Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Муртазалиевдин бааланбай калган жеңиши


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында өкмөт ийгилик жараткан спортчуларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат деген нааразычылык көбөйүүдө.

Алар Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахманхажи Муртазалиев өкмөттүн көңүл сыртында калганына нааразы.

Буга чейин жиу-житсу боюнча жабык имараттардагы Азия оюндарынын чемпиону, 2018-жылы Жакартада өткөн Жайкы Азия оюндарынын коло байгесин уткан Абдурахманхажи Муртазалиев «Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү» (UWW) уюму тарабынан өткөрүлгөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта алтын медаль утту.

Абдурахманхажи Муртазалиев сыйлоо аземи учурунда. Казакстан, Нур-Султан шаары. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Абдурахманхажи Муртазалиев сыйлоо аземи учурунда. Казакстан, Нур-Султан шаары. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Социалдык тармактын колдонуучулары дүйнө чемпиону атыккан Муртазалиевге мамлекет көңүл бурбай койду деген ойдо. Алардын бири, актёр Марат Жуманалиев өзүнүн «Инстаграм» баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, буларды айткан:

«Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Биздин спортчулар жакшы жыйынтык менен кайтты. Биздин Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын алтын медалын утту. Мекенге кайтканда аны сый-урмат менен тосуп алышты. Эки үй белек кылышты. Негизи эле жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларга ушундай сый көрсөтүш керек. Ушул эле шаарда грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, биздин балбан Абдурахманхажи Муртазалиев​ алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал келгенде эч ким көңүл бурган жок. Эч ким сый көрсөткөн да жок. Эмне, спорт бизнеске айланганбы? Кичинекей кагаз грамота берип койсо болот го?»

Грэпплинг боюнча мелдеш 23-сентябрда, спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин башталган. Ага Кыргызстандан жалпы 20 спортчу катышып, кыргыз спортчулары бир алтын, бир күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту.

84 килограммга чейинки кимоно менен күрөшкөн балбандар арасында Муртазалиев үч беттеш өткөрүп, алгач ал америкалык балбанды, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Грэпплинг. 84 кг. Финал. Абдурахманхажи Муртазалиев - Павел Недзи

Спортчу Абдурахманхажи Муртазалиевди сөзгө тартканыбызда анын жеңиши өлкөдө грэпплингдин өнүгүшүнө салым кошот деген оюн билдирди:

- Мени Кордойдон досторум абдан жакшы тосуп алды. Алар салют менен тосуп алышты. Мамлекет балким билген жок. Анткени грэпплинг спорттун олимпиадалык эмес түрүнө кирет жана жакында эле спорт агенттигинен каттоодон өттү. Айсулуу Тыныбекова олимпиадалык спорт түрүндө, олимпиадалык лицензия ойнотулган салмакта күрөштү. Грэпплинг менен кыз-келиндер күрөшүн салыштыруу туура эмес. Анткени олимпиадалык спорттун түрлөрүндө атаандаштык күч. Айсулуу жеткен ийгиликке азырынча мен жакындап бара элекмин. Айсулуу Кыргызстандын тарыхын өзгөрттү. Ошол себептен мамлекет, президент аны ошондой деңгээлде тосуп алды. Мен абдан жакшы түшүнөм, спорттун олимпиадалык түрлөрү менен олимпиадалык эмес түрлөрүнүн айырмасы абдан чоң. Спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатынын алтын медалын утуу аябай кыйын, чоң жетишкендик. Ал жакта атаандаштык да абдан күчтүү. Менин бул жеңишим өлкөдөгү грэпплингдин мындан ары өнүгүшүнө түрткү болот деген үмүттөмүн.

Кыргызстандын Грэпплинг федерациясынын президенти Тынчтык Сулайманов балбан Абдурахманхажи Муртазалиев грэпплингден дүйнө чемпионатынын алтын медалын уткан алгачкы кыргыз балбаны экенин белгилеп, буларга токтолду:

Тынчтык Сулайманов (ортодогу) Абдурахманхажи Муртазалиев (көк кийимчен) менен.
Тынчтык Сулайманов (ортодогу) Абдурахманхажи Муртазалиев (көк кийимчен) менен.

- Тарыхта биринчи жолу «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюму грэпплинг боюнча мелдешти күрөштүн башка түрлөрүнө кошуп чогуу өткөрдү. Биз бул чемпионатка даярданыш үчүн Бразилиядан атайын адистерди чакырып, машыктык. Абдурахманхажи буга чейин эле жиу-житсудан жакшы ийгиликтерге жетип жүргөн. Ал мага чалып 84 килограммга чейинки салмакта грэпплингден өзүн сынап көрүүнү сунуш кылды. Биз макул болдук. Анткени грэпплинг менен жиу-житсунун табияты аябай окшош. Абдурахманхажи Муртазалиев - Кыргызстандын грэпплинг тарыхында дүйнө чемпионатынын алтын медалын уткан алгачкы спортчу. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Командалык экинчи орунду алдык. Биз жеңишке жеткенде аябай сүйүнгөн видоелорубуз социалдык тармактарга көп чыккандыктанбы, айтор «Эмнеге бул спортчуларга да мамлекет көңүл бурулбайт?» деген сөздөр тарады. Негизи грэпплинг спорттун олимпиадалык эмес түрү. Бул болсо биздин биринчи кадамыбыз. Келечегибиз бар. Баары алдыда. Бирок ошентсе да мамлекет бир аз көңүл буруп койсо жакшы болот эле.

Тынчтык Сулаймановдун айтымында, Грэпплинг күрөш федерациясы август айында гана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен каттоодон өткөн. Бул спорттун түрү өлкөгө кеңири жайыла элек.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Муратбек Кыбраев грэпплингди мындан ары жакшы өнүктүрүүгө шарт түзүлөрүн айтып, Абдурахманхажи Муртазалиевди спорттогу жетишкендиктери үчүн «Эл аралык даражадагы спорт чебери» наамына көрсөтө тургандыгын билдирди.

Муратбек Кыбраев.
Муратбек Кыбраев.

- Грэпплинг Кыргызстандагы спорттун жаш түрү. Жаңы өнүгүп келе жатат. Июль айында федерация бизден катоодон өтүш үчүн документтерин жөнөткөн. 2020-жылдан тартып греплинг биздин календарлык планга киргизилип, эл аралык мелдештерине жараша өлкөдө өтө турган мелдештери, машыгуулары пландалат. Абдурахманхажи Муртазалиев буга чейин жиу-житсудан Азия оюндарынын коло байгесин алган. Анда мамлекеттик деңгээлде тосуп алып, президенттик сыйлыктар берилген. Бул чемпионат календарлык планга кире элек болчу. Бирок биз алардын мелдешке катышып жатканынан кабардар элек. Мен өзүм да ошол жерде болуп, мелдештин биринчи күнүн көрдүм, - деди Муратбек Кыбраев.

Абдурахманхажи Муртазалиев 25 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын алтын (2017-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2016-жыл). Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (2017-жыл). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2017-жыл). Азия оюндарында коло байге алган (2018-жыл).

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюму уюштурган грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда башталган. Таймаштар аталган спорттун Gi жана No-Gi түрүнөн эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, жалпысынан 26 медаль топтому ойнотулду.

Грэпплинг боюнча Кыргызстандын курама командасы.
Грэпплинг боюнча Кыргызстандын курама командасы.

Бул дүйнө чемпионатында Муртазалиевдин алтын байгесинен сырткары кыргыз спортчулары бир күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту. Күмүш медалды грэпплингдин Gi түрүнөн 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Абдылдабек Кекенов тагынды. Коло байгелерди Gi түрүнөн Нурбек Исмаилов (100 кг), No-Gi түрүнөн Арген Кайдыбаев (62 кг), Токторбай Жусуп уулу (66 кг), Азамбек Шамшиев (77 кг), Достук Жолдошов (84 кг), Бексултан Өмүрзаков (92 кг), Нуржанат Бегматова (53 кг) жана Даяна Жакып кызы (71 кг) алды. Бул байгелер менен жалпы командалык эсепте Кыргызстандын улуттук курама командасы 2-орунга жайгашты.

Грэпплинг күрөшү Кыргызстанда 2012-жылдан тартып өнүгө баштаган. Федерациясынын маалыматы боюнча болжол менен 2000ге жакын киши учурда грэпплинг менен машыгат. Спорттук клубдардын көпчүлүгү Ош, Бишкек шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG