Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Аскаров өкмөт менен соттошо баштады


Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017
Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017

Бишкек шаардык административдик соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызын карай баштады. Ал «өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунуштарын эске албай жатат» деп сотко кайрылган. Аткаруу бийлиги коюлган дооматка макул эмес.

Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы Бишкектин район аралык сотунда 11-майда эле каралмак. Бирок район аралык сот жоюлуп кетип, анын ордуна административдик сот түзүлгөндүктөн жараян кийинкиге калтырылган. Ошентип, жаңы түзүлгөн Бишкек шаардык административдик сотунда 1-июнда Аскаровдун иши боюнча алгачкы отурум болду. Аскаровдун адвокаты Хусанбай Салиев кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 2016-жылы жиберген сунушун ушул күнгө чейин аткарган жок деп эсептейт.

«БУУ Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуш керек экенин билдирген, - деди ал. - Бул боюнча өкмөт бир да чара көргөн эмес. Экинчиден, Аскаров боюнча сот чечимин жокко чыгарып, зарыл болсо ишти кайрадан калыс териштирүү сунушталган. Өкмөт соттун чечимин жокко чыгарууга аракет кылган жок. Андан тышкары БУУнун Адам укуктары боюнча комитети «Аскаровго келтирилген зыяндын орду толтурулсун» деген. Бул боюнча да бир да иш жасалган эмес. Уюм өкмөткө негизги үч маселени чечиш керек экенин айтса, анын бири да аткарылган жок».

Бишкек шаардык административдик сотунда Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы доо арызы каралып жаткан учур. 1-июнь, 2020-жыл.
Бишкек шаардык административдик сотунда Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы доо арызы каралып жаткан учур. 1-июнь, 2020-жыл.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын билдирген. Буга байланыштуу уюм Аскаровдун иши боюнча кыргыз бийлигине бир нече сунуш берген. Аскаров быйыл март айында «өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп сотко арызданган.

Уюм Аскаровдун жактоочулары кол салууга, коркутууга кабылып, соттук отурумдар басым алдында өткөнүн белгилеген. Азимжан Аскаровдун адвокаттары «Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун сунушун тоготпой, кыйноого кабылган Аскаровдун ишин кайра кароодо саясий эркин көргөзө алган жок» деп өкмөттү айыптады.

Алар Кыргызстан Кыйноого, башка катаал, адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияга кошулганын, жарандык жана саясий укук жөнүндө эл аралык пакт боюнча да өзүнө бир катар милдеттенмелерди алганын эске салды. Бирок кыргыз бийлиги эл аралык келишимдерди аткарбай жатканын билдиришти.

Аткаруу бийлиги коюлган дооматка макул эмес. Сотто өкмөттүн өкүлү Данияр Бараков Аскаровдун иши тууралуу БУУнун сунуштары боюнча жасалган иштерге токтолду.

«2016-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине маалымат берген. Анда Жогорку соттун 2016-жылдын 12-июндагы аныктамасы менен Азимжан Аскаров боюнча кылмыш иши кайра караш үчүн Чүй облустук сотуна жиберилгени жазылган. Тиешелүү документтер бар. Бирок азыр жанымда эмес. Кийинки отурумда көрсөтө алам».

Азимжан Аскаровдун дагы бир адвокаты Валерьян Вахитов БУУнун сунушу боюнча өкмөттүн жообуна ичи чыккан жок. Анын сөзүнө караганда, Чүй облустук соту Аскаровдун ишин өкмөттүн же Жогорку соттун демилгеси менен эмес, Аскаровдун жана анын адвокаттарынын арызынын негизинде караган.

Валерьян Вахитов.
Валерьян Вахитов.

«Өкмөттүн өкүлү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушуна байланыштуу эмне иш кылганын айтып бере алган жок, - деди ал. - Уюм болсо «Аскаровду түрмөдөн чыгаргыла. Компенсация төлөнсүн. Керек болсо иш кайра иликтенсин» деп жатат. Аскаров же анын адвокаттары эмес, өкмөт өзү эмне кылды? Мен өкмөттүн алгылыктуу сөз уккан жокмун. Өкмөт бийликтин бир бутагы катары эл аралык келишимдерди аткарышы керек болчу».

Бул Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата административдик доосу. Ал эми 13-майда Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу Аскаровго каршы дагы бир кылмыш ишин карап, укук коргоочуну өмүр бою түрмөгө кесүү тууралуу буга чейинки соттук инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

Ал арада укук коргоочу Аскаров Кыргызстандын бир катар саясатчыларына ачык кайрылды. Анда ал камакта мыйзамсыз отурганын, июнь коогалаңында каза болгон милиционердин өлүмүнө анын өзүнүн кесиптештери күнөөлүү экенин айтты.

Аскаровго карата Жогорку соттун соңку өкүмүнөн кийин БУУнун Адам укуктары боюнча агенттиги, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу, Европа парламентинин депутаттары кыргыз бийлигине кайрылып, Аскаровду бошотууга чакырган.

Аскаровдун коомдук жактоочуcу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан эл аралык келишимдерди так сактабай, донорлор менен болгон мамилесин бузуп жатканын айтууда.

«Өкмөттүн шалаакылыгынан Кыргызстан демократия, адам укуктары боюнча эл аралык рейтингде түшүп кетти. Андан тышкары инвестиция келбей калып, ар кандай чатактар болуп жатат. Ал эми Акыйкатчы институту болсо «Аскаровдун ишин сот чечсин» дейт. Мындай болбойт. Бул институт «Аскаров же башка киши болобу мыйзам боюнча, Конституция боюнча адам укугу сакталышы керек» деп айтышы керек эле».

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев буга чейин Аскаровдун ишине байланыштуу Кыргызстан менен эл аралык коомчулуктун мамилеси боюнча пикири менен бөлүшкөн:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«Эл аралык уюмдарда чаташуу болуп жатат. Алар Азимжан Аскаровду укук коргоочу катары карашууда. Аскаров өмүр бою укук коргоочу болуп иштегени менен ал эки сааттык кыймыл-аракети үчүн соттолуп жатат. Ал 2-3 саатта укук коргоочу катары эмес, жаран катары кандайдыр бир аракеттерди жасаган да. Ал уюштуруучу катары элге багыт берүүчү, элге таасир берүүчү сөздөрдү айткан. Аскаров ушул иши үчүн соттолду. Мына ушуну так аныктап алыш керек».

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап 2010-жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот быйыл 13-майда эки инстанциянын чечимин колдоду.

2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жибергени айтылган.

Өлкөдөгү укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго коюлган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет.

Азимжан Аскаров өкмөт менен соттошууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG