Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкек кадимки жашоосуна кайтып келди


Бишкек. 11-май, 2020-жыл.
Бишкек. 11-май, 2020-жыл.

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи этабында эл көп топтолгон тармактардын иштешине уруксат берилди.

11-майдан баштап чакан финансы уюмдары, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк жана туризм агенттиктери ишке кирди. Мындан тышкары курулуш материалдары менен автоунаа тетиктерин саткан базарлар да эшигин ачты. Буга чейин автобустар жана троллейбустар да каттамга чыга турганы айтылган. Бирок коронавирустун жайылып кетишинен кооптонгон Бишкек мэриясы коомдук транспорттун жүрүшүнө уруксат берген жок.

Бишкектиктер Баткен базарынын ачылышын көпкө күттү. Себеби жаздын келиши менен курулуш иштери башталган эле. Дүкөндөрдө материалдар кымбат, анын үстүнө каалаганыңды таба албайсың. Сатуучу Нуркалый Дубанаев сантехникага керектүү жабдыктарга суроо-талап көп болуп жатканын айтты:

«Соода кылып жүргөнүмө 10 жыл болду. Быйыл биринчи жолу карантинге байланыштуу үйдө отуруп калдым. Базарларда адамдар көп болгондуктан чектөөлөрдү туура эле кабыл алдык. Үй жумуштарын жасадым, балдарым менен онлайн сабак окудум. Базардагы ишкерлер үчүн карантиндеги каатчылык көп сезилген жок».

Дубанаевдин кардарларында болсо нааразылык көп. Себеби курулуш материалдары кымбаттап кеткен. Мындан тышкары кээ бир материалдардын таңсыктыгы да байкалат. Сатып алуучу Нурбек Сариев акчасы жетпей калганын айтып кейиди:

«Курулуш материалдары мурдагыдан кыйла кымбаттаптыр. Себеби чек аралар жабык деп айтып жатышат. Материалдын көпчүлүгү Казакстандан келет да. Мурда 300 сом турган нерсе азыр 350 сом болуп кетиптир. Быйыл курулуш баштап алган адамдарга кыйын эле болот окшойт».

Баткен базарындагы сатуучулар курулуш материалдарынын кымбаттап кеткенине доллар кунунун жогорулашы да себеп болгонун айтышууда. Аскат Базаркуловдун капчыгына карантинге чейинки жана азыркы учурдагы баанын ортосундагы айырма кадимкидей сезилди.

«Карантинге чейин үйгө төшөй турган ламинаттын чарчы метрин 460 сомго алгам, - дейт ал. - Азыр келип сураштырып көрсөм 530 сом болуп кетиптир. 70 сомго кымбаттаптыр. Мисалы, 200 чарчы метр алсаң ортодогу айырма 14 000 сом болуп жатат. Керектүүлөрдү карантинге чейин алып алгам. Болгону беш чарчы метр ламинат жетпей калды. Көп өлчөмдө алгандарга жаман болду».

Азыркы учурда ишине уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүккө кирбеген жарандар негиздүү себеби жок шаар ичин эркин аралап жүрө албайт. Ал эми 11-майда расмий жумушка киришкендердин жанында иштеген жеринен Мамлекеттик салык кызматы күбөлөндүргөн маалымкат болушу керек.

Ленин райондук салык кызматынын имаратынын алдында топтолгондор абдан көп. Алардын көпчүлүгү жумушунан берген документти күбөлөндүргөнү келген. Топтолгон адамдардын арасында жеке ишкер Жылдызбек да бар. Эртең менен салык кызматынын адистеринен телефон аркылуу маалымат алган эле. Керектүү документтери колунда болгону менен маалымкат бүгүн колуна тийбей калды.

«Биздин фирма салык жагынан Ленин районуна карайт, Соцфонддун төлөмүн болсо башка районго төгүп келебиз, - дейт ал. - Ошол себептен биздин документтерди күбөлөндүрбөй жатат. Эртең менен телефон чалып сураганда «келе бергиле» деген. Биздин ары-бери жүргөнгө убактыбыз жок. Кезекте эле көпкө туруп калдык».

Ленин райондук салык кызматынын жетекчиси Руслан Касымовдун айтымында, таң аткандан бери 300 кишинин маалымкаты күбөлөндүрүлгөн. Аталган документти тастыктатып жатканда салык боюнча карыздарды төлөө талап кылынбайт. Ал эл көп келгендиктен салык кызматынын адистери түшкү тыныгуусуз иштеп жатканын билдирди:

Патенттин негизинде иштеп жаткандар салык кызматына келбей эле койсо болот.

«Мекеменин жетекчиси же эсепчиси кызматкерлерине бере турган маалымкаттарды даярдап келиши керек. Биз болсо базадан текшергенден кийин аларды күбөлөндүрүп беребиз. Ошонун негизинде шаардын ичинде жүрүүгө болот. Ал эми патенттин негизинде иштеп жаткандар салык кызматына келбей эле койсо болот. Жумушуна патент менен эле барып келсе болот».

Бишкек шаарындагы ишмердүүлүктү кайра жандантуу милдети мэрияга жүктөлдү. 21-майдан баштап экономикалык ишмердүүлүктүн үчүнчү баскычы ишке кирет. Анда калкты тейлөө борборлору, соода борборлору, кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр, автомобил базарлары, коштоочу кызматтар, ошондой эле менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүсү, менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүсү жанданат.

Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам. 1016 адамдын 327си Бишкекте.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG