Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

COVID-19: азайбаган оору, ойго салган сунуш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык ишмердүүлүктүн кээ бир түрүнө уруксат берилген 1-майдан кийин Кыргызстанда коронавирус табылгандардын көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары болуп жатат.

4-майда республика боюнча COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру аныкталды. Алардын 26сы Бишкек шаарында катталган болчу. 5-майдагы маалымат боюнча вирус жуктурган 13 адамдын сегизи борбор калаанын тургундары болуп чыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 69 жаштагы адам каза болгонун билдирди.

«№1 ооруканага кайрылып, ошол жерден пневмония диагнозу коюлган. 4-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулуп, лабораториялык анализинен коронавирус тастыкталган. Дарылоого карабастан, эски оорусу күчөп кетип, көз жумду. Кызы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендиктен текшерилип турган, анализи таза чыгып жаткан. Башка да жуга турган жолдору бар».

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 11 адам каза тапты.

Вирустун жайылып кетишинен кооптонгон Бишкек мэриясы болсо 11-майда өзгөчө абал режими алынгандан кийин да айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат.


4-майда өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова калаа аймагына кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырганы тууралуу аныктама көрсөтүшү зарыл болорун айткан.

Бул демилгени коомчулук терс маанайда кабыл алды. Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова талкуу жараткан сунуш боюнча мындай түшүндүрмө берди:

«Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецованын айткандары сунуш болчу. Чечим чыгарганга чейин дагы убакыт бар. Мындан тышкары чечимди жалгыз Кузнецова же Суракматов эле кабыл албайт. Акылдашып кабыл ала турган чечим болду».

Гуля Алмамбетова кошумчалагандай, мындай сунушка 1-майдан кийин борбор калаага башка аймактардан келип жаткан элдин агымы түрткү болгон.


Бишкек мэриясы сунуш кылып жаткан демилгени Ысык-Көл облусунун жетекчилиги 3-май күнү ишке ашырды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев бул чечимди жергиликтүү медицина кызматкерлери менен кеңешип кабыл алышканын айтты:

«Облус аймагына кирүүнү каалагандар экспресс-тест же ПЧР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө тийиш. Бул эреже Ысык-Көл облусунда катталган жарандарга дагы тиешелүү. Бирок экспресс-тесттер бизде жетишсиз болуп жатат. Жарандар тесттен башка жактан өтүп келиши керек».

Бишкек мэриясы сунуш кылган, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги кабыл алган чечимди Саламаттык сактоо министрлиги колдогон жок. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев мындай деди:

«Бул чечимди токтотуу боюнча 4-майда сунуш кирген. Ысык-Көл облустук ыкчам штабы бул маселени кайра карап чыгышы керек. Анткени чектөөлөрдү жалпы алгоритмге карап киргизүү абзел».

Буга чейин коронавируска анализдерди изилдөөгө Бонецкий жеке менчик лабораториясы тартыла турганы айтылган. Баасы 2000 сом болуп бычылганы кошумчаланган. Бирок аталган лабораториянын кардарларды колдоо кызматынын менеджери Дарья Устина каалаган эле адам анализ тапшыра албай турганын айтып берди:

«Жарандардан коронавируска анализ алуу долбоору даярдалып жатат. Азырынча жеке тараптарды тесттен өткөргөн жокпуз. Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен гана иш алып барабыз. Алар берген багыттаманын негизинде гана анализ алабыз. Азырынча долбоор качан башталары жана баасы боюнча так маалымат айта албайбыз».


Интернет колдонуучулары бул чечимди өкмөттүн акча табуу аракети катары сыпаттап жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко талап кылардан мурун шарт түзүш керек деген ойдо:

“Мындай чечимдер экономикалык ишмердүүлүктүн жанданышына тоскоол болот жана калктын карапайым катмарына сокку урат. Карантин маалында ачка калып, гуманитардык жардамга муктаж болуп отурган адамда каяктагы 2000 сом? Мамлекет жарандардан COVID-19 илдети менен оорубагандыгы жөнүндө аныктама талап кыла турган болсо, анда тестти бекер өтүүгө шарт түзүп бериши керек”.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG