Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Бишкек мэриясы 10 млн. сомдук автобустарды сатып алат


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Буга байланышкан токтом бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында коалициялык көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.

Бул документтин негизинде мэрия муниципалитетке таандык баалуу кагаздарды сатыкка чыгарып, “Газпромбанктан” насыя алууну көздөп турат. Айрым депутаттар миллиарддаган сомго насыя алуу шаардык бюджет үчүн чоң тобокелчилик экенин айтып жатышат.

10 миллион сомдон айланган автобус

Бишкек шаардык мэриясы 350 миң муниципалдык облигацияны сатыкка чыгарат. Ар бири 10 миң сомдон айланат деп болжолдонгон облигация 3,5 млрд. сом алып келет жана ал акчага автобустар сатып алынат.

Мэриянын ушундай сунушту камтыган токтомунун долбоорун Бишкек шаардык кеңеши жума күнү кезексиз жыйында талкуулады.

Депутаттарга маалымат берген вице-мэр Ренат Макеновдун айтымында, баалуу кагаздарды “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен Социалдык фонд сатып алууга даяр. Ал үчүн “Газпромбанк” 12 пайыз үстөк менен “Газпром Кыргызстанга” насыя берүүгө макул:

Ренат Макенов.
Ренат Макенов.

- Биз “Газпромбанк”, “Газпром Кыргызстан” жана Соцфонд болуп көп тараптуу меморандумга кол койгону жатабыз. Бир жылда облигацияларды сатып, ошол эле жылы автобустарды да алып бүтүшүбүз керек. Булардын бардыгы 2018-жылы бүтүшү керек.

Вице-мэрдин маалыматы боюнча, ар бир автобустун баасы 10 млн. сом болот. Мэрия жыл сайын насыяны жабыш үчүн шаар казынасынан 800 млн. сомго чейин сарптайт. Насыянын мөөнөтү 2025-жылы аяктайт.

Редакциядан: Көңүл бура турган нерсе, 3,5 миллиард сомду 350 автобуска бөлсө чын эле 10 миллион сом чыкты. Болжол менен доллардын курсу 70 сомдон эсептегенде да бир автобустун баасы 143 миң долларга барабар экен.

Шаардык кеңештин депутаттары баалуу кагаздарды сатууну "тарыхый чечим" катары баалашты. Ошол эле учурда бул жерде чоң тобокелчилик бар экенин белгилешти. “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Кубанычбек Конгантиев "мэриянын тарыхында 3,5 миллиард сомго сатып алуу боло электигин" айтты.

Бишкек.
Бишкек.

Документ толук процедурадан өтпөй калды

Талкуунун жүрүшүндө токтомдун долбоору жалпы жыйынга шаардык кеңештин тиешелүү комиссияларынын бүтүмү жок коюлганы тууралуу сөз болду. Ушуга байланыштуу депутат Кубанычбек Конгантиев комиссиянын бүтүмүн чыгарып туруп, андан кийин маселени жалпы жыйында кароону сунуш кылды.

Ушундай маанилүү документти чоң мыйзам бузуу менен кабыл алуунун кереги барбы?

- Биздин регламентте бардыгы так жазылып турат. Бюджетке байланыштуу токтом кабыл алынып жаткан соң шаардык кеңештин бюджет жана регламент боюнча комиссияларынын бүтүмү керек. Азыр беш мүнөткө жыйынды токтотуп, эки комиссия чогулуп отуруп, өз чечимдерин беришсин. Бул келишим - эртең микроскоп менен каралчу өтө олуттук келишим. Ушундай маанилүү документти чоң мыйзам бузуу менен кабыл алуунун кереги барбы? Эртең бизге жана мэрияга нааразылык болбошу үчүн прецедент түзбөй эле койбойлубу?

Токтомго карата шаардык кеңештин комиссияларынын бүтүмүнүн жоктугу депутаттарды эки жаатка бөлүп, талкуу кызыл чекке талашка чейин жетти. “Республика – Ата Журттан” Канат Музуралиев ал тургай мурда мэрия сатып алган автобустар боюнча маселе кандай бүткөнүн эске салды.

- Буга чейин комиссиянын бүтүмү менен иш алып барып келгенбиз, эмне үчүн азыр кереги жок болуп калды? Качанкыга чейин биз ушундай кошоматчылык кылып жүрө беребиз? Бул жерде 3,5 миллиард сом деген оңой акча эмес. Мунун бардыгы эртең биздин бетибизге түшчү кара так. Буга чейин мэрия сатып алган автобустардын аягы кандай бүткөнүн унутуп калдыңарбы?

Бишкек.
Бишкек.

Оппозициясыз кабыл алынган токтом

Ушундай кайым айтышуудан кийин азчылыкты түзгөн “Республика – Ата Журттун” депутаттары жыйындан чыгып кетишти. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Эрнис Докенов токтомду кабыл алууга мыйзам жол берерин мындайча негиздеди:

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

- Кезексиз сессияда каралган маселеге комиссиянын корутундусунун кереги жок. Анткени бул токтомго биздин укук жана финансы бөлүмүнүн корутундусу бар. Ошондой эле шаардык кеңеште коалиция таркагандан бери комиссия мүчөлөрү азырынча аныктала элек. Ошондуктан кайсы комиссия аркылуу корутунду чыгарганы жатабыз? Маселе ыкчам кароону талап кылып жатпайбы!

Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк, “автобус алыш үчүн муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча эмиссия шарттарын бекитүү” жөнүндө токтомду алымча-кошумчалары менен кабыл алды.

Облигацияларды сатуу менен мэрия 2025-жылы насыялардан толук кутулат. Натыйжада келерки жылы “Газпромбанктан” алынган 3,5 млрд. сомду Бишкек шаарынын бийлиги пайыздык үстөк менен 5 млрд. сомдон ашыгыраак өлчөмдө кайтарып бермекчи.

Мэриянын маалыматында жаңы сатылып алынчу автобустар газ менен жүрүп, экологияга зыяны аз болот. Бишкек шаарында 1 млн. ашык адамга 120 автобус эсептелип, бул жалпы муктаждыктын 20 пайызын гана түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG