Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Бишкек "Газпромбанктын" насыясынан баш тартты


Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.
Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.

Бишкек шаар мэриясынын орусиялык “Газпромбанктан” 50 миллион доллар насыяны 12 пайыздык үстөк менен алуу тууралуу меморандуму токтотулду.

Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары Орусиянын “Газпромбанкынан” насыя алуу демилгесине кескин каршы чыгып келишкен. Алардын бири “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты, бюджеттик комиссиянын мүчөсү Канатбек Музуралиев мындай деди: ​

- “Газпром Кыргызстан” мэриянын облигацияларын алып, Орусиядагы “Газпромбанктан” бизге насыя алып бермек. Бирок пайызы менен эсептегенде насыянын көлөмү 5 миллиард сомдой болмок. Ал эми Бишкектин жылдык бюджети эле 9 миллиарддай. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, 5 миллиарддык насыяны биздин бюджет көтөрө алабы же жокпу? Мэрдин тегерек-четиндеги адамдар туура эмес маалымат берип, ушуга түрткөн. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деп, Атамбаев бийликте турганда токтомдорду ойгелди кабыл ала беришкен.

Былтыр 25-декабрда ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Орусиянын “Газпром” компаниясы менен автобустарды сатып алуу тууралуу меморандумга кол койгон. Меморандумга ылайык Бишкек шаарынын мэриясы “Газпромбанктан” 50 миллион долларлык насыяны 12 пайыздык үстөк менен беш жылга ала турган болгон.

Өкмөттүн мындай демилгесин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да кубаттап, тиешелүү токтом кабыл алынган. Бирок көп өтпөй мэрия Бишкек шаардык кеңешине кат жазып, мэриянын бюджети мындай ири насыяны төлөй албай турганын айтып, мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарууну жана автобустарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүп берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев кабарлады:

Алмаз Кененбаев.
Алмаз Кененбаев.

- Пайызы эле жылына 315 миллион сом болот экен. Шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясы мэриянын бюджетин карап жатканда "андан көрө ошончо каражатты пайызына төлөгөндүн ордуна автобус сатып алалы" деп чечим чыгарган. Натыйжада 315 миллион сомго кошумча 67,5 миллион сом кошуп беришти. Ошентип,​автобус сатып алганга 382,5 миллион сом ​каражат бөлүндү.

Азыркы учурда Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууга шашылбайт. Бул маселе эми сентябрга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен да каражат талап кылынарын жана ошол себептен азырынча иш ордунан жылбай турганын мындайча негиздеди:

- Автобустарды сатып алууга кетчү каражаттын кайсы бир бөлүгү шаардын бюджетине кирген. "Эми республикалык бюджеттен да кайсы бир бөлүгүн карап беребиз" деген сөз болгон.

Атыкановдун айтымында, азыр сатылып алынуучу автобустардын так баасы жана маркасы белгисиз. Ал бюджет аныкталып, тендер жарыяланган соң гана аныкталат.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы ал арада Бишкекте автобустар үчүн атайын газ куюучу станцияны да куруп жиберүүгө жетишкен. Бирок компаниянын өкүлдөрү алардын негизги максаты насыя берүү эмес экенин айтышат.

"Газпромго" караштуу май куючу жай.
"Газпромго" караштуу май куючу жай.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын директорунун кеңешчиси Азамат Алдыяров учурда мурда жетишилген меморандумда каралган схема токтотулганын жана азыр алар мэриянын чечимин күтүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул меморандумдун негизги максаты насыя берүү эмес, Бишкек шаарынын транспорттук, экономикалык жана экологиялык проблемаларын чечүү болчу. Азыр эми мэриянын өзүнүн каржы булактары пайда болгондуктан биз бул схеманы токтотуп койгонбуз.

Бишкек шаарынын быйылкы бюджети 8,5 миллиард сомдү түзөт. Быйыл автобустарды сатып алууга андан 382,5 миллион сом каралган.

Борбор калаада транспорт көйгөйү курч экени быйыл 2-апрелде билинген. Анда маршрутка айдагандар иш таштаган. Алар милдеттүү камсыздандырууга каршы чыгып, айыппулдун көлөмүн азайтууну жана тарифти көтөрүүнү талап кылышкан. Автобус-троллейбустар жетишпегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйгөн. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG