүнө каш кайтарбай, Таластагы бала кезиндей мылжыйып турду.
Ордо оюндары
Ордодон чыгарда Кудаяр хан Ажыбай деген жигитти көрсөтүп, кабар алып турарын билдирди. Кийин Ажыбай азык-түлүк, кээде тыйын-тыпыр алып келип жүрдү. Ичинде кири жок ачык жакшы жигит экен. Бир келишинде ал Кудаяр хан өзүнө Салимбайды ынак кылып алганын айтты. Жанболот аны билчү, медреседе чогуу иштеген жеткен митайым, куу киши болчу. Анын кантип хандын жакын адамы болуп калганы Жанболотко табышмак бойдон калды. Ал арада Ажыбай да каттабай калды. Анан бир күнү ордонун жанында баратса көпчүлүк эл хан сыртка чыгат экен деп дүргүп калышыптыр. Жанболот каз-катар тизилген көпчүлүктүн алдында болчу. Акбоз аргымакчан хан анын жанына келгенде тизгин тартып токтогондой, ага башын ийкеп учурашкандай болду, Жанболот эми чакыртат деп күткөн, бирок андай болбоду, хан нөкөрлөрү менен аны көрбөгөндөй жанынан бастырып өтүп кетти. Жанболот мунун баарын кылган Салимбай деп ойлоду, ошол жамандап койгон, антпесе досу тетири бурулуп кетмек эмес.
Досунан көз көрүнөө ажырап, уктаса түшүнөн кетпей жүргөн күндөрдүн биринде шаар ичи ызы-чуу түшүп, такты Кудаяр хандын агасы Малабек ээлегенин, өкүмдар Букарга качканын укту. Жакын адамынын башына күч келгенде жанында болбой калганына бир чети ызаланып, экинчи жагынан мындайда ханга жакындардын качканы качып, кача албаганынын башы кетерин ойлоп үшкүрүп отуруп калды. Убакыт болсо өтө берди, андан кийин Кудаяр тактыдан эки жолу кетип, эки жолу кайра келди окшойт.
Ал акыркы жолу Кокондон качканда Жанболот Ташкенде болчу. Ал жердеги жаңы медресеге ишке кирип, жакшы маяна, дурус дегидей үй шартына жетишип, илимге кызыгуусу артып калган. Тагдыр аны дагы бир жолу бала кезиндеги ынак досуна кезиктирди.
Кудурети күчтүү Алла Таала, бечара пендеңди асти бийлик берип сынаба! Алсыз пендең ден соолугунан ажыраганга сабыр кылышы мүмкүн экен, жакынынан айрылуу күйүтүн башты салбай көтөрүшү ыктымал экен, бирок бир гана бийлигинен ажырашын көтөрө албайт экен. Туулган адам өлмөгү ырас, келген хандардын кетмейи ырас экенин билсе да, тирүү туруп бийлигинен ажыраган пенде өзүн өлүк сезип калат тура. Кудаяр үч ирет куулуп, үч ирет ээлеген бийлигинен ажырап, тирүүнүн өлүгү болуп калганда бир көрдү, акыркысы ошол болду.
Ташкендеги чоң мечитте жума намазга чогулган көпчүлүктү аралап жалгыз жигити менен жөнөкөй бир пенде болуп калган Кудаяр Жанболоттун жанынан өттү. Бийлик сүрү кылып эч кимди тике карабай эл аралап койкоё басып ичкери кирди. Кийин намазга катар тизилип калган чакта Жанболоттун алдындагы катардан бир бош орунга эч кимди тургузбай жатышкан, ошол жерге жуп намаз башталганда Кудаяр туруп калды. Жанболоттун эси-дарты досунда болду.
«Арабызды болгону эки киши гана бөлүп турду. Ушул калыпта жума намазды окудук. Намаз бүтөр замат Кудаяр ордунан туруп, эшикти көздөй бет алды. Мен артынан жөнөдүм. Бирок адегенде эшиктин алдында котологон, анан сыртта бут кийим, кепичтерин кийип аткан көп кишинин арасынан суурулуп чыкканымча кетип калыптыр. Чыгып эле таппай калдым».
Анын кайда жүргөнү элге угулуп турду. Бирөөлөр «Түркстан вилаяты гезитинен» окуса, башкалары билгендерден угуп, Орунборго сүргүнгө айдалганын эшитти. Бала кезден ынак достуку кыйын экен, эстеген сайын ичи эңшерилет. Сүргүндө жүрүп Ооганстанга качканын, көп азап-тозокко кабылганын, аягында жанында жарым теңгеси жок томаяк болуп чет жерде көз жумганын укканда ага өзү айыптуудан бетер кабыргасы катуу кайышты. Жанында болсо каражат жагынан жардам кылбаса да, казак жеринен түркмөн чөлүнө өтүп, оогандын Мазари-Шариф калаасында туулган жерин сагынып, жүрөгү канаганда, азапка толгон көздөрүн жалдыратып, үзүлүп баратканда дем берип, кайрат айтып, жанында караан болуп турса азыркыдай санаага сабылбай көңүлү ток болор беле.
Пенде баласынын тагдыр жолу кандай болорун билиш кыйын го, бийликтин туу чокусунда турган кечээги айылдык баланын кайгылуу тагдырын ойлогон сайын Жанболоттун ичи тыз ачышат. Тартынбай, илбериңки болгондо досунун жанында жүрүп аны дурус жолго салар беле?! Бул суроо эми аны өлөр-өлгүчө коштоп жүрөт.
Шерине