Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Жемкорлукту жеңүүгө саясий эрк жетиштүү


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Мырзахит Мырзаев​ жиберген сунуш.

2018-жылдагы коррупциянын индекстик көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 132-орунду ээлеп, коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирген. Паракорчулуктун эң гүлдөгөн тармактары болуп бажы, салык, сот, укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, тоо-кен, экотехинспекция тармактары эсептелет. Жемкорлук мамлекеттик органдардан жергиликтүү органдарга чейин кулачын жайган.

Өлкөдөгү паракорчулукка себеп катары эксперттер саясий, укуктук жана эканомикалык факторлорду мисал келтиришет. Кыргызстандын шартында кантип жемкорлукту жеңсе болот, канткенде паракорчулуктан арылабыз? Мына ушул суроолордун айланасында жооп издөөгө аракет кылабыз. Коррупция менен күрөштө ондогон өлкөлөрдүн мисалын, басып өткөн жолун карап чыгып, паракорчулукту жеңүү үчүн төмөнкү үч негизги багытты сунуштайт элем:

  • Коррупция боюнча мыйзамдарды күчөтүү;
  • Эл аралык стандарттагы электрондук өкмөттү түзүү;
  • Укук коргоо, сот органдарын реформалоо.

Коррупция боюнча мыйзамдарды күчөтүү: Канада, Сингапур жана Гонконгдун өрнөгү

Канада. Канада мыйзамдарында жемкорлук коомго, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка карата олуттуу кылмыш, ал эми көпчүлүк учурларда өлкөгө чыккынчылык катары бааланат. Пара берүүчү да, алуучу да бирдей шартта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Коррупциялык кылмыш ишине катыштыгы бар депутат, жооптуу чиновник мамлекеттик чыккынчы катары олуттуу жазага тартылат жана автоматтык түрдө мандатынан, кызматынан ажыратылып, 14 жылга чейин камалат. Мамлекеттин паракорчулукка каршы күрөшүү тармагын атайын мамлекеттик антикоррупциялык комитет тескейт.

Сингапур. Сингапурдагы антикоррупциялык стратегия бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тыкыр көзөмөлгө алуу, этикалык стандарттардын сакталышына байкоо жүргүзүү сыяктуу үч негизги максаттарга багытталган. Сингапурда коррупцияга айыпталган чиновник өзүнүн гана эмес, үй-бүлөсүн да кооптуу абалга койот. Анткени үй-бүлө мүчөлөрүнө да чектөөлөр, туура көрүлгөн учурда катаал чаралар каралган.

Гонконг. Гонконг мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердеги банктардагы эсебинин жана байлыгынын булагын көрсөтө албаган чиновниктердин мал-мүлкү автоматтык түрдө конфискацияланып, өзү 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Паракорчулукка каршы ишмердүүлүктү Көз карандысыз коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясы алып барат. Бул органдын кызматкерлеринин айлык акысы башка күч органдарыныкына салыштырмалуу 30-40 пайызга жогору болуп, мамлекеттик мекемелерде паракорчулукка шек жаралган учурларда уруксатсыз текшерүү жүргүзүү укугу берилген. Комиссиянын өзү да паракорчулукка малынбашы үчүн комиссиянын иши дайыма билимдүү интеллигенция, коомдук уюмдар жана бизнес сектордун өкүлдөрү тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Сунуш:

  • Кыргызстанда да коррупцияга каршы көз карандысыз орган түзүлүшү керек;
  • Ал органдын иши бийлик тараптан эмес, жарандык коом жана бизнес сектордун өкүлдөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү керек;
  • Байлыгынын булагын көрсөтө албаган чиновниктерге кылмыш иши козголуп, мал-мүлкү мамлекеттин эсебине алынышы керек;
  • Коррупцияга айыпталган аткаминерлердин өздөрүнүн гана эмес, жакындарынын да жоопкерчилигин кароо керек;
  • Пара берүүчү да, алуучу да бердей шартта кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек;
  • Коррупция, кайсы деңгээлде болбосун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка карата кечирилгис кылмыш жана өлкөгө чыккынчылык катары бааланышы керек.

Эл аралык стандарттагы электрондук өкмөттү түзүү: Кореянын өрнөгү

Түштүк Корея - электрондук өкмөт системасын киргизип, экономикалык жана социалдык жактан мыкты секирик жасай алган жана ошондой эле бул жааттагы лидер өлкөлөрдүн бири. Маселенин тарыхына кайрыла турган болсок, 1990-жылдардагы Кореядагы экономикалык кризис, бийликти пайдасыз мамлекеттик органдарды реформа кылууга аргасыз кылган. Жалпысынан 17 миң чиновник кыскартууга дуушар болгон. Корея ошол жылдары мамлекеттик органдарга жаңы маалыматтык технологияларды киргизе баштаган. Андан кийин, 90-жылдардын аягында өлкөнү маалыматташтыруу боюнча негизги мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде салык жана бажы (e-Customs), мамлекеттик сатып алуу (Narajangteo) боюнча органдарынын иш-аракеттери толук электрондук түргө которулган. Бул жемкорчулукту максималдуу түрдө азайтууга өбөлгө болгон. Мунун жардамы менен Кореянын экономикасы дагы да тездик менен өнүккөн.

Электрондук өкмөт тууралуу. Корея өрнөгү көрсөткөндөй бажы, салык жана мамлекеттик сатып алуулар тармагын электрондоштуруу ашыкча бюрократиялашкан кагаз иштерин жөнөкөйлөтүп, бажы жана салык жыйымдарын электрондук төлөө ыкмасына өткөрөт. Башкача айтканда бажы жана салыктагы кагаз иштерин электрондук толтуруу, ал эми төлөөлөрдү электрондук төлөө бажы, салык тармагындагы жемкорчулукту минималдуу чекке чейин түшүрүүгө жардам берет.

Э-өкмөт жарандардын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусундагы тоскоолдуктарды жоюуга жана коррупцияны ооздуктоого да жардам берет. Жөнөкөй эле мисал, доктурга э-өкмөт аркылуу кезек алуу, тейлөө акысын доктурга эмес, электрондук төлөө саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюп, ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Дагы бир маанилүү жагдай жарандар керектүү тастыктама үчүн мамлекеттик мекеменин, мэриянын же айыл өкмөттүн эшигинде кезек күтпөй үйдөн эле э-өкмөттүн базасынан көчүрүп алат. Мындан сырткары салык суроо, төлөө, унааны, никени каттоо, жумуш издөө ж.б көптөгөн иштерди ашыкча бюрократиясыз Интернет аркылуу эле бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул жарандарга да ыңгайлуу болот.

Укук коргоо, сот органдарын реформалоо: Грузиянын өрнөгү

Грузияда 2005-жылдары эң масштабдуу реформа сот органдарында жүргүзүлгөн. Бул тармакты дээрлик кайра башынан түзүүгө туура келген. Анткени 1997-жылдан баштап киргизилген кээ бир чаралар өз максатына жетпей кескин начарлап кеткен. Реформадан соң сотторду тандоо, кайра даярдоо иши жакшы нукка өзгөрүп, судялардын материалдык базасы чыңдалган. Массалык маалымат каражаттарына ачык, адилет сот системасы пайда болгон. Мунун баары революциядан кийин бийликке келген Саакашвили баш чет өлкөлөрдөн билим алган кадрлардын аракети менен ишке ашкан.

Революцияга чейин Грузияда элдин милицияга болгон ишеними да төмөн болгон. Мисалы, 2003-жылы болгону 5 пайызды түзүп, эң криминалдашкан өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Бирок, бул көрсөткүч ИИМди реформалоонун жыйынтыгында 2010-жылга келгенде 87 пайызга чейин чыгып, Европа мамлекеттеринен да ашып кеткен. Милицияны реформалоо 2004-жылы башталып, эки жылдын аралыгында 85 миң милиция кызматкеринин ичинен 75 миңи жумуштан алынган. Алардын ордуна конкурс аркылуу жаңы, паракорчулукка малынбаган кызматкерлер алынган. Милиция патрулдук полиция деп өзгөртүлүп, МАИ да толук реформаланган. Айлык акылары башка органдарга салыштырмалуу бир топ жогорулатылган. Грузия полициясында коррупция фактылары такыр жок. Айып пулу же башка төлөмдөр бир гана банктар жана терминалдар аркылуу гана жүргүзүлөт. Грузия полициясынын иши түз жана кыйыр мааниде да ачык-айкын болушу үчүн полициянын имараттары айнек материалдар аркылуу салынган. Башкача айтканда полициянын ишмердүүлүгү элге ачык. Грузиянын бул жааттагы жөнөкөй бирок, ийгиликтүү, эффективдүү формуласы Кыргызстанга гана эмес жалпы постсоветтик өлкөлөргөда өрнөк болот алат.

Жыйынтыктоо

Мамлекеттик кызыкчылыкты өзүнүн, жакындарынын жана досторунун кызыкчылыгынан өйдө койо албаган президенттин, чиновниктин келечеги болбойт. Муну тарых бир эмес бир нече ирет далилдеди. Бирок, өткөндөн жетиштүү сабак албай келебиз. Кыргыз жетекчилеринде чындап жемкорлукту жоюу каалоосу болсо жогоруда аты аталган мамлекеттердин ийгилигин кайталаса болот. Бул утопия эмес чындык. Коррупция менен жасалма жана тандалма күрөш жемкорчулукту эч качан ооздуктай албайт жана бул аракеттер ар бийликтин трагедиясы менен бүтө берет. Жыйынтыктап айтканда жогорудагы мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу толугу менен мүмкүн. Буга саясий эрк жана каалоо гана жетиштүү.

Мырзахит Мырзаев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG