Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Дарыгер вируска шектүүдөн пара талап кылганбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунун Чоң-Алай районунда коронавируска шектүү катары обсервацияда жаткан адамдан дарыгер акча талап кылганы тууралуу маалымат иликтенип жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди:

«Азыр жеринде комиссия түзүлүп каралып жатат. Мындан тышкары ички иштер органдары да иш алып барат. Ички иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгын беришсин. Ошого жараша чара көрөбүз. Дабагерлер ал киши ооруканада жатып алып, «мен канча төлөйм» деп чөнтөгүнөн беш миң сомдук акча чыгарып, ыргытып, «акча берейин, мени кетиргиле» деген чагым кылганын, кетирбей койгондон кийин ызы-чуу сала баштаганын айтышууда. Ал жаран өзү үй карантиндин режимин сактабай качып кетип калыптыр».

Буга чейин Чоң-Алайдын тургуну Жаныш Эрматов райондук ооруканага обсервацияга жаткырылган бейтаптардан дарыгерлер 2 миң сомдон акча талап кылып жатканын, коронавируска шектелип, бирок анализи таза чыккан тургундардан пара талап кылганын айтып «Азаттыкка» кайрылган.

Жаныш Эрматов
Жаныш Эрматов

«Биз обсервацияга алынган учурда ден соолугубузду текшербестен «силер жаткан күнүңөргө карап акча төлөйсүңөр» деп акча маселеси башталды. Обсервацияга алынгандар, COVID-19га чалдыккандар эч кандай акча төлөнбөй бекер кайрылат, аларга 8 миң сомдон 170 миң сомго чейин акча каралып жатат дегенин буга чейин уккан элем. Аны дарыгерлерге айтсам тартыш башталды. «Азыр элибиз нанга акча таппай, баары карантинде болгон учурда биз кайдан акча табабыз?» деп айтсам «сен кыйкырып жатасың, сен мыйзамды бузуп жатасың» деген сөздөрдү айтып, мени кайра коркутушту», — деди Эрматов.

Эрматов дарыгерлерге акча төлөө боюнча суроо узатып жатканын видеого тартып алган. Тасмадагы дарыгер: «Эгер анализиңер таза чыкса, жаткан күнүңөргө карап төлөйсүңөр», - деп жооп берген.

Чоң-Алайда бир адам коронавирус жуктуруп алган. Ошондой эле вируска шектелип бир канча адам обсервацияда жаткан.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым тууралуу маалымат берген. Анда дарылоо бекер экени жана дарылоону каржылоо төрт түрдө ишке ашып жатканын билдирген:

Абдикеримов.
Абдикеримов.

"Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Бардык чыгашалар бюджеттен каржыланат. Дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7 988 сом (жеӊил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миӊ 807 сом (өтө оор) сарпталат".

Жалпысынан 12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга иштегенге акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт иштей элек.

12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG