Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Жер трансформациясы башталды


Бишкектин чет жакасы. 2010-жылдын апрель айы.
Бишкектин чет жакасы. 2010-жылдын апрель айы.

Өкмөт айдоо жерлерге там салынып калган тилкелерди трансформация кылып, мыйзамдаштыруунун негизги этабына киришти.

Айрым айдоо сугат жерлеринин категориясын өзгөртүү тууралуу мыйзамга президент быйыл август айында кол коюп, өкмөткө аны ишке ашырууну тапшырган. Өкмөт мекеме аралык комиссия түзүп, жалпы республика боюнча жерлердин контуру жана салынган курулуштар боюнча реестрди тактап бүткөндөн кийин убактылуу жобо иштеп чыкты.

Жободо ар бир райондук акимчиликте жана Бишкек менен Оштон башка шаарлардын мэрияларында атайын комиссия түзүлөрү, жер ээлери ошол комиссияга кайрылып, жери трансформация болор-болбосун биле алаары жазылган. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында трансформацияны күтүп жаткандардын маселеси өзүнчө мыйзам менен чечилмей болду.

Өкмөттүк аппараттын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, жалпысынан 9 миң гектардай жер трансформация болгону жатат. Ар бир жер ээсинин арызы өзүнчө каралат.

Алмаз Жээналиев.
Алмаз Жээналиев.

- “14 миң гектар” деп реестр түзүлгөн, - деди ал. - Ошонун 9 миңдейи трансформация болот. Калганы – 2009-жылдан кийин там салынып калган участоктор, күйдүргү бар же жогорку чыңалуудагы электр зымдары салынып калган жерлер, трансформация болбойт. Муну элибиз туура түшүнүшү керек. Себеби кийин чоң оору чыкса же электр зымдары үзүлүп, адамга залака тийсе “мына, силер трансформация кылып берген жер” деген сөз чыкпашы үчүн ошону ачык айтып жатабыз.

Убактылуу жободо комиссиялардын иш тартиби, жарандардын кайрылуусуна жооп берүүнүн жана корутунду чыгаруунун так мөөнөтү жазылган. Белгилүү болгондой, трансформация боюнча мыйзам долбоору алгач иштелип чыккандан бери эле “2009-жылдын 31-июлуна чейин там салынып калган үйлөр” деп каралып келет.

“Трансформация” кыймылы өкмөттөн бул маселенин чечилишин тездетүүнү талап кылып бир нече жолу акция өткөргөн. Уюмдун координатору Бекназар Айталиев бул жолу тизмеге кирбей калган жерлер боюнча да чечимди кечеңдетпеш керек деп эсептейт.

- Өкмөттүн бул чечимин көпчүлүк көптөн күткөн, - деди активист. - Буюрса, иш жакшы жагына чечиле баштаганы үчүн бир чети эл ыраазы. Бирок 14 миң гектар жердин 5 миңдейи калып калууда. Ошол жерге там салып жашап жаткандардын тагдыры арсар бойдон турат. “Муну эми экинчи этап менен бүтүрөбүз” деп депутаттар да айткан. Ошол этапты тездетиш керек. Себеби “2009-жылга чейинкилер” деп эле туруп алышты – бул Бакиевдин учурундагы жерлер. Атамбаевдин учурунда да кетип калган жерлер бар да. Өкмөттүн ар кандай түзүмдөрүнүн, жергиликтүү башкаруунун чалагайымдыгынан жерлерди учурунда көзөмөлдөй албай, там салынып кеткен.

Айталиевдин айтымында, трансформацияга кирбей калган 5 миң гектар жер - негизинен Чүйдүн Аламүдүн, Сокулук райондорундагы тилкелер, андыктан ал жакта аягына чыга элек соттук териштирүүлөр болушу ыктымал.

Ошону менен катар Айталиев азырынча бардык тиешелүү маалымат элге жеткиликтүү болуп жатканын, бирок райондук комиссиялар иштей баштаганда, буга чейинки тажрыйбаны эске алганда, коррупциялык элементтер пайда болушу ыктымал экенин кошумчалады:

Бекназар Айталиев.
Бекназар Айталиев.

- Мисалы, Эшмат менен Ташматтын жери кошуна болуп, бириникин “мыйзамга туура келет” деп трансформациялап, экинчисине келгенде акча сурап же кандайдыр бир бут тосуу болсо дароо бизге билдиргиле, ордунан чечкенге аракет кылуудабыз. Муну өкмөткө да жолуккан жерден айтып жатабыз, “кол ийрисине тартып кетпесин” деп. Реестрге жана мыйзам талабына ылайык иш жүргүзүлсө эл да ыраазы болуп, нааразычылык деле болбойт.

“Түрдүү жагдайлар чыгышы ыктымал” дегенге өкмөт да даяр. Аткаруу бийлиги “мындай коркунучту ар кандай шылуундар пайда кылышы ыктымал” деп, элди этият болууга чакырууда.

Атап айтканда, Мамлекеттик экотехинспекциянын жерди пайдаланууну коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева кандай гана суроо пайда болбосун, расмий бийлик өкүлдөрүнө кайрылыш керек экенин айтты:

Мен жер ээлерине кайрылып, шылуундарга алданбоого чакырат элем.

- Жер маселеси абдан олуттуу болгондуктан алдамчылар, “мен трансформация кылып берем, мага мынча акча бер” деген топтор да абдан күч ала баштады. Муну айрыкча опурталдуу Аламүдүн жана Сокулук райондорунун акимдерине айттык. Мен да жер ээлерине кайрылып, ошондой шылуундарга алданбоого чакырат элем. Андан көрө бизге келип түшүнүк алышсын, айыл өкмөттөрүнө барып маалымат алышсын.

Ал арада трансформация маселесине айрым адистер каршы болуп жүрүшөт. Алар сугат жерлер ансыз да тартыш болуп жатса там салууга уруксат берүү туура эмес деп эсептешет.

Айнура Кенжебаева трансформация болгону жаткан жерлер кагаз жүзүндө сугат болгону менен, чынында аларга там салынып, адамдар жашап жатканы факт экенин айтты. Ошондуктан ал эми бул мыйзам жерлерди тактап, иретке келтирүүгө багытталган социалдык документ болуп эсептелерин билдирди.

2005-жылдан кийин айрыкча Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен турак жайлар курулган. Бирок сугат жерге үй салууга уруксат жок болгондуктан бул үйлөр мыйзамсыз.

Алмаз Жээналиевдин айтымында, өкмөт 9 миң гектар боюнча ишти келерки жылдын биринчи жарымында жыйынтыктоону көздөп жатат, баары жер ээлери арыз жазып кайрылганына жараша болот.

Өкмөт буга чейин маалымдагандай, жалпысынан 40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырылат. Бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, 200 миң адамдын маселеси чечилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG