Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 10:23

26 жаштагы кыргызстандык Медербек Канатбек уулу бир жарым жыл мурда Анталияга иштегени келип, бирок спортко болгон ышкысына туруштук бере албай, эми жеңил атлетика боюнча жергиликтүү спортчулар менен машыгып жаткан кези. Ал Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо алдыга озуп келген он күлүктүн бири болду. Көп кырдуу таланттын ээси Медербек мекенге болгон сагынычын ыр саптарына жана обонго салып, келечекте китеп чыгарууну кыялданат экен.

4-мартта Анталия шаарында өткөн "Runanatolia" марафонунда 10 чакырым аралыктагы жарышка 26 өлкөдөн сегиз миңдей спортчу катышты. Анда Кыргызстандын атынан чыккан 26 жаштагы Медербек Канатбек уулу марага онунчу болуп жетти. Бул анын чет өлкөдө катышкан биринчи кесипкөй марафону экен.

- Марафон мага дем-күч берди. Көптөгөн каалоo-тилектерди уктум. Эң маанилүүсү - өзүмө ишенич пайда болду. "Мындан кийин да спортто жаңы ийгиликтерге жетсе болот турбайбы" деген ойго келдим.

Медербек Канатбек уулу марафондон кийин мекендештери менен.
Медербек Канатбек уулу марафондон кийин мекендештери менен.

Медербектин Анталияга келип иштей баштаганына бир жарым жыл болгон. Кыргызстандан алган билими боюнча ширетүүчү. Бирок курулушта көп иштеген эмес.

Спортко берилген Медербек Бишкектен эле кесипкөй жеңил атлетика менен машыкчу экен. Чуркап жүрүп бутун кокустатып, операция столуна жатып чыккан. Айыккандан кийин көр оокаттын айынан Түркияга учуп кеткенин айтып отурду.

- Түркияга жаңы келгенде тил билчү эмесмин. Эмгек визам да жок эле. Дароо иштеп кетүү кыйын болду. Көп өтпөй "түрк тилин билбесе деле алабыз" деген наабайканада иштей баштадым. Ал жактан көп нерсени үйрөндүм, такшалдым. Азыр эми официант болуп иштеп жүрөм. Анан ушул марафонго катышам деп жумушумду таштагам. Бир жарым ай Эвшан аттуу түрк байкенин үйүндө жаттым, ал мени машыктырды. Мен аны сыйлайм, урматтайм. Ал мага инисиндей эле мамиле кылат.

Медербек - Анталия аймагында жашап, эмгектенип жаткан алты миңге жакын кыргызстандыктын бири.

Анталия туристтик аймак болгондуктан Кыргызстандан баргандардын көбү тейлөө кызматында иштейт. Кыз-келиндер бала багып, кары кишилерди карап эмгектенсе, эркектерди кара жумуштарга алышат.

Медербек мигрант мекендештеринин спорт менен машыгууга үндөп келет.

- Чуркап жүрүп жашоодо көп нерселерди түшүндүм. Спорт менен машыкканым үчүн иште чарчабайм. Чуркап машыгып жүргөндө дениң сак болуп, жакшы ойлор, идеялар келет. Мисалы, марага жетем деп стимул койгондой эле жашоодо да иштин маңызын чыгарып жасаганга аракет кылам. Ар бир киши өзүнө ылайык спорттун түрүн тандап алып, аз да болсо машыкса өзүнө эле жакшы. Өзгөчө чет жакта жүргөндө дениң сак болот дегендей. Бирок мен Анталияда кыргыздардын спорт менен машыкканын көп байкаган жокмун. Кээде чогулуп футбол ойноп калышат.

Медербек Канатбек уулу, Анталия шаары.
Медербек Канатбек уулу, Анталия шаары.

"Спорт - менин жашоомдун негизги бөлүгү" деген каарманыбыз ыр да жазат. Толкунданып, эргүү келген учурлар сөзсүз ыр саптарына айланат.

- Кыргызстанда жүргөндө көбүнчө сүйүү, ата-эне жөнүндө ырларды жазчумун. Түркияга келгенде башка сезимдер пайда болуп, мекендештер, Ата Мекен жөнүндө жазчу болдум. Бул жактагы жердештеримди көрүп ичим ачышып, боорум ооруйт. Жок дегенде ырларым менен дем-күч берип, колдоо көрсөткүм келет. Жан дүйнөм ооруп турганда чуркап же ыр жазып бугумду чыгарам.

Мекен күтөт, унутпа

Бакыт издеп жолдор чыгат мекенден,
Байпагы жок корлор чыгат мекенден.
Балдарым деп кымбатыбыз апалар,
Бөлүп-жарып эрдик кылып эченден.

Макул болуп кырчынына тагдырдын,
Жүрөктө бар балдар үчүн жан кыйгын.
Ким ойлонот сенин бейиш ичиңди?
Сен алпештеп кыргыз кылдың, жан кылдың.

Өзгөчөсүң, сүйкүмдүүсүң апалар.
Кечиримдүү болсун эми каталар.
Кемчиликти кетирбеген адам жок.
А бирок сен абийириңди ката бар.

Урматтаймын урматымды булгаба.
Жалаң бойдон чыгып барам жылгага.
Жаман болсоң, жаман бойдон кала бер.
А бирок сен намысымды булгаба.

Медербек Таласта туулуп-өскөн. Түркияга келгенге чейин Бишкекте, Орусияда кара жумуштарда иштеген. Айылдагы ата-энесине каражат жөнөтүп, аларга жардам берет.

- Келгенден бери тапкан акчамды ата-энеме, карындашыма жөнөтүп жатам. Бул жакта калып, өзүмө акча топтоюн деген оюм жок. Спорт менен машыккандан кийин жакшы тамактанып, витаминдерди алып ичүү керек. Анан албетте, бут кийим түтпөйт. Кыргызстанга жөнөткөн акчадан калса дароо чуркаганга ылайыктуу бут кийим алам.

Кыргызстандан жумуш издеп келип, бирок Түркиядан колдоо таап, өзү сүйгөн жеңил атлетика менен машыккан Медербек келечегин спорттон көрөт. Анталия шаарында демөөрчү таап, ар түрдүү марафондорго катышуу ниети бар. Жүзгө жакын ыр түрмөгү жана элүүгө жакын обондуу ырлар топтомун чогултуп китеп чыгарууну көздөп жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG