Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

УКМК учак жүгү боюнча үн катты


Учак кулаган жердеги куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл
Учак кулаган жердеги куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кырсыкка кабылган учактагы жүк боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Анда учакта 77 тоннадай жүк болгону, Стамбулга жеткенден кийин анын эки тоннага жакыны кайра Бишкекке жөнөтүлөрү жана ал жүк JTI Kazakhstan LLC аттуу компанияга таандык экени айтылат.

16-январда таңга маал Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамындагы учак "Манас" аба майданынын жанынында Дача СУ конушунда кулаган жана апааттан 39 адамдын өмүрү кыйылган.

Атайын кызматтын билдирүүсү

УКМК кырсыкка кабылган учактагы жүккө байланыштуу айрым жагдайларды жарыялады. Анда буга чейин маалымдалгандай, жүктүн салмагы 85 тонна эмес, 76 тонна 758 килограмм болчу деп жазылган. Турмуш-тиричиликке керектелчү техникалар, мобилдик телефондор жана алардын жабдыктары болгону көрсөтүлгөн.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жүктүн эки тоннага жакыны “электр зажигалкалар” болгон, алар JTI Kazakhstan LLC компаниясынын буйрутмасы менен Бишкекке алынып келе жаткан. Бирок бул жүк оболу Стамбулга жеткирилип, анан кайра Бишкекке келмек.

JTI Kazakhstan LLC компаниясы тамеки индустриясы менен алектенген жапониялык Japan Tobaco International SA компаниясынын филиалы болуп саналат. Атайын кызматтын билдиришинче, алар Гонконгдон ташып келаткан жүгүн Кыргызстандын аймагында бажылык каттоодон өткөрүү жана өлкө ичиндеги түйүндөрүнө жеткирип берүү үчүн Globalink Logistics Group аттуу компанияны жалдаган. Кыргызстанда “электр зажигалкалар” сатылмак эмес, тамеки продукцияларды жарнамалоо максатында компаниянын соода өнөктөштөрүнө бекер таратылып берилмек.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

JTI Kazakhstan компаниясы жүк тууралуу комментарий берүүдөн азырынча баш тартууда. Бирок алар жалдаган Globalink Logistics Group компаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Анна Недугова “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биздин компания бул жүктөрдү Гонконгдон Бишкекке ташып келүү эмес, Кыргызстанга келген соң аны бажылык каттоодон өткөрүп, өлкө ичиндеги түйүндөрүнө жеткирип берүүгө келишим түзгөнбүз. Бизге JTI Kazakhstan компаниясы 12-январда Гонконгдо “электр зажигалкалардын” жүктөлүп жатканы тууралуу маалымат берген. Ошондон тарта бардык документтерди даярдап, Бишкекте күтүп жатканбыз. Биздин эсеп боюнча аталган жүк 20-январга чейин Бишкекке келмек. Жүктүн кандай багыт менен келери тууралуу биздин кабарыбыз жок. Ага жүктү ташыган авиакомпания жооп берет. Биздеги документтер боюнча жүк жөнөтүлгөн аэропорт Гонконг жана жүктү тосуп алуучу аэропорт Бишкек экени көрсөтүлөт. Бул жүк мыйзамдуу болгон жана ал үчүн бардык документтер бар.

Globalink Logistics Group ишканасынын өкүлүнүн билдиришинче, мындай кызматты алар көпчүлүк компанияларга көрсөтөт жана JTI компаниясы менен бир нече жылдан бери кызматташып келген.

Учак кулаган жер.
Учак кулаган жер.

Депутаттардын иликтөөсү

Апаатка учураган учактагы жүктүн таржымалын Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия да иликтеп жатат. Комиссиянын мүчөсү, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жүктүн айланасында шек санаткан жагдайлар дагы деле көп экенин билдирди:

- Жүктүн салмагы башында 85 тоннадан ашык деп айтылган. Азыр эми УКМКнын маалыматында 76 тоннадан көбүрөөк деп жазылыптыр. Мына ушундай жагдайлардан улам өзүнөн-өзү ар кандай бүдөмүк суроолор жаралып жатат. Бул жерде комиссияда кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы деле жок. Депутаттык комиссия бардык бүдөмүк суроолорду тактап иш алып барып жатат. Биздин максат кимдир бирөөнү каралоо же актоо эмес. Эгерде азыр айтылып жаткандай кандайдыр бир схемалар болсо ошолорду аныктап чыгуу. Калган иштерди атайын кызматтар, тергөө органдары, кырсыкты иликтеген эл аралык комиссия, өкмөттүк комиссия алып барышы керек. Бүтүндөй Кыргызстан үчүн трагедия болуп жаткандан кийин биздин комиссия жеке, бардык кызыкчылыктарды жыйыштырып коюп акты ак, караны кара деп тактап чыксак тарых алдында дагы, кырсыкта жабыркагандар, алардын тууган-уругунун алдында дагы жүзү жарык болот.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, коомчулуктагы дүрбөлөң сөздөрдү кыргыз өкмөтү учактын айланасындагы жагдай боюнча түшүндүрмөлөрү күчөттү:

- Компания өзү үч башка маалымат берип жатат. Биринчисинде, Бишкекке жүк алып келгенбиз деп жатат. Экинчисинде, май куйганы токтодук десе, үчүнчүсүндө, майыбыз деле бар эле, экипажды алмаштырмакпыз деп айтып чыгышты. Ушундай үч башка, башаламан, бири-бирине каршы келген расмий көрсөтмөлөрдү берип жатат. Ошондуктан күмөндүү суроолор дагы деле калууда. Аягына чейин дыкат иликтеп чыгышыбыз керек. Буга өкмөт дагы кызыкдар болушу керек. Эң негизгиси, өкмөт алдын ала адвокат болгонун токтотушу керек. Негизи өкмөттүн жүрүм-туруму, адвокат боло калганы көп шек туудурду. Башында эле өкмөт бизде да күмөн бар, текшерели деп өздөрү биринчи чыкканда коомдо мындай будуң-чаң болбойт эле.

Апаатка учураган учактагы жүк тууралуу атайын кызматтын маалыматы жарыяланганга чейин “Азаттык” да ал тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Анда кыргыз бийликтери буга чейин Бишкекке жүк түшүрүлмөк эмес деп келгени менен, Кыргызстанга багытталган жүктөр да бар болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылган.

Кандуу жүк кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:03 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG