Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 11:15

Экс-депутаттын талаштуу жазасы


Коррупцияга айыпталган парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковго сот шарттуу жазага тартканы коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган "Коррупция" беренесин “Жер мыйзамдарын бузуу” беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратканы кабарланган. Прокуратура апелляциялык арыз менен кайрылар-кайрылбасы азырынча белгисиз. Бир катар талдоочулар арасында мандатын жаңы эле тапшырган экс-депутатка чыккан бул өкүм саясий сооданын жыйынтыгы же соттогу "бармак басты, көз кысты" көрүнүш катары бааланууда.

Мандат тапшыруунун мандеми

Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамкаттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган. Бул иштин күбөлөрү ар бир жер тилкеси 3000 долларга чейин сатылганы тууралуу тергөөгө көрсөтмө беришкени жарыяланган. Анда 315 жер тилкесинин сатылган орточо баасын эсептегенде бир миллион долларга чукул пайда табылганы белгиленген.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов Музаффар Исаков жакында депутаттык мандатын тапшырганда бул иштин жыйынтыгы боюнча мандем жаралганын белгиледи:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бийликчил партиянын депутаты Музаффар Исаков кызматтан өз ыктыяры менен буга чейин эле кетиши керек болчу. Анткени Башкы прокуратура депутатты “Коррупция” беренеси менен айыптап жаткандан кийин партияга көлөкө түшүрүп, парламентке залакасы тийбеши үчүн өз ыктыяры менен кетиши керек эле. Бирок ал андай кылган жок. Ал сот ишти карап, өкүм чыгарарда мандатын тапшырганы - ал өз каалоосу менен кетти деген кеп эмес. Ал депутаттык мандатын тапшырууга мажбур болду деген ойдомун.

2018-жылы тергөө кайра жанданып, Музаффар Исаковго айыбы угузулуп, аталган кылмыш иши сотко өткөн болчу. Жакында Сузак райондук соту анын өзүн жана шериктерин шарттуу жазага тарткан өкүм чыгарды. Бул иш боюнча алгач арызданган сузактык укук коргоочу Анарбай Орозов жер сатууга байланыштуу шек саналган экс-депутатка өтө эле жумшак өкүм чыкты деген пикирде.

- Бул жерде тоок уурдаган адамга тогуз жыл берилип, элдин акысын жеп, мамлекеттин мүлкүнө кол салган адам жеңил жаза менен кутулуп кеткени калды, - дейт ал. - Азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирип, мамлекеттин жерин саткан адам үч жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилет деген сөз анын түрмөгө камалбай, эркиндикте кала бере турганын билдирет. Мамлекет коррупция менен күрөшпөй эле элди алдап жатканынын бир далили. Бийликтеги кызмат адамдарынын арасында бул өкүм "жерди сатып, ишти кийин бүтүрүп койсо боло берет экен" деген коркунучтуу көз карашты калыптандырып жатат. Биз бул боюнча облустук сотко даттанабыз. Анан мамлекет башчысына “Депутат мандатын тапшырса эле анын жаза чарасы жеңилдеп калабы?” деген негизде атайын кайрылабыз.

Алмашкан берене, "адашкан чечим"

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысынын маалыматы боюнча парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковго жана анын шериктерине мыйзамдын негизинде өкүм чыккан. Анткени сотто бул иш боюнча “Коррупция” беренеси “Жер мыйзамын бузуу” беренесине которулуп, анан шарттуу түрдө жазага тарткан беренени колдонуу менен соттолуучуларга өкүм чыккан. Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов буларга токтолду:

- Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 28-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ал соттолуучу күнөөлүү деп табылган жана беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылга эркинен ажыратылган. Соттолуучуга белгиленген жаза Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде шарттуу деп эсептелип, үч жыл сынак мөөнөтү дайындалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 305-2 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берген кызмат адамдар айыппул төлөөдөн тартып беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Экс-депутат Музаффар Исаковго чыккан өкүмдө беш жылга чейин мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынып, бирок анын үй-мүлкү конфискацияланган эмес.

Мамлекеттик айыптоо Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөнү жана анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.

Юрист Кайрат Осмоналиев ишти караган сот “Коррупция” беренесин башка беренеге которуу менен анын жазасын жеңилдетүүнү көздөгөн деп эсептейт.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Коррупция оор кылмыштардын катарына кирет, - деп түшүндүрдү юрист. - Анан аны сот башка беренеге которуп туруп, ошонун негизинде шарттуу түрдө жеңилдетилген жазага тартканы туура эмес чечим болду. Анткени буга чейин иш тергелип бүтүп, прокуратура соттон ага канча сураганы белгилүү. Ошол “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. Анан сот мыйзамдан коркпой туруп аны башка беренеге которгону байкалат. Болбосо ал өзү чыгарган өкүмдө эмне себептен берене башкага которулганын жана жеңилдетилген шарттуу жаза колдонулганын негиздеп, түшүндүрүп бериши керек эле. Түшүнүксүз сот өкүмү чыккандыктан бул жерде аталган иш сотто жең ичинен бүткөрүлгөн го деген бүтүмгө келүүгө болот. Менимче, прокуратура органдары кийинки соттук инстанцияга даттанып, бул өкүм бузулат болуш керек.

Апелляция берилер-берилбеси белгисиз

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова экс-депутат Музаффар Исаковдун иши боюнча мамлекеттик айыптоо райондук соттун өкүмүнө каршы облустук сотко апелляциялык негизде кайрылар-кайрылбасы азырынча белгисиз экенин айтты. Анын айтымында, коррупция боюнча коюлган айыптоо соттук териштирүү учурунда өзгөртүлгөн.

- Апелляциялык мөөнөт он күн эмеспи, - деди ал. - Мен бул боюнча өткөн жума күнү чалып сураганда биздин башчылар "бул иш боюнча облустук прокуратура апелляцияга берүүгө негиз барбы же жокпу, өзү карап көрөт" деп айтышкан. Ошондуктан апелляциялык кайрылуу болору азырынча белгисиз. Прокурор соттон күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жазасын өтөө менен 12 жыл эркинен ажыратууну сурады. Сот болсо анын жазасын шарттуу түрдө карап койду. Бул жерде сот Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесин колдонуу менен 7 жыл берип, анан үч жылга сынак мөөнөтүн чегерип койду.

Парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Музаффар Исаков жана анын менен кошо соттолгон адамдар боюнча Сузак райондук сотунун өкүмү он күндөн кийин күчүнө кирет. Ага чейин облустук сотко кайрылуу түшпөсө, анда райондук соттун өкүмү өзгөрүүсүз калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG