Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

Буулуккан Ботобай акын


Бишкек - Пишпек. Архив. Сүрөттүн баянга тиешеси жок.
Бишкек - Пишпек. Архив. Сүрөттүн баянга тиешеси жок.

Ботобай ырчынын аты ачык аталып, чыгармаларын жарыялоо аракети жакындан бери колго алынууда. Социализм заманында орошон талантты басмачыларга жан тарткан деп кодулашып, чыгармаларын жыйноо, жарыялоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

"Куугунтук курмандыктары" рубрикасынын кезектеги берүүсүндө Ноокаттан чыккан Ботобай ырчы тууралуу кеп кылабыз.

Ыр издөө

Ушу тапта кыйла жылдардан бери аты аталбай келген Ботобай ырчынын эл арасында сакталып калган чыгармаларын жыйнап, китеп кылып чыгуу аракети көрүлүүдө. Демилгени акындын жердештери баштаган. Белгилүү журналист жана жазуучу Мамат Сабыров бул ишке кыйла жылдар илгери эле киришкен. Антишке анын абасы себепкер болгон. Окумал адам Ботобай ырчы тууралуу кеп болбой жатканына нааразы экенин кагаз менен каламга жакын тууганынын кулагына куюп, кызыгуусун арттырган окшобойбу. Ошол кишиден Мамат Сабыров Аравандын Пахтачы деген айылында жашаган Мамасейит Базарбаев деген кишинин дайынын угуп, анын Ботобай ырчынын ырларын жатка билерин уккан.

"Мен атайын Араванга, Пахтачыга бардым. Барып ал кишинин өзүнүн ырларын сурадым. “Кыргыз эл акындары” деген китепке бир-эки ырлары кирген экен. Китепке кирбеген ырларынан айтып берди, аларын жазып алдым. Ботобайдын ырларын сурадым. Сурасам ал киши ойлонуп калды. Мунун себебин кийин түшүнүп жатам, социализм заманы, 1983-жыл болчу. Чочуп кетти: “Жок, жок, мен билбейм” деди. Абам “Мамасейит так билет, ырдап жүрөт” деген. Билбейм деп койгону мага табышмак болуп калды. Мунун жандырмагын кийин билип жатам. Көрсө ошол кезде эле Ботобайга табу салынган экен, аты атаганга, ырларын жазганга, чыгарганга тыюу салынган экен. Анын себептерин биз билбейт элек. Ошентип ал табышмак бойдон калган" ,- дейт Мамат Сабыров.

Ботобай ырчынын чыгармачылыгына кызыгуу Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин жанданган. Мамат Сабыров “Ноокат” билимканасынын негиздөөчүсү Өмүрзак Мамаюсупов менен иштешип калган чакта Ботобай ырчынын чыгармаларын жыйноо маселеси кайрадан козголо баштаган. Улуу акындын кол жазмаларын издөө Сабыровду Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна алып келген.

"Ошондон кийин Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна бардым. Барып кечке отурдум. Каталогдо үч-төрт папкалары жүрөт, бирок болгону эки ыры калыптыр. Калганы жок, каталогдо бар, папканы ачсаң ырлары жок. Сулайман аке бекеринен айтпаптыр, баягы оомал-төкмөл заманда бирөөлөр жулуп кеткенби, болгону эки ыр калып калыптыр. Таптык, ошол эки ырды кайра-кайра окуп отуруп бир нерсеге таң калдым. Бул киши санат-насаат ырларынын чебери болгон экен. Санат-насааттары Токтогулдун санаттары менен үндөшөт, мааниси, тереңдиги жагынан Барпынын санаттарына үндөшүп кетет экен. Молдо Ниязга үндөшүп кеткен жерлерин байкадым. Булар эми жакын жашаган, бири-бирине сиңишкен дегендей нерсе да, бир чөйрө – ичкилик тили да окшош. Ошону байкадым. Биздеги маалыматтар боюнча бул киши айтыштын мыкты чебери болуптур. Бул киши айтышканда атаандашы туруштук бере алчу эмес экен. Бирок, өкүнүчтүү жери, ошол айтыштарынын бирөө да сакталып калбаптыр. Болгону бир гана жерде, кайсы бир тойдо Ботобай айтышкан деген гана маалымат бар. Айтыштын тексттери жок".

Мамат Сабыров Ботобай ырчынын эл ичинде сакталган чыгармаларын болушунча жыйнап, китеп кылып чыгаруу иши башталганын, буга бир топ киши тартылганын айтты.

"Эл кур эмес экен. Ушул эки-үч ыры менен эле чектелип калабызбы дегенде өткөндө бир жакшы идея айтылды эле. Эл арасында атасынан, чоң атасынан уккандар бар болуш керек. Ушуну элден издейли дегенбиз. Аракет кылдык, бир-эки ыры табылды. Ушуга сүйүнүп жатабыз. Бирөөлөр жазып калган экен, ошол да келди, буюрса, аларды да кошобуз".

Атанын керээзи

Акындын чыгармаларын чоң уулу Маликтен жазып алышкан. Бийликтин басым-кысымынан биротоло жүрөкзаада болуп калган Ботобай ырчы балдарына ырчылыктан алыс болууга, эл алдына чыгып өнөрүн тартуулоого тыюу салган экен.

Анын чоо-жайын Ботобайдын уулу Маликти көрүп калган Өмүрзак Мамаюсуповдон уксак.

"Атам үйдүн чатырын жапканда Малик аксакалды чакырат, жакшы көрөт эле. Биз беш-алты жаштагы кичине балабыз. Малик уста үстүндө жүрөт, атам жерден алып берет, анан тийишип сүйлөйт. “А, неге ырдабай койгонсуң?!” дейт. Кээде сен, кээде сиз дейт. Ал киши унчукпайт, атам кайра чукуйт. Ошондо айтып калат эле. “Э, Шеран, билбейсиң да, бу атанын керээзин биз кече албайбыз”. Анда атам: “А, сиз кесе албасаңыз Тойчу менен неме ырдайт экен го. Ботобайдын баласымын дешет экен го” дейт. “Эми мен аны айтсам кээде укпай коюшат. Бирок, эми керээзди аткарышыбыз керек” дейт. Бу керээз деген кыргыз үчүн ыйык нерсе экен да, муну аттаганга болбойт. Кыйналганынын себептерин Малик аксакал айтпайт эле, атам анысын билет экен. Ал басмачылар менен чогуу атышкан эмес. Илгери деле, азыр деле чыгармачыл кишини жанына алып жүрүш модага айланбаса да тарых үчүн керек болгон. Басмачылардын жанында жүргөн үчүн чыгармалары жазылбай калган да. Атам ошону айт дейт. Малик аксакалга: “Сиз ушунча билесиз, анан кантип ырдабай коёсуз” дейт. Малик аксакал: “Э, Шеран, мен мынабу Кең-Жылгага кирип алып бир жумада бир күн, эки күн тынымы жок ырдайм, зоого ырдайм. Анан элге келип ырдай албайм, атамын керээзи бар” деп көзүнөн жашы чыгат эле".

Өмүрзак Мамаюсупов Ботобай ырчы Кытайга барганын, ал жердеги чоң тойдо ырдаганын, үч айга созулган ошол жер кыдыруусунан кийин азыраак ырдап калганын Малик абасынан уккан. Ботобай ырчы балдарына бирөөсү да ырдап чыкпашын, бул болбогон өнөр экенин катуу табыштаганын эскерет. Ботобай ырчынын небереси Мадамин мугалим болгон, Өмүрзак Мамаюсуповго кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан. Мына ошол Мадамин агай үйүнө Ботобайдын чыгармачылыгына кызыккан илимпоз келип, болгон жазмаларды сурап алып кеткенин билдирген.

"Ошондо анан көп нерселерин берген. Анан калганын Алим аке жыйнаган, Маматов деген киши. 1989-жылы билимкананы түзгөнгө чейин убактым болгон жок. 1989-жылы 1-сентябрь күнү билимкананы түзсөк, 10 – 11-сентябрь күнү мен Ботобай деген ийрим түздүм. Биздин айылдан чыккан Ботобай ырчыны изилдейсиңер дедим. Окуучулар, стипендия, башкаларды айттым. Анан анча-мынча кол жазмасы келди. Апас Шапак ырчы ошондо бар эле, шакирттеринин бири болчу. Ошону үч кыз жазып келген. Ошол үчөө тең илимдин кандидаты болуп калышты",- дейт Мамаюсупов.

Ботобай ырчыны көрүп-билип калган мурдагы комсомолдук кызматкер Жолболду аксакал басмачыларды кууп бараткан кезинде Ботобай ырчы көк атын бергенин эскерген. Калмат Исабаев Жолболду аксакал менен көп сүйлөшкөн.

Ботобайды адамдар "басмачылар менен бирге жүрөт, басмачы дешет экен го" десем: “Э, адамдар айта берет. Ботобайга жетчү адам кем эле туулат. Ал ушундай төкмө акын, ушундай берешен киши болгон”, деди. “Э, бул ... немелердин чыгарган кеби” деди. “Мен бир нерсесин айтып берейин” деп ошол жерде айтты, жаныбызда чоң кишилер болгон. Мен баламын да, унчукпай угуп отурам. Карагойго чоң байлар ырчыларды ала келет экен дагы ыр боюнча мелдеш (айтыш) өткөрөт экен. Анан ошол Ноокат бөксөсүнө туура келип калат экен.

Калматтын айтуусунда, ошол айтышта Ботобай ырчы кичинекей ашкабакты эки күн, эки түн сыпаттап ырдаптыр. Ошондо Токтогул: “Токтото бериң, ыр сизден, күү бизден болсун” деген экен. Учурунда Ботобай Токтогул, Калмырза сындуу ырчылар менен айтышып, өнөр секисинен тиешелүү ордун тапкан акын болгон.

Китеп

Заман өзгөрүп, доор алмашып кечээги көргөн бүгүн жок чакта Ботобай ырчынын айылдаштарынын эл арасында сакталып калган чыгармаларын топтоштуруп китеп кылып чыгаруу демилгеси кандайынан келгенде да колдоого арзырлык окуя. Таптакыр унутта калгыча кеч болсо да кылымда бир жаралчу улуу акындын адабий мурасын элге кайтаруу аракетин акынды билгендер колдоп, жалпылап жардамдашы керек.

Ботобай ырчынын ысымы совет бийлиги кыргыз жерине орногуча эле көпчүлүккө дайын болгон. Аны үзөңгүлөш акын-ырчылар алайлык айтылуу Орозаалы ырчынын шакирти катары билишкен. Кокон хандыгында кадыры бийик улуу ырчынын жанында он жылдан ашуун убакыт жүрүп, андан акындык өнөрдүн көп сырларын үйрөнгөнүн, билимин жогорулатканын айтышкан.

Айтса, Орозаалы ырчыны улуу Токтогул акын да пир туткан. Анын Ныязаалы комузчу менен жаш кезинде Алайдагы бир тойдо айтышып, батасын алганын эскерген жайы бар. Чыныгы өнөр жарышы деп ушуну айтса жарашат, айтыш үч күнгө созулуптур. Орозаалы «ырдаса сайрап жаткан булбул токтой калып уккан» улуу талант болгонун башка бирөө эмес, Барпы апыз белгилеген.

Барпы апыз нукура талант ким экенин жакшы билген. Ал киши согуштан кийинки жылдары Москвадан келген белгилүү илимпоз Медине Богдановага учурунда бир топ таанылган акындар менен айтышканын, алардын арасында Бекназар, Ботобай, Ташмат, Алим, Орозаалы, Чокобай, Нышан, Арзыбай, Казыбай сындуу таланттар турганын, ошол айтыштар акындык өнөрүнүн тереңдешине чоң таасир кылганын баса белгилеген.

Ботобай ырчынын чыгармачылыгына кайрылган илимпоз Абдыкерим Муратов совет бийлигинин кыргыз жеринде орун-очок алышына арналган тарыхый романында момундай маалыматын ортого жайган:

“Ботобай тек-жайы Анжиян менен Оштун ортосундагы Кожо-Абаддын Канийа бостондорунан чыккан Жунустун уулу болуп, миң сегиз жүз алтымыш бирде туулган, анан Кудаяр хандын ордо ырчысы Орозаалынын шакирти катары анын эшигинде он үч жыл кызматын кылган, ырчылык өнөрүн үйрөнгөн. Жаш чагында Чолпон деген кызга кушу ашкере түшүп анын айылына барып, тартынбай, тайманбай Ак Чолпонум деп ырга салганда, бейбаш балдар аттан жыгып, атынын куйругун чулуйтуп кесип, маскаралап коё беришкенин калк көп айтышар эле.

Совет бийлиги орной электе Сагын бийдин ашында Сатылгандын Токтогулу менен, Аравандагы Мансуркулдун, Маргалаңдагы Сайдаматтын тоюнда Молдо Тойчу менен айтышкандарын уккандар авазданып кеп калышчу. Ал Барпы апыз, Бала ырчы, Жолдош, Арзыбай, Туяк, Ташмат, Абдымомун менен үзөңгүлөш жүрүп, аш-тойдо ырдап, совет бийлиги орногондо анжияндык Жаңыбай паңсат, Самат, Сабыр аттуу жигит курган топторго кошулуп, алардын черин жазып жүрүп, акыры не болгону ачык айтылбайт, кыскасы, Ноокаттын Кара-Ташындагы тага журтуна кайра келип жаткан кези экен. Жоролордо бозо да иччү эмес, жоош, куудул, анан топуктуу киши болгон үчүн ырчылардын баары аны ээрчип жүрчү”.

Ботобайдын кандай ырчы экенин акын Тоголок Молдо да белгилеп, минтип жазган:

Анжияндын Куршабда,
Ботобай деген бар экен.
Акын экен шул тапта,
Акындыгы мыкты экен,
Айткан сөзү ыкты экен.

Ыр зергери

Замандаштарынын айтуусунда, анын ырчылык өнөрү тестиер кезинен башталган. Кыргыздын оң-солуна белгилүү акындардын бир тобу менен айтышып, акындык өнөрдүн ары татаал, ары кызыктуу жолун басып өткөн. Ал кезде акындыктын Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Калмурза, Эсенаман, Барпы сындуу айныксыз авторитеттери турчу. Анан да эл арасында ырчылык өнөрдүн таасири күчтүү болчу.

Ботобай ырчы куюлушкан саптарды комузсуз шыдыр төккөн, жоргонун майин жүрүшүн элестеткен сөз кынабын тизген. Ал жемиштүү чыгармачылык өмүрүндө көп акындар менен айтышка түшүп, нукура өнөр жарышында мөрөйү үстөм чыккан. Анысын замандаштары баалаган, көпчүлүк акындар чогулган жыйындарга, өнөр жарыштарына катышкан, совет бийлиги кыргыз жерине орногуча эле элине таанылып калган. Анан чыгармачылык дем-шыгы совет бийлиги кезинде күүсүнөн тайып, артынан “басмачыларга кошулган” деген тикенектей айың кеп ээрчий баштаган.

Эмнеликтен жана кандайча белгилүү ырчынын басмачылар катарына барып калышы, арасында канча жүргөнү белгисиз. Ботобай ырчы жандап жүрдү делген Жаңыбай паңсат, Сабыр, Самат деген адамдар кимдер болгон, каршылык кыймылда алар кандай орунду ээлешкени тууралуу да маалымат жок. Ага карабастан, улуу акындын душмандары мына ушул жагдайды ыктуу пайдаланып, аны активдүү чыгармачылыктан четтеткен, калкына таанымал акын көз көрүнөө унутта калтырылган.

Совет заманында чыгармалары жазылбай, унутта калтырылган таланттуу акындардын узун дегидей тизмеси бар, ага Кайыпназар, Кожоназар, Сатылган, Шамсидин, Туяк ырчы, Бала-Курман, Бекназар, Ботобай, Доорон, Жаманкул Бөрүбай, Жөжө акын, Каракурман, Карамырза, Кара ырчы, Муса, Нышан, Орозаалы, Сыдык, Ташмат, Бабык Молдо, Бечел, Аамат дагы башкаларды кошууга болот.

Ботобай ырчыдан азырынча белгилүү «Күлүк аттын сыны», «Терме», «Сүйүү», «Ленин тууралуу ырлар» деген чыгармалары гана калды.

Кыңкайып эл суусумал,

Абыт келди кызылдан.

Ырыскысын кошкондон,

Ботобай келди Бостондон.

Ушул төрт сап азырга чейин көркөм сөзгө жакын ноокаттыктардын оозунан түшпөй, такай эскерилип келатат. Акын өзү тууралуу:

Өнөрү экен өзүмнүн,

Ырдап жүргөн ирасми.

Айтышып жүргөн адатым,

Ада болбойт санатым.

Гавимда жоктур санатым,

Ырдап жүрөм ар жерде, - деген.

Пенде баласынын жашоо-турмушу, күн менен түн, жакшылык менен карөзгөйлүк, утурумдук менен түбөлүк сындуу бири экинчисине каршы, ошол эле учурда ич ара толуктап турган философиялык терең маани Ботобайдын чыгармаларында бар көркү менен ачылган, ошон үчүн замандаштары анын талантына жогору баа беришип, талантын баалашкан.

Мукулусу болот муруттун,

Жааганы кетет пулуттун,

Жыловуда кыңыр бар,

Журт эгаси улуктун,

Мааниси улук марттиктин,

Кайыры болбойт каттыктын.

Гави жакпайт тантыктын,

Дөвү жүрбөйт мастыктын,

Ганымы улук гашлыктын,

Канааты болбойт ашлыктын,

Айбаты болот сүрлүүдүн,

Акылы даана тилдүүнүн,

Көңүлү жарым муңдуунун,

Кошуна болуп оокатка,

Колу узарат уулдуунун.

Кызматы болот кыздуунун,

Уяты болот йүздүүнүн,

Максаты болот балаңнын, - дейт акын дагы бир ырында.

Сөз берметин ыктуу кыйыштырып, ой менен маанини кынтыксыз кынаптаган саптары музыкалык аспапсыз төгүлгөн. Сап менен сап, уйкаштык, ойдун ырааты, анан да негизги ойдун таамай туюнтмасы уккан адамды муютуп, ой дүйнөсүнө тартып кетет. Сөз кудуретинин касиети ушундай болуу керек, убакыт өтсө да унутулбай айтылып, эскерилип, акындын көркөм дүйнөсү толгон тоскоолдуктарга карабай экинчи өмүрүн жашай берерин Ботобай ырчынын сакталып калган саналуу чыгармалары деле айгинелеп бере алат.

Кыргызстандын түштүк өрөөнүнө, Өзбекстандын көп жерине таанымал болгон Ботобай акын 1861-жылы Өзбекстандын Кожо-Абад районуна караштуу Каныя-Бостон деген кыштакта кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Айрым маалыматтарга караганда, акын өмүрүнүн алгачкы кезеңинде Өзбекстандан чыккан корбашыларга ырчылык кылып жүрөт. Кийин иштин түпкүлүгүн түшүнүп, алардан четтеп, куугунтукка алынат.

Акын 1944-жылы дүйнөдөн кайткан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG