Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Мурдагы депутат жети жылга камалды


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мурдагы мүчөсү Музаффар Исаковду Жалал-Абад облустук соту жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды. Буга чейин Сузак райондук соту экс-депутатты шарттуу кескен өкүм чыгарган.

Музаффар Исаков айыл аймак башчысы болуп иштеп турган кезде айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай курууга мыйзамсыз бөлүп берип жүргөн деген киненин негизинде коррупцияга байланыштуу шек саналып, кылмыш иши козголгон. Былтыр декабрда депутаттык мандатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Жер сатуу үчүн айыпталгандар камалды

Экс-депутат Музаффар Исаковго карата Сузак райондук соту чектеген жаза өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов «Азаттыкка» маалымдады:

«Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 28-декабрдагы өкүмү өзгөртүлүп, Музаффар Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат»), 320-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылсын. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу менен жети жылга эркинен ажыратылсын. Бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынсын. Жаза мөөнөтү 2019-жылдын 14-майынан тартып эсептелсин».

Облустук соттун чечими менен экс-депутат жана аны менен кошо айыптуу деп табылган жергиликтүү бийликтин мурдагы үч өкүлү да беш жылдан кесилип, камакка алынды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган.

Мамлекеттик айыптоочу Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөнү жана анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган.

Бирок былтыр декабрда бул ишти караган Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Жергиликтүү укук коргоочу, Музаффар Исаковго каршы арызданган Анарбай Орозовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Музаффар Исаков Таш-Булак айылындагы жашоочулардын үлүш жерлерин сатып жиберген:

«Кызмат абалынан пайдаланып, райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мораторийге карабай, элге берилген үлүш жерлерди сатып жиберген. Беш сотых жерди 5-10 миң долларга чейин сатышкан. Ал жерлерди сатып алып, үй куруп алгандар учурунда мени жаман көрүшкөн, эми алардын үйлөрү мыйзамсыз болуп турат».

Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтү Жалал-Абад шаарына танапташ жайгашкандыктан, турак жай куруш үчүн өтүмдүү жерлер болгон.

Сугат жерге үй салып...

Активисттердин маалыматы боюнча, 2005-жылдан кийин айыл чарба багытындагы миңдеген гектар жерлер турак жай салууга берилип кеткен. Ушундан улам өкмөт 2009-жылы айыл чарба жерлерин турак жай салуучу жерге айландырууга тыюу салып, мораторий киргизген.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй салынган. Ал эми жалпы берилген жер тилкелеринин саны 42 миңге чамалуу.

2017-жылы Жердин трансформациясы боюнча мыйзам парламентте кабыл алынып, бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тарткан. Бул мыйзамга 2018-жылы августта президент Сооронбай Жээнбеков кол коюп, аны ишке ашырууну өкмөткө тапшырган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жалпысынан 9,1 миң гектар жер трансформацияланат.

Ушу тапта дыйкандардын үлүш жерлеринен тышкары Улуттук фонддун жеринин жалпы жер аянты 25% да жетпейт. Муну белгилеген депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Аалы Карашев айыл чарба жерлерин трансформациялоого көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылып, айыл чарба жерине этият мамиле кылуу зарыл экенин белгиледи:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Жерге өкмөт ээлик кылып турган учурда да 2006-жылдары миңдеген гектар жерлерибиз мыйзамсыз кетип калган. Айла кеткенде мораторий киргизилген. Биздин жерибиз резина эмес, чоюп бере берсек, жер түгөнөт. Улуттук фонддун жерин да берип атып, азыр 25% жетпеген жер калды. Ошондуктан тескерисинче, айыл чарба жерлерин трансформациялоону жергиликтүү бийликке берүүдө жакшылап ойлонуп, аны турак жай курууга берүүнүн тартибин күчөтүш керек».

Үй салууга берилген жердин орду кантип толукталат?

Өкмөт трансформацияга уруксат бергени менен айыл чарба багытындагы, сугат жерлер азайып кетүү коркунучу бар. Бул өз кезегинде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна зыян келтириши ыктымал. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Зиядин Жамалдинов «Азаттыкка» билдирди:

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

«Өкмөт мына ушуну эске алышы керек. Суулуу жерлерди турак жай куруш үчүн берип коюп, анын ордуна дыйкандарыбыз эгин-тегинди кайда эгет? Азык-түлүк коопсуздугу жаралып, башка мамлекеттерден көз каранды болбош үчүн, биз эң ириде ушуну эске алууга тийишпиз. Мындан тышкары мурда мыйзамсыз берилип кеткен айыл чарба жерлери кайрадан мамлекетке кайтарылышы зарыл».

Башкы прокуратура 2017-18-жылдары жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу 87 кылмыш ишин козгоп, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG