Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Чыр чыккан айылдагы тосмолор алынды


Мадумаров чырдан жабыркагандарга жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Мадумаров чырдан жабыркагандарга жолукту

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан баш-аягы тогуз адам жараат алды.

Чек аралаш Баткен районунун Көк-Таш айылынын аймагында чыккан чырда кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Тажик тарап үч киши жабыркаганын айтууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары – Башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабынын башчысы Хикматулла Пираков баштаган эки тараптын 19-декабрдагы сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуулар «Кызыл-Бел-автожол» (КР) жана «Гулистон-автожол» (ТР) өткөрмө бекеттеринде болду. Анда тараптар мамлекеттик чек арада чек арачылардын жүрүм-турумун сактоону, инциденттердин мындан ары күчөшүнө жол бербөөнү жана чырлуу жагдайлардын алдын алууну сүйлөштү.

Мекемеден ырасташкандай, кездешүүлөрдө эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн аппараттарынын өз ара карым-катышына өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар маалымат алмашуу, чек арадагы аялуу тилкелерге көңүл бурууну күчөтүү жана ал тилкелерде эреже бузуулардын алдын алууга басым кылууну макулдашты.

Натыйжада кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашылбаган тилкелерге Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары орнотуп алган тосмолор бузулуп, толук алынып салынды.

Мамлекеттик чек ара кызматы 19-декабрь, саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экендигин кабарлады.

Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча маселе көтөрүлгөн. Анда депутат Зиядин Жамалдинов чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алды.

- Баткенде эл «эртең эмне болуп кетет?» деп коркуп жашап жатат. Чыр чыкканда эле өкмөткө айтабыз. Өкмөт болсо «болду сүйлөшүп койдук, протокол түздүк» дейт. Үч-төрт ай өтпөй кайра эле жаңжал чыгат. Делимитация жана демаркация маселесин тез арада чечиш керек. Антпесе чыр токтобойт. Болбосо өкмөт ай сайын келип иш ордунан жылып жатабы маалымат берип турсун, - деген сунуш киргизди Жамалдинов.

Ал депутат Улан Примов Мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түштүк аймакка көчүрүүнү сунуштады.

Парламенттин 19-декабрдагы жыйынында ал чек ара жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелер Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталарын мисал кылды.

Мамлекеттик чек ара кызматы 18-декабрда тараткан маалымат боюнча Ички иштер министрлигинин ички аскер кызматкерине, Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Ички иштер министрлигинин үч кызматкери жана жергиликтүү бир тургун ар кандай жагдайда жараат алган.

Чыр учурунда ок тийгендер.
Чыр учурунда ок тийгендер.

Булардын ичинен ИИМдин ок жеген кызматкерине Баткен облустук ооруканасында операция жасалып, калгандарына медициналык тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүн Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди:

- Учурда жараат алгандарга жардам көрсөтүлдү. Чек ара кызматынын өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусуна жөнөп кетти.

Баткен облустук администрациясы өкмөттүн өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Көк-Таш айылында кездешкенин кабарлады.

Тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү. Облус башчылары чек аралаш аймакта абалды турукташтыруу, катталып жаткан чыр-чатактарды болтурбоо жана чыгуу себептерин аныктоо, жоюу боюнча сөз кылышты.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Көк-Таш айылында кездешти.
Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Көк-Таш айылында кездешти.

Акрам Мадумаров Көк-Таш айылынын эли менен да жолугушту. Ал бир нече талапты койгон калкка ар бир окуя эки тараптуу, дыкат иликтенип тийиштүү чаралар көрүлөрүн, жабыркагандарга жардам берилерин убада кылды.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда эртең менен чырдашып, бири-бирине таш ыргыткан. Аны басуу аракетинде дароо эки тарап сүйлөшүүгө чогулган кезде жаңжал уланып, ок атылып кеткен.

Тажикстандын бийлиги болсо кыргыз айылындагылар тажик тараптын эки тургунун - айылдын имамы Содикбой Набиев менен мектеп окуучусу Умедджон Сафаровду урганы үчүн чыр чыкканын билдирген.

"Азаттыктын" тажик кызматына Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Мындан кийин кайым айтышуу башталып, таш ыргытууга өтүшкөн.

Чек арадагы чырдан кийин чогулган эл.
Чек арадагы чырдан кийин чогулган эл.

Бирок Кыргызстандын Көк-Таш айылынын тургуну Акпарили Маассыдков болсо чырды тажик тарап баштаганын айтууда.

- Элге кыйын болду. Ар бир кишинин күнүмдүк турмушу бар. Бийлик чечкиндүү кадамга барбаса болбойт. Элди “оюнчук” катары көргөнү туура эмес. Кимдир-бирөө буга чекит коюшу керек.

Ушул эле айылда буга чейин 16-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын кошуна жашаган тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, буга Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаганы себеп болгон. Нааразы болгон жергиликтүү 30-40тай киши чогулуп, тараптар чатакташа кеткен.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров кыргыз бийлиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын белгиледи:

- Учурда абал туруктуу. Президент жана өкмөт тарабынан чек араны тактоо максатында бардык күч-аракеттер жасалып жатат. Мындан тышкары өкмөт аралык делимитация, демаркация комиссияларынын отурумдары болуп жатат. Бул маселени чечүүгө убакыт керек. Анткени эки мамлекет биргеликте чечиши керек. Албетте, мындай чечилбеген аймактарда чыр-чатак байма-бай болуп турушу ыктымал.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков өкмөт делимитация, демаркация маселесин чечмейинче чек ара маселеси жеңил бүтпөй турганын белгиледи.

- Чек араны тактоо өтө оор процесс. Бир мамлекет чечип койчу маселе эмес. Делимитация, демаркация процессинде көптөгөн варианттарды пайдаланса болот. Эки мамлекет жер алмашуу жолу же коридор берүү жагы менен келишимге келсе да болот.

Чек арага байланышкан чыр-чатактар чек аралаш аймактарда байма-бай чыгып келет. Адам өлүмү менен коштолгон акыркы жаңжал быйыл 16-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде чыгып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атылган.

Чырга Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине тажик тарап курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Анда кыргыз тараптан чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Тажик тарап «бул тилке ижарага алынган» деген негиз менен аны өзүнө караштуу деп эсептесе, кыргыз тарап ал жакты тактала элек чек ара тилкеси катары белгилеп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG