Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ардагер Сартаевдин кармалышы суроо жаратты


Камакка алынган аскердик укук коргоочу, Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна арыз жолдонду. Анын эмне себептен кармалганы тууралуу укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек.

Ардагер "Массалык баш аламандыктар" беренесине айыпталууда

Баш калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү менен айып коюлганын ырастап, андан башка маалымат бере элек. Ал бөлүк “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деп аталат.

Анвар Сартаев. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды
Анвар Сартаев. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды


Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевди милиция 1-февралда кармап, соттун чечими менен 1-апрелге чейин камакка алынганы ушул аптада белгилүү болгон. "Азаттык" азырынча Ички иштер министрлигинен иштин чоо-жайын тактай алган жок. Сартаевдин адвокаты Юрий Скатневский буларды билдирди:

"Аны массалык башаламандык уюштурууга айыптап жатышат. Бирок ал эч качан башаламандык уюштуруу менен алектенген эмес. Тескерисинче, аскерлердин, аскер ардагерлеринин кызыкчылыгын көздөп, алардын укуктары үчүн күрөшкөн. Ишмердигинде эч кандай мыйзам бузган эмес. Бул жерде, юридикалык жактан алганда анын кармалышы мыйзам бузуу менен коштолууда. Анын укуктары тебеленди. Биз баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп шаардык сотко апелляциялык арыз жаздык".

Аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоп жүргөн

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Сартаевди 10 жылдан ашуун убакыттан бери тааный турганын, анын камакка алынганын угуп таң калганын айтты:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Аскер кызматындагылардын укуктары бузулган учурларын ачыкка чыгарып, ошолордун укугун коргоп, дайыма жанына толтура кагаздарды алып жүрөт эле. Көрсө, аскер кызматынын ардагерлеринин арасында же үйгө ээ болбой, же социалдык жардамга жетпей, иштен кеткенден кийин унутулуп калгандары көп экен. Ошолордун кызыкчылыгын коргоп, мыйзамдын талаптарын аткарылышына жан үрөгөн киши. Машине да минбейт, жөө эле жүрөт болчу. Бийликти басып алуу максаты да жок, өкмөткө коркунуч да келтирбейт. 70ке таяп калган киши. Жапырт башаламан уюштурат деген кине - жомок", - деди укук коргоочу .

Анвар Сартаев мурдагы бийликтердин тушунда кыргыз армиясынын абалын сындаган бир канча билдирүүлөрдү жасап, басма сөз жыйындарын өткөрүп жүргөн. Куралдуу күчтөрдүн абалын жакшыртуу үчүн тийиштүү каражат бөлүнбөй, аскер ардагерлерине мамлекеттик камкордуктун начардыгын айтып, өкмөттү, анын ичинде Финансы министрлигин буга көңүл бурууга чакырган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Сартаев менен акыркы жолу былтыр күздө Бишкекте көчөдө кокустан кезиккенин айтып берди:

"Ал мага "башкы командачыга - президентке кайрылышым керек. 20 жылдан бери аскер ардагерлеринин чечилбей келаткан маселеси бар, ошону айтышым керек" деген эле. Өзүнүн чындыгы бар, коомго андай кишилер керек".

Анвар Сартаев ким?

69 жаштагы Анвар Сартаев Куралдуу күчтөрдүн ардагери.

1979-1992-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кандай командалык кызматтарды аркалаган.

1992-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө иштеген. 1996-жылдан бери Коргоо министрлигинин пенсионери.

2005-жылдан тарта аскер кызматкерлеринин, милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин таламын талашып, укуктарын коргоп жүргөнү менен белгилүү. Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ИИМдин ардагерлеринин укуктары, алардын турак жай, айлык маселеси боюнча билдирүүлөрдү жасаган.

2015-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлигин койгон. 2017-жылы президенттик шайлоодо да талапкерлигин көрсөтүп, кайра чакыртып алган. 2022-жылы Бишкектеги Биринчи Май округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

2021-жылы №16 Ноокен округунан депутаттыкка талапкер Акылбек Арстанбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү да болгон. Анда Арстанбековдун атаандашы Бактыбек Сыдыковдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, бирок чара көрүлбөдү деп нааразылык иретинде ачкачылык да жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG