Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Үй-жайы жок үлкөндөр...


Бишкек
Бишкек

Жогорку саясий жетекчиликтин жана аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин 2015-жылы толтурган декларациясы жарыяланды.

Андагы аткаминерлердин кыймылсыз мүлктөрүнүн тизмеси маалымат агенттиктеринин көңүлүн бурду. Бул ирет дагы бир топ аткаминерлер декларациясында үй-мүлкү жана ишкердик объекттери тууралуу үстүрт маалымат берүү менен чектелген. Ошол эле кезде айрым министрлер менен жетекчилердин тапшырган декларациясы такыр эле жарыяланган эмес. Муну мамлекеттик кадр кызматы маалыматтардын кезек-кезеги менен иштелип чыгышы менен түшүндүрдү.

Үйү бүтпөгөн финансисттер

Толтурулган декларацияларды жалпылап талдаганда, көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлердин үй-мүлкү жана кошумча киреше булактары жок болуп чыкты. Муну менен аткаруу бийлигинин көпчүлүк өкүлдөрү жалгыз мамлекеттен алган маяна менен гана күн кечирип жаткандай элес калтырат.

Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов

Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында аткаминерлердин үй-мүлкү тууралуу маалыматтар алфавиттик тартипте жайгаштырылган. Анда алгач эле Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун декларациясында анын жана жакындарынын эч кандай үй-мүлкү жок экени көзгө урунат. Каржы министринин мурдагы орун басары, ага чейин бюджет саясаты башкармалыгын жетектеген, эсеп палатасынын аппарат жетекчилигин жакында өткөрүп берген Самат Кылжыевдин наамында чакан жер тилкеси менен гараж гана катталган.

Самат Кылжыев көп жыл каржы тармагында иштегени менен, ушул кезге чейин үйү же батири жок экенин төмөнкүчө белгиледи:

- Өзүмдүн турак-жайым жок. Бирок жер тилкем бар. Мына ошол жерге эки-үч жылдан бери үй салып жатам. Ал бүткөндөн кийин декларацияда көрсөтөм да. Азырынча жер тилкесин анан гаражым бар экенин декларацияма жазгам. Буга чейин эне-атам менен чогуу турчумун. Үйлөнгөндөн кийин жер алып, үй сала баштадым.

Батирлеп жашаган министрлер

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы ушул күнгө чейин жеке турак-жайга ээ боло элек экен. Мына ошондуктан бул министрдин мурдагы декларациясы өзгөрүүсүз калганын көрүүгө болот. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев ишенимдүү башкарууга өткөн бизнесте 44 пайыз үлүшү жана аянты көрсөтүлбөгөн жер тилкеси бар экенин, бирок үй-мүлкү жок экенин белгилеген.

Социалдык фонддун мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин дагы турак жайы жок болуп чыкты. Ошол эле кезде айрым аткаминерлер жеке менчик турак-жайын башка бирөөгө каттатып коюп, бирок ошол эле турак-жайында ижарага алып жашаган кызматкер катары ай сайын мамлекеттен акча бөлдүрүп алып турган өнөкөт дагы мамлекеттик кызматта кеңири жайылганы айтылып келет.

Турдуназир Бекбоев
Турдуназир Бекбоев

Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоевдин наамына 5 гектар гана токой катталып, турак жайы жок болуп чыкты. Турдуназир Бекбоев учурда Бишкекте батирди ижарага алып турарын айтты:

- Мен азыр Бишкекте батирди ижарага алып жашайм. Квартирантмын. Бишкекте үйүм жок. Бишкекке 2014-жылы күзүндө келгем. Ошондон бери шаардын ар кайсы жеринде улам-улам батирлеп көчүп жүрөм. Негизи мурда үйүм бар эле. Бирок аны уулума каттатып бергем. Анан эми декларацияны жалган толтурсам, эртең эле жооп берүүгө туура келет да. Ошондуктан чындыкты айтып жатам.

Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тапшырган декларация мурдагы жылдардагыдан эч кандай деле айырмаланбайт. Президент Атамбаевдин наамына катталган кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерине кошумча-алымчалар киргизилген эмес.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдо жана анын үй-бүлөсүндө мурдагыдай эле 160 чарчы метр үй, жер тилкелери, сарай, айдоо аянттары жана жайыттар бар экени көрсөтүлгөн. Буга кошумча аянты көрсөтүлбөгөн соода күркөсү да киреше декларациясында жүрөт. Мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин өзүндө 264 чарчы метрлик үй, жубайында батир жана дача катталганы көрсөтүлгөн. Бирок ага караштуу мурда ишенимдүү башкарууга өткөн ишкердик объектилери эмнедегир 2015-жылдын киреше декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Эриш-аркак ишкердиктин илинчеги

Мурдагы транспорт министри, азыр президентке кеңешчи болуп иштеп жаткан Калыкбек Султановго жана анын үй-бүлөсүнө таандык делип эки үй жана имараттар көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде анын “Авангард стиль” жана “Елизавета” сыяктуу курулуш компанияларынын мүлктөрү декларацияга кирген эмес. Президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов анын үй-бүлөлүк ишкердигине таандык кыймылсыз мүлктүн бардыгы ишкер өнөктөштөрүнө ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилгендиги боюнча мындай деди:

- Мен 2011-жылдын аягында министрлик кызматка бардым. Ошондо эле мыйзамдын талабы боюнча тиешелүү ишкердик объектилеримди башка бирөөгө өткөрүп бергем. Азыркы учурда ал ишкердик объектилердин бардыгы мага карабайт. Менин тизмемде жок. Ошол үчүн бардыгын мамлекеттик кызматты аткарууга тоскоол болбосун деп өткөрүп берип, өзүмө үй-жайды эле калтыргам. Колумда калган үй-мүлктүн бардыгын декларацияда ачык-айкын көрсөттүм.

Эксперттердин баамында, мурда ишкердикте жүрүп, кийин мамлекеттик кызматка келген жогорку эшелондогу аткаминерлердин көпчүлүгү үй-мүлкүн жана бизнесин толук ачык көрсөтүүдөн тайсалдаган жагдайлар бар. Мына ошондуктан алар ашкере көптөй көрүнчү үй-мүлктөрүн башка бирөөгө жаздырып, өзүнө тиешелүү бөлүгүн гана киреше декларациясында белгилеп жаткандай.

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Анткени мамлекеттик жетекчи кызматында туруп, аткаминердин жакындары ишкердик менен алектенген учурларда тендерлерди өткөрүүдөгү кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам, каршылаш тараптын жана коомчулуктун айыптоосуна дуушар болгон саясатчылар дагы аз эмес. Алардын бири мамлекеттик каттоо кызматынын учурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев өзүнө караштуу компаниялардан эбак эле кутулганын айтты:

- Мен азыр мамлекеттик кызматта болгондуктан бизнесим жок. Анткени мен ишенимдүү башкарууга өткөрүп берсем деле, улам-улам эле ызы-чуу чыга бергендиктен “Градиент” компаниясын андан ары сатып жиберишкен. Азыр анын мага же менин жакындарыма эч кандай тиешеси жок. Себеби мына ошого байланыштуу компанияны улам эле саясий басым көрсөтүүнүн куралы катары мага каршы колдоно беришти да. Анан эми азыр ал компанияны биротоло жоюп жиберишти. Азыр эми биз толук мамлекеттик кызматтабыз. Декларацияда бир үй, бир батирди көрсөттүм. Андан башка келинчегимдин бир үйү бар. Ошондой эле бизге айыл чарба багытындагы жер тилкелери катталган.

Тизмеден аты чыкпаган аттуу-баштуулар

Ошол эле кезде мамлекеттик кызматчылардын 2015-жылдын декларация толтуруу өнөктүгүнүн жыйынтыгы боюнча үй-мүлкү тууралуу маалыматтары коомчулукка жарыяланбай калган аткаминерлер дагы бар.

Гүлмира Кудайбердиева
Гүлмира Кудайбердиева

Тизмеден азыркы учурдагы вице-премьер-министрлер Гүлмира Кудайбердиева менен Олег Панкратовдун үй-мүлкү тууралуу маалыматтар табылган жок.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун, анын биринчи орун басары Аалы Карашевдин, дагы бир орун басар Икрамжан Илмияновдун, коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун жана президенттин кеңешчиси Бусурманкул Таабалдиевдин үй-мүлкү боюнча толтурган киреше декларациялары жарыяланган эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана анын орун басарларынын үй-мүлкү туурасында да маалыматтар жок. Буга кошумча өкмөттөгү айрым министрлер менен мекеме жетекчилеринин мүлкү тууралуу маалыматтар ал тизмеге кирбей калган.

Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Жанара Иманалиева муну маалыматтар базасынын толук иштелип бүтө электиги менен байланыштырды:

- Башында эми өлкөнүн саясий жетекчилигинин киреше декларацияларын карап чыгып, маалымат бердик. Азыр андан кийин башка мамлекеттик органдардагы жетекчилердин мүлктөрү тууралуу маалыматтарды жарыялай баштадык. Андан кийин эми президенттик аппараттын жана өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин киреше декларациясы тууралуу маалыматтарды иштеп чыгып, анан күзгө жакын жарыялай турган болдук. Бизде бул боюнча тиешелүү жумуш графиги бекитилген. Мына ошого ылайык, маалыматтарды кезек-кезеги менен жарыялап турабыз.

“Кембагал” генералдар...

Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында жарыяланган декларация боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдо үч батир бар экени көрсөтүлүп, жакындарына бир эле чач тарач катталыптыр. Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин өзүнүн үйү жок болгону менен анын жакынына катталган эки бөлмөлүү батири бар экен. Анын биринчи орун басары Бакыт Жылтыровдун жакындарына бир батир катталган. Бирок Жылтыров ушул кезге чейин мамлекеттен турак жай ала электигин айтып, учурда батирде жашап жатканын мисал келтирди:

- Менде азыр эч кандай үй-мүлк жок. Боло элек. Жакында “мамлекеттен батир берилет” деп жатышат. Мен азыр мына ошол батир алууга кезекте турам. Жакында буюрса батир алып калабыз деген ойдо жүрөбүз. Азыр мен батирде ижарада турам.

Ошол эле кезде куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевдин өзү ушул күнгө чейин болгону 8 сотых жер тилкесине гана ээ болуп, бирок мамлекеттик кызматтын түйшүгүнөн улам, мына ошол жер тилкесине турак жай салууга колу бошобой жүргөнү белгилүү болду.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин өзүнө катталган турак жайы болбогону менен жакындарында бир батир, бир үй жана 600 чарчы метр жер тилкеси бар экен.

Генштаб башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орозматовдун өзүнө же жакындарына катталган эч кандай кыймылсыз мүлкү жок болуп чыкты. Генштабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Эргешбаев аскер жетекчилеринин чынында эле үй-мүлкү жокпу деген суроого расмий каттын негизинде гана жооп берилерин айтты.

Мындай көрүнүштөн Тышкы иштер министрлиги дагы куру эмес. Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиевге же анын кайсы бир үй-бүлө мүчөсүнө катталган мүлк жок. Мына ошондуктан Эмил Кайкиев жеке менчик турак жайынын жоктугуна байланыштуу азыр ата-энесинин үйүндө жашай турганын белгиледи:

- Мага жазылган турак жай жок. Менин ата-энемдин үйү бар. Мен мына ошол үйдө ата-энем менен бирге турам. Кандай болсо ошондой кылып декларацияны толтуруп, тапшырып бердим. Бул жерде эч кандай маселе деле жок.

Чара көрүүгө чама жетеби?

Бирок аткаминерлердин мына ошол мыйзам талап кылган декларацияларда келтирилген маалыматтарына канчалык ишенүүгө болот? Алардын үй-мүлкү тууралуу маалыматтар кийин текшерилип чыгабы? Анткени 2012-жылы мамлекеттик кадр кызматынын астында бул тармакты иликтөө боюнча атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аталган мекемелер аралык комиссиянын курамына салык кызматы, мамкаттоо жана укук коргоо органдары сыяктуу 12 бийлик органынын өкүлдөрү кирген. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Нурканбек Момуналиев декларацияда үй-мүлкү тууралуу жалган маалымат берген аткаминерлерге чара көрүлө турганын айткан болчу:

Нурканбек Момуналиев
Нурканбек Момуналиев

- Айрыкча саясий кызматта иштеген мамлекеттик кызматчылардын декларациялары текшерилип, алардын арасында менчигин туура эмес көргөзгөндөр болсо комиссияда каралып, андан ары прокуратура органдарына материалдары өткөрүлүп берилет. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча ар түрдүү деңгээлдеги бийлик органдарында иштеген мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларацияларынан дал келбөөчүлүктөр чыкты. Биз мына ошонун бардыгын Башкы прокуратурага жөнөтүп жатабыз.

Кирешелер тууралуу декларацияны толтуруу эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат. Бул бийлик өкүлдөрүнүн байлыгы тууралуу ачык-айкындыкты камсыз кылат. Бирок Кыргыз Республикасында бул милдеттүү түрдө декларацияны толтуруу жагы милдеттендирилгени менен, анда келтирилген маалыматтар текшерилип, ага жараша аткаминерлерге чара көрүлгөн учур ушул күнгө чейин каттала элек.

Декларациядагы жазылган маалыматтардын туура эместиги боюнча жоопкерчиликке тартуу жагы мыйзамда так каралбаганы себеп болуп келген. Бирок быйыл парламент мыйзамга мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин гана эмес, чыгашаларын да көрсөтүүсүн милдеттендирген жобону киргизди. Ага ылайык, мыйзам бузууга жол берген аткаминерлерге чара көрүлүп, кээ бир учурда Кылмыш-жаза кодексиндеги “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча жоопко тартууга негиз бар экенин укук таануу жаатындагы адистер белгилешет. Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматы боюнча, 2 миң 87 мамлекеттик кызматкердин тапшырган декларациялык маалыматтары текшерүүдөн өттү.

XS
SM
MD
LG