Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:03

Жамакчылык өнөрдү жерибейли


Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга баш байге тапшыруу учуру.

Кыргызстандагы төкмөлүк өнөрдүн оош-кыйышы тууралуу Олжобай Шакирдин экинчи макаласы.

Бул жолу төкмөлөр таймашынын биринчи айлампасынан тартып, финалдык айтышка чейин Жеңишбек Жумакадырдын жылдызы жанды. Ал акыркы эки-үч жылдан бери чоң айтыштарга чыкпай келаткан. Күйөрмандары да сагынып калган белем, төкмөнү дуулдап коштоп кетишти. Адегенде казактын төкмө ырчысы Балгынбек Имаш менен беттешке чыкты. Өнөгү Касым-Жомарт Токаевди казак эли президенттикке шайлап алганын кубаттап ырдай койду эле, Жеңишбек ошол жерден туздады:

... Президент кантип шайланат,

Президент кантип айдалат –

Көрө элексиң тарыхта... , – дегенде эле зал дуулдай түштү. Андан аркысында да кебездеп мууздап, азил-чындуу кыска-нуска жамагы ордун тапты.

Нурсултан Назарбаев СССР тарыхынан бери саясий сахнадан түшпөй келаткан хан экенин эске салып, анык чындыкты ушул жерден күлкүгө ороду. Ырдын ток этер маанисин айтканда:

"Назарбаев сен бешикте оролуп жатканда эле бар болчу, \ ошондо деле хан болчу; \ кийин бакчага барганыңда, \ там-туң басып калганыңда, \ алгач Алиппе бетин ачканыңда деле хан болчу..." - деп залды дагы бир күлдүрдү. Анан эле "кийин мектепти бүткөнүңдө, \ турмуштун кемесине түшкөнүңдө хан болчу; \ сен аскерге барганда, кайра келип калганда, \ колуктуну алганда деле хан болгон деп чубурта ырдап келип, акыры Токаевге бийлигин өткөргөнү менен бирок, ошондо деле Назарбаев бийликти көшөгө артынан башкара берерин..." - ырдаганы – элдин эсинде көпкө сакталып кала турган кеп болду.

Айтор, “чү” дегенде эле авторитардык бийликтин бет кабын Жеңишбек Жумакадыр өтө маданияттуу сыйрып койду. Мындайга казак өнөктөшүнүн орундуу жооп табышы кайда, Балгынбек Имаш буга чейин канчалык дасыккан өнөрпоз болбосун, Жеңишбекке берген жообунда казак бийлигине чаң жугузбаган эле саптары менен чектелди.

Мурдагы айтыштарынан айырмаланып, Жеңишбек бул жолкуда казак атаандаштары менен кызаңдашкан эмес, дипломатиялык мүнөздө таймашты. Биз байкагандан мурдагы айтыштарда ал казак өнөктөштөрү менен таарынычтын тегерегинен чыкпаган маанайда айтышып, курулай намыска алдырып, кээде чычалап кетсе, бул мерте финалдык айтышка чейинки үч айтышында тең күйөрмандарынын купулуна толгон саптары менен баш байгени татыктуу жеңди.

Жеңишбек чыгармачылык чыйыры башталган кезде М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан актёрлук кесипке ээ болгону маалым. Ошол актёрлук өнөрү да төкмөлүк өнөрү менен шайкеш келишип, анысын финалдык беттештеги Айнур Турсунбаева менен болгон айтышта чебер колдонду.

Эл бул жолу Жеңишбектин мурда көнүп калган обонунда эмес, күтүүсүздөн эл шайыры Эстебес Турсуналиевдин аткаруусундагы белгилүү дастан “Жаныбек менен Гүлбайранын” обонуна салганы – залды шаңга бөлөп, кыз-жигиттин айтышы бап келер атмосфераны жаратты. Өзү да айтыштын логикалык байланышын бошоңдотуп жибербей, Айнур Турсунбаеваны лирикалык мүнөздөгү айтышка жетелеп келгени – чынында анын сахнадагы чоң чеберчилигин көрсөттү.

Эки күндүк айтышта Айнур Турсунбаева менен беттешкендердин ортосунда – бирде кайнененин, бирде азгырмалуу айымдын кылыгында кылтыңдаган Айнур Жеңишбекке келгенде да, ушул эле теманын айланасынан чыга алган жок эле, ошондон улам Жеңишбек:

... Болбоско сенин жубайың,

Сактаптыр бөөдө кудайым.

Эгерде күйөөң болгондо –

Жүрөктүн бүтпөй санаасы,

Кыйналып жүрмөк экемин,

Көңүлдүн бүтпөй жарасы.

Жарым саат эле айтышып,

Жарты чач түштү карачы!, – деген Жеңишбек башындагы тебетейин чечти эле, чын экен: чачтын жарымы түшүптүр. Зал дуу күлдү анысына. Мимикасы да жарашып турду.

Арийне, төкмөлүк өнөрдүн спецификалык өзгөчөлүгү ушунда эмеспи. Оозеки чыгармачылык айтышта бул өңдүү штрихтерди сөзсүз колдонуу керек. Себеби, элдик өнөр ошонусу менен элге жакын. Бул бир майда деталдай көрүнгөнү менен, оозеки чыгармачылык айтыштын бап келишкен калемпири, тузу дал ушунда.

Көрүүчүлөрдү жалаң эле жамакташкан саптар менен арбоо кыйын, андыктан удулу келген жерден Жеңишбектин: - ... Көңүлдүн бүтпөй жарасы, \ Жарым саат эле айтышып, Жарты чач түштү карачы! – деген куйкумдуу саптарынан кийин эле баш кийимин чече койгону – жогорудагы үч сапка жан киргизип жибергенсиди. Сөздүн салмагын да кыйла арттырып койду. Болбосо бул үч сап жамак мүнөзүндөгү ооздон чыгып кеткен эле тапан жооп сыяктанып калмак.

Мунусу бир жагынан көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүн жаратса, экинчи жагынан калыстар тарабынан чоң упай топтоого огожо болор табылга десек болот.

Рингдеги мушташта деле калыстар менен көрүүчүлөр эмнеге көңүл бурат? Албетте, нокаут же ногдаун кылар соккуларга. Албетте, төкмөлүк менен бокс эки башка нерсе, бирок Жеңишбектин биз сөз кылган сахнадагы табылгасы дал ошол бокстагы жарк эткендегидей көрүнүштөрдүн бири болду.

Ушул майда деталга кенен токтолгонумдун себеби, төкмө ырчылардын көбү мындай учурду колдон чыгарып жиберген көрүнүштөр арбын. Комузун кылдыратып, фантазияларын иштетпей копоюп отура беришет. Кээде залдагы көрүүчүлөрдү шыдырата төгүлгөн жамак деле зериктирип жиберет, андыктан сөз табуу, ой табуу менен эле чектелбей, кээде Элмирбек Иманалиевге окшоп комузда кол ойнотуп жибергендегидей, же Жеңишбектин дал ушул жолку айтышындагыдай штрихтерди ыңгайы келген жерден колдонуп кетүүсү – Элмирбек менен Жеңишбектин шакирттери үчүн өрнөктүү сабак болууга тийиш!

Жамакты жакшы мааниде да түшүнөлү

Биз оозеки жана жазма адабиятыбызды куштун кош канатындай сактап келаткан элбиз. Элдик адабиятыбыздын казынасы дээрлик жамак ырлардан турат. Чанууга мүмкүн эмес. Ал эми жазма адабияттан кезиккен жамакчылыктын жайы таптакыр башка. Андыктан төкмө ырчыларыбыздын оозунан төгүлгөн саптарды жамак термининде колдонуу орундуу деп ойлойм. Себеби, комуздун коштоосунда ыр төгүп аткан кишинин оозунан көркөм ой, көркөм дасмияны туюнткан саптар дайыма эле чууруп турбайт. Кези келсе, күтүүсүздөн көркөмдүү саптар чыгып кетиши ыктымал.

Негизинен көп учурда төкмө ырчыларыбыздын жамакташтырып ырдоодон башка аргасы жок. Ал эми жазма акындар толготуп отуруп кагазга түшүргөн ырлары жамак болуп калса – жазмакерге кечирим жок! Бирок биз көп учурда төкмө ырчылардын жамакчылыгына ичибиз чыкпагандай моюн толгогонубуз да адилетсиз дээр элем. Арийне, улуттук адабият илимибизде ушул мезгилге чейин терминдик түшүнүктөрдү калыптоого бир дагы адабиятчы, сынчы, тилчилер билек түрө киришпей келатканы жанды кашайтат.

Совет доорунда адабият таануу боюнча адистешкендин баары жазма акындардын жамакчылыгын ашкерелеген сындар арбын болуп келгенден улам, жамакчылык деген түшүнүктү биз көп учурда стереотиптик – терс мүнөздө кабылдап көнүп алгандайбыз. Чын-чынында төкмө ырчылыктын негизги өзөгү дал ошол жамакчылыктан турганын эске албай келебиз. Болбосо “Манас” баш болгон улуу эпосубуз менен кенже эпосторубуздан тартып, элдик адабиятыбыздын кайсынысы чылгый эле көркөм поэзиядан турат? Эч ким буга так кесе жооп бере албайт. Андыктан төкмө ырчыларыбыздын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөй келгенде, жамак же жамакчылык түшүнүгүн терс мүнөздө кабыл албашыбыз керек.

Азыр баары эле акын: жамакчысы да, төкмөсү да, жазмакери да. Акын деген түшүнүктүн өзүн оңду-солду колдоно берүү кыргызга өөн көрүнбөй калды. Айтор, баарыбызга төкмөлүк менен жазмалык өнөр бир кончко тыгылган буттан айырмасы жок бүгүн.

Ал эми кечээги оозеки чыгармачылыгыбыздын тарыхын карасак, Манас доорунда Ырамандын ырчы уулу делген, кийин Токтогул ырчы («Токтогулдай ырчы бол, /Толубайдай сынчы бол») деп эле айтылып келген… Ошондон улам төкмө ырчы деген түшүнүктү төргө өткөрө албай келатканыбыздан улам, бизде бүгүн акын деген түшүнүк оңду-солду колдонула берчү болду.

Оозеки ыр төккөнүн деле, кагазга ыр чүргөгөнүн деле акын атагандар четтен табылат. Жамакчылык түшүнүгүн акын дегенге жабыштырып алдык. Же муну адабий кваликациялык түргө бөлүп айтуу жөрөлгөсү да калыптанбады. Анын зарылчылыгын бир да адабиятчы, бир да тилчи эскертпей келатканы да кызык. Тилдик түшүнүктөрдү ордуна коё албай келатканыбызга – "ушул эми сөз сыйлаган элге жараша турган жосунбу?" - деп айта турган киши жок!

Ошондон улам жамакчысы, төкмө ырчысы, жазмакери болсун – баары эле акын. Дегеле акын деген түшүнүктүн маани-маңызы эмнеде? Акын бул – поэтикалык табылганын ээси го. Сөз сыйлаган кыргызда акындык өнөр да, ырчылык өнөр да мартабасы бийик түшүнүктөр. Андыктан эмнеге оозеки чыгармачылык өнөр өкүлдөрүн төкмө ырчы деп эле атабайбыз? Жогоруда эскертилгендей: оозеки адабиятыбыздын тарыхына келсек, Ырамандын ырчы уулу, Токтогул ырчы делген сыяктуу эле азыркылардын арасынан эмнеге Элмирбекти же Жеңишбекти; Азаматты же Аалыны ырчы дебейбиз?

Адатта, манасчылык өнөр бизде гана бар экенине сыймыктанабыз. О.э. төкмөлүк өнөр кыргыз менен казакта гана жашап калыптыр. Эң кокую, бүгүн кап-кайдагы ырчы-чоорчуларга эл артисти наамы берилип келгенине көңүл буралы да, дагы бир маселеге аң-сезимдүү ой калчап көрсөк. Маселен, эртең Жеңишбек Жумакадыр, же Аалы Туткучев, же Азамат Болгонбаевге мамлекеттик наам буюруп калды дейли. Болгондо да КРдин Эл артисти деген.

Эми ушул жерден суроо өзүнөн өзү туулат: артисттик кесип ээлери кимдер? Албетте, цирктин манежинде, же театр, же филармония сахнасында өнөр көрсөткөндөр. "Эл артисти" наамы ошолорго жарашат. Ал эми манасчы, дастанчы, төкмө ырчыларыбызга жарашабы? Орундуубу же жокпу? Кокус, манасчылардан Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков же Самат Көчөрбаевге "Эл артисти" наамы берилип калды дейли: булар ошондо артист деген түшүнүк жаратып калабы?..

Эгер манасчылык же төкмөлүк өнөр биздин элде гана бар экени чын болсо, эмнеге манасчыга же төкмө ырчыга "Эл артисти" наамы берилиши керек? Эмнеге "Эл ырчысы" деген наам берүүгө болбойт?.. Манасчы, дастанчы, төкмө ырчылар – булар элдик өнөрпоздор, элдик шайырлар. Демек, профессионал театр же цирк артисттеринен айырмасы асман менен жердей болуп турган соң – мамлекеттик наамдардын берилишинде да биринен экинчисин так айырмалай турган маани-маңыз болуш керек го?!

Андыктан сөз соңунда парламент депутаттарынын арасында адабият, маданиятка күйүп жүргөн эл өкүлдөрү: Садык Шер-Нияз менен Каныбек Иманалиев – эгер чындап эле төкмө ырчылардын өнөрүн өстүрүүгө кызыкдар болсо, ушул маселенин мыйзамдык жагына логикалык жактан чекит коюу демилгесин көтөрүп чыгар деген ишенимдебиз.

Ал эми төкмөлүк өнөрдүн оош-кыйышы туурасындагы жыйынтыктоочу кепти макалабыздын кийинки бөлүгүнө калтыра туралы.

Олжобай ШАКИР, публицист

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG