Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Сингер: Кыргызстанда вирус менен күрөш жогорку деңгээлде


Дэниэл Сингер.
Дэниэл Сингер.

АКШнын оорулардын алдын алуу жана көзөмөл борборлору Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүнү жогору баалап, өлкөнү колдоо максатында 1,38 миллион доллар каражат берип жатат. Бул акча кандай максатта, эмнеге жумшалат?

11-майда Бишкекте өзгөчө абал алынып, коомдук транспорттун ишке кириши күтүлүүдө. 8-майдагы маалыматтар боюнча, бир сутканын ичинде вирус жуккандар 11 киши болуп, жалпы саны 906 адамга жетти. Ооругандардын көпчүлүгү - баш калаа Бишкек менен Чүй облусунун тургундары.

Саламаттык сактоо министрлигинин адистери кыргызстандыктарды карантин чаралары алынса да оорудан коргонуш үчүн социалдык обочолонуу, жеке тазалык эрежелерин сактоого, адам көп топтошкон жерлерге барбоого чакырууда. Республикалык штабдын жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишканалардын жумушуна керектүү шарт түзүүнү тапшырды.

«Кыргызстанда оору менен күрөшүүнүн деңгээли жакшы»

Ал арада Кошмо Штаттардын оорулардын алдын алуу жана көзөмөл борборлору - CDCнин аймактык кеңсесинин жетекчиси Дэниэл Сингер Борбор Азия менен Кыргызстандагы коронавируска каршы чараларды жетиштүү деп баалады. Ал вирус биринчи катталгандан тартып Кыргызстанда коюлуп жаткан карантиндик талаптардан улам анын жайылышы басаңдап жатканын айтты:

«Биздин талдоо боюнча жумушка, соода жайларына баргандар карантин башталары менен дээрлик 60% азайды. Менин колумда азыр Кыргызстан тууралуу талдоо бар. Бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен оорунун тез арада жайылып кетишинин алдын алуу боюнча Кыргызстан абдан жакшы иштерди аткарды десек болот. Эми алдыда дагы жасала турган иштер көп. Обочолонгон, вирус жукпаган адамдарды тестирлеп чыгыш керек. Жалпысынан алганда коронавируска карата чөлкөмдө жакшы атайын чечимдер кабыл алынды. Анын ичинен Кыргызстандын аракетин өзгөчө баалагым келет».

АКШдан алынчу акчалай жардам

CDC Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 1,38 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүүдө. Буга чейин АКШ өкмөтү вирус менен күрөш үчүн Кыргызстанга 913 миң доллар каражат бөлгөн. Жардамдын максаты тууралуу Дэниел Сингер буларга токтолду:

«Биздин команда Кыргызстандын саламаттык сактоо сектору менен кызматташууга байланыштуу жумушчу планын толугу менен түзүп, аягына чыгып калды. Биз берген 100 миңдеген доллардык акчалай жардам Кыргызстандагы лабораторияларды жакшыртууга, керектөөчү каражаттарды сатып алууга жумшалмакчы. Муну менен өлкөдө ооругандарды аныктоо, сапаттуу тестирлөөнү жайылтуу каралууда. Ошондой эле биз кыргызстандык саламаттык сакчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатууда болгон кеп-кеңешибизди аябайбыз. Дайыма кызматташууга даярбыз жана вирус менен күрөшүүдө чогуу иш алып барууну көздөйбүз».

Саламаттык сактоо министрлиги АКШ өкмөтүнүн оор учурда көргөзгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирип, бөлүнгөн каражат жогоруда айтылгандай өлкөдөгү ооруну аныктоочу жайлардын сапатын арттырууга, анда пайдаланылган керектөөчү жабдууларды сатып алууга кетерин билдирди. Министрликтин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев CDC менен көп жылдардан бери кызматташтык жылуу мамиледе уланып келе жатканын белгиледи:

«CDC биз менен эң башкы өнөктөш катары көп жылдардан бери жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо багытында кызматташып келе жатат. Ошондой эле биздин эпидемологдордун кесиптик деңгээлин арттырууга да бир топ салым кошууда. Эми COVID-19 менен күрөшүүгө көрсөтүп жаткан жардамына ыраазычылык билдиребиз».

АКШ өкмөтүнө караштуу CDC мекемеси Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын саламаттык сактоо министрликтери менен иш алып барып, ар бир өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү, кызматты жакшыртыш үчүн жардам берип келет. Айрыкча жугуштуу оорулардын алдын алуу, кокус чыкса жасала турган аракеттерге өзгөчө көңүл бурууда. Бул багытта аталган мекеме Борбор Азияга жалпы суммасы 6,8 миллион доллардык каражат бөлдү.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы адам 18-мартта катталган. Андан бери Саламаттык сактоо министрлигине Кытай, Европа өлкөлөрү, АКШ жана бир катар эл аралык уюмдар колдоо иретинде каражат бөлүшүп, гуманитардык жардам беришти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG