Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:01

Сотто иш бөлүштүрүүдөгү ишеним маселеси


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы төмөндөп кеткенин моюнга алып, ал үчүн уяларын жашырган жок. Төрайым бул сөздү судьяларга байланыштуу акыркы чуулуу окуялардан кийин айтты.

Кыргызстанда көз каранды эмес сот бийлигин калыптандырыш үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйүп жатат. Ошондой эле элдин судьяларга болгон ишенимин кайтаруу максатында соттук иштер автоматташтырылган система аркылуу бөлүштүрүлө баштаганы айтылып келет. Бирок адвокаттардын көбү мындан күмөн санап, иштер мурдагыдай эле буйрук аткарган судьяларга тандалып берилүүдө деп эсептешет.

«Кадыр-баркыбыз төмөндөдү»

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, соттордун кадыр-баркы төмөндөп кеткенин моюнга алды:

Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

- Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Биз аны моюнга алабыз. Кээ бир судьялар да кадыр-баркыбызды түшүрүп жатышат. Мен өзүм деле уялам. Мен судьяларга жолукканда «менин кадыр-баркым - силердин кадыр-баркыңар, ошондон чогулат» деп айтам. «Мен жалгыз эч нерсе кыла албайм» деп кайрылам.

Калиева бул сөздөрдү сот бийлиги сын-пикирлердин жаңы толкунуна кабылган учурда айтты. Жыл башында эле мыйзамсыз чечим чыгарганы үчүн бир судья кызматтан кетип, бирөөнү жумуштан алуу жөнүндө сунуш президенттин кароосунда турат. Коррупция үчүн айыпталып 12,5 жылга соттолгон Насирбек Алмаматовду бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясынын иши Тартип комиссиясында 31-январда каралганы жатат.

Бул окуялардан кийин коомчулукта сотторго болгон сын менен доомат күчөдү. Муну президентке арыздангандардын 42,5% сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу экени да көрсөтүп турат. Бийлик өлкөдө сот системасын жакшыртыш үчүн бюджеттен былтыр 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөнүн жарыялаган. Ошондой эле жалпы мамлекетте жүрүп жаткан санариптештирүү саясатынын алкагында иштерди бөлүштүрүү автоматташтырылып, сот залдары видеобайкоо менен жабдылып жатканы айтылып келет.

Жактоочулар системага ишенбейт

Расмий маалымат боюнча соттук отурумдарды электрондук форматка өткөрүш үчүн Кыргызстанда соттордо автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилди. Анын бир бөлүгү соттук иштерди автоматташтырылган түрдө судьяларга бөлүштүрүү болуп саналат. Жөнөкөй тил менен айтканда ишти кайсы судья карашы керек экенин мурдагыдай төрага эмес, атайын программа аныктайт. Бишкектин Аламүдүн райондук сотунун судьясы Азамат Узакбаев бул «төрагалар ишти буйрук аткарган сотторго бөлүп берет» деген сөздөрдү жокко чыгарыш үчүн ишке киргизилгенин айтты.

Бирок иштин баары программа аркылуу калыс бөлүштүрүлүп жатканына ишенбеген жактоочулар көп. Матраимовдордун арызы боюнча сотто «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев 29-январдагы жараянда ушул маселени көтөрдү. Ал Матраимовдордун үч медиага каршы арызын карап жаткан Бишкектин Свердлов райондук сотунун төрайымы Жылдыз Ибраимовадан ишти Ленин райондук сотуна өткөрүүнү суранып жатып буларды белгиледи:

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

- Бул ишти райондук соттун башка судьясы караганда биз күмөн санабайт элек. Бирок иштерди бөлүштүрүүчү автоматтык система ошончо соттун ичинен төрайымды тандап алганы шек жаратып жатат. Эгерде ишти кайсы судья карашы керек экенин компьютер аныктаган болсо аны тастыктай турган документ болушу керек да.

Соттордун түшүндүрмөсү боюнча компьютер жарандык, жазык, административдик жана экономикалык иштерди караган судьяларга адистигине жана анын оордугуна жараша бөлөт. Кийин төрага аны бекитет. Бирок сот бийлиги программа ишти кайсы судьяга бөлгөнүн кантип билсе болорун түшүндүрүп бере алган жок. Бул системанын иштеп жатканынан жактоочу Замир Жоошев да күмөн санап жатат. Ал ишти буйрук аткарган сотторго бөлүп берүү дагы эле уланууда деген пикирде.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Иштерди автоматтык негизде бөлгөн система болсо да ал иштеген жок, - деди адвокат. - Акыркы резонанстуу окуяларды эле алсак иштерди кайсы судья карай турганын программа эмес, соттордун төрагалары аныктап жатат. Мисалы, кайсы бир кишини далил жок болсо да камаш керек болсо иш ошол тапшырманы аткара турчу судьяга берилет.

Соттордун жүйөсү

Жогорку соттун консультанты Нуржамал Асылбекова иштерди автоматтык негизде бөлүштүргөн системага адам кийлигише албай турганын, программа ар бир судьянын иш жүктөмүн, графигин эске алып ишти бөлүштүрөрүн айтып жатат. Ал ошондой эле «система иштин карала турган күнү менен убактысын аныктайт» дейт.

Бишкектин Аламүдүн райондук сотунун судьясы Азамат Узакбаев башта адвокаттар айтып жаткан дооматтарга жооп берди.

- Компьютерге программа жазылган. Ага төрага жана башка адамдар таасир эте албайт. Система болсо ишти ага жазылган талаптар боюнча гана бөлүштүрөт. Кайсы иш кайсы судьяга берилерин алдын-ала билүү мүмкүн эмес, - деди судья.

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Ал эми адвокат Замирбек Базарбеков ишти автоматтык система менен бөлүштүрүү сот бийлигине болгон ишенимди кайтара албайт деген оюн ортого салды:

- Мен мындан калыстыкты деле күтпөйм. Бул жакшы система болушу мүмкүн. Бирок азыр компьютер эмес, андан башкасынын да тилин таап жатышат. Ал болгону иштин тез каралышын гана камсыз кылат.

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келет. Бул багытта бийлик реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Бирок сотторго карата коомчулукта сын-пикирлер токтой элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG