Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Бишкек акырындап кыймылдай баштады


Машине оңдогон жай.
Машине оңдогон жай.

Өкмөттүн чечими менен 1-майдан тарта Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү жанданды.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү үч баскыч менен жандандырууну пландап жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-майдан тартып 20 миңге жакын ишкердик субъекти кыймылга келип, аларда иштеген 130 миңге чукул адам жумушка чыгарын билдирген. Жалпысынан тогуз тармакка иштегенге уруксат берилет.

Ошентип, 1-майда борбор калаанын ичиндеги тосмолор алынды. Жеке автомашина менен жүрүүгө чектөө жок. Мындан улам көчөдө да эл көбөйгөнү байкалууда. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары айрым жерлерде машинелердин тыгыны да пайда болгонун кабарлап жатышат.

Өкмөттүн чечимине ылайык, автобустар жана троллейбустар 11-майдан кийин гана чыга баштайт. Кичи автобустар (маршруткалар) боюнча чечим кабыл алына элек.


Бишкектин комендатурасы жалпысынан 120 миң киши жумушка чыкканын маалымдады. Алар: курулушта, өнөр жай тармагында, техникалык тейлөөдө иштегендер, чач тарач жана дүңүнөн соода жүргүзгөндөр, такси айдоочулары, нотариустар.

Ошто да жогорудагы багыттар боюнча иштегендерге уруксат берилип, шаарга кирген машинелер көбөйдү. Ошондуктан милиция көзөмөл күчөтүп, Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен эки көчөгө кошумча блокпост койду.

24-марттан бери өзгөчө абал режими өкүм сүрүп, ээнсирей түшкөн Бишкек шаарында бүгүн кыймыл жанданды. Борбор калаага мурдагыдай жай турмуш бир эле күндө кайтып келди.

«Болгон акчам түгөндү»

Техникалык тейлөө станциясында иштеген Ийгилик Аскербеков 1-майды аябай күткөн экен. Себеби «жер алып үй салсам» деп бир жыл бою топтогон каражатын карантин маалында түгөтүп, капчыгы жукарып отуруп калган. Өзгөчө абал режиминин акыркы күндөрү үй-бүлөсү үчүн аябай оор болгон экен.

«Карантин маалында болгон акчам түгөндү. Азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетип, бир кыйла эле кыйналып калдык. Мамлекет берген жардам бизге жеткен жок. Алар деле бир кап унду үчкө бөлүп таратып жатканын көрдүк».

"Кудайберген" базары.
"Кудайберген" базары.


Техникалык тейлөө станциялары ишке киргени менен тетиктерди дүңүнөн жана чекене саткан «Кудайберген» базары жабык турат. Айдоочулар бул аймактагы жалгыз тетик дүкөнүнүн алдында кезекте турушат. Машинага керектүү буюмду алыш үчүн бир адам бери дегенде жарым саат убактысын коротууда.

Айдоочу Адылбек Жакшыбаев эртеден бери ушул жерде жүргөнүн айтып нааразы болду:

«Үйдөн эртең менен саат ондо чыккам, азыр саат эки болду. Керектүү тетикти таппай жүрөм. СТОлорго уруксат бергенден кийин «Кудайберген» базарын да ачыш керек эле. Айдоочуларга арзан да болмок. Тетик жок болсо машинени кантип оңдойбуз?».

Өкмөттүн маалыматы боюнча машиненин тетиктерин саткан базарлар 21-майдан баштап ишке кирет. Аткаруу бийлигинин мындай кадамын айдоочулар да, машина оңдогон адамдар да түшүнбөй турган кези.

Такси кызматы, чач тарачтар да ишке чыкты

Такси кызматына да иштөөгө уруксат берилген. Талапка ылайык, айдоочулар санитардык эрежелерди сактап, салонго экиден ашык жүргүнчү салбашы керек. Мындан тышкары жүргүнчү ташыгандардын ар биринде уруксат кагаздары болушу керек. Бирок такси айдаган Рустам Юлдашев аталган документти алууда тоскоолдуктар көп болгонун билдирди:

«Таксиге электрондук өткөрмө кагазын алыш үчүн патент керек экен. Ал документти колдонуу мөөнөтү карантин маалында эле бүтүп калган. Жаңы патент алалы десек Салык кызматы жабык турат. Эми кантип иштейбиз?».


Чач тарачта иштеген Изати Турдубекова акыркы акчасын коротуп жумушуна такси менен жеткен. Транспортту эске албаганда шаардыктар үчүн жумушка келүүдө көйгөй жаралган жок. Калаанын сыртында жашагандар болсо Бишкектин кире беришинде коюлган блокпосттордо көпкө туруп калышууда.

«Бизге окшоп күнүмдүк жумушта иштегендерге аябай кыйын болду, - деди Изати. - Кыш бүтүп, эми иштейли деп жатканда карантин болуп калды. Эми мындан ары жакшы болот деп ишенебиз. Бүгүн кардарлар аз болду. Коомдук транспорт калыбына келсе көбөйөт болушу керек».

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ишин баштаган жайларда санитардык эрежелер сакталышы керек экенин билдирген. Азырынча бул жайлар текшериле элек.

Эми 11-21-майда эки баскыч менен экономикалык ишмердүүлүк толугу менен жанданат. Өкмөттүн чечимине ылайык, 11-майдан тартып микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, туристтик агенттиктер, жалпыга маалымдоо каражаттары, эл ташыган автобустар жана троллейбустар иштей баштайт. Ал эми 21-майда акча алмаштыруу жайлары, күрөөканалар, соода борборлору, кийим-кече жана машине саткан базарлардын ишине уруксат берилет.


Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG