Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:13

Жалал-Абад: адвокат менен кардардын чыры


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда сот адвокаттын кызматы үчүн 160 миң сом төлөп берүүнү 65 жаштагы карыя Абдрасул Дармановго милдеттендирди.

Дарманов Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында жактоочу негизсиз акча өндүрүп жатканын айтып, мыйзамдуулукту камсыз кылып берүүнү өтүнүп өлкө башчысына кайрылды. Адвокат болсо мыйзамдык алкакта гана иш жүргүзүп келе жатканын айтып жатат.

Сузак райондук соту ушул жылдын 7-августундагы чечими менен жактоочу Турат Сулаймановдун доо арызын канааттандырып, жергиликтүү тургун Абдрасул Дармановду адвокатка 160 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Адвокат сотко 220 миң сом өндүрүү боюнча кайрылган болчу. Райондук соттун бул чечими мыйзамсыз болгон деген көз карашын Абдрасул Дарманов мындайча түшүндүрдү:

Ал уулума жактоочулук кылып туруп тескерисинче сотто балама каршы туруп айыптоочу болгону акылга сыйбайт да.

«Эки жыл мурда болгон ишти сот карабай эле чечим кабыл алып койду. Адвокаттын сөзүн сүйлөп, мен айткан жагдайлар эске алынган жок. Бир эле жактоочу тергөөгө катышуу үчүн 220 миң сом калем акы алышы туурабы? Ал уулума жактоочулук кылып туруп тескерисинче сотто балама каршы туруп айыптоочу болгону акылга сыйбайт да. Адвокаттын кесиптик ишмердигине да туура келбейт. Мен бардык жарандарга кайрылат элем: силер да мага окшоп Турат Сулайманов сыяктуу жактоочуларга жөн жерден алданып калбагыла!»

Дармановдун 26 жаштагы уулу 2017-жылы киши өлтүрүүгө катышкан деген негизде кармалган. Ага башында Бишкек шаарынын аймактык адвокатурасына караштуу «Квалификациялуу юридикалык жардам тармагы» адвокаттар коллегиясынын адвокаты Турат Сулайманов жактоочулук кылган. Уулун бошотууга аракеттенген Дарманов ошол учурда жактоочу Сулайманов менен өз ара сүйлөшүп, жалпысынан 290 миң сомго келишим түзүшкөн.

Абдрасул Дарманов.
Абдрасул Дарманов.

«Балам кылмышка тиешеси бар деген шектүү катары кармалып, убактылуу абак жайына киргизилгенде дароо ушул Турат Сулайманов кирип сүйлөшүптүр, «мен сага жактоочу болуп берем, жазадан бошотулушуңа жардамдашам» деп. Анан баламдын айтканы боюнча Сулаймановдун иш жайына бардым. Ал мага бардык жагдайды түшүндүрдү дагы, уулумдун жазасын жеңилдетүү жагына көмөктөшөрүн айтып, «10 миң доллар акча бересиңер» деди. Карапайым адам катары ал сумманы укканда таң калып, акыры ойлонуп отуруп балам үчүн таап берүүгө макул болдум. 2017-жылдын февраль айында 190 миң, мартта 100 миң сом алып барып бердим. «Калган акчаны тапканда алып келип турам» дедим. Бир айдан соң Сулайманов 70 миң сомду алып калып, калган 220 миң сомду «мындан ары жактоочулук кыла албайм» деп кайтарып берди. Өзүндө калган сумманы «иштеген акым» деп кайтарган жок. Ошентип ал «10 миң доллар бербедиң» деген таризде уулумдун ишин Жогорку соттон буздуруп, кайрадан тергөөгө жөнөттү. Анын айынан балам 2 жылдан ашык ИВСте отурат».

Анын эки жылдан бери тергөө абагында отурган уулунун иши азыр Жогорку соттон бузулуп, кайрадан төмөнкү инстанциядагы соттордо каралып жатат. Абдрасул Дарманов «адвокат Сулайманов башынан эле ага жактоочулук кылуудан баш тарткан» дейт. Бул багытта ал быйыл жазында президентин атына кат жазып, прокуратуранын сунушу менен Турат Сулаймановдун аракети мыйзам чегинде териштирилген.

«Адвокаттын иш-аракетин мыйзамдуу карап берүүнү өтүнүп президентке кайрылгам, - деди Абрасул Дарманов. - Президентик аппарат Башкы прокуратурага жиберип, алардан облустук, анан шаардык прокуратурага келиптир. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы милицияга тергөөгө өткөрүп, алар «Турат Сулаймановдун аракетинде кылмыш курамы жок» деп ишти кыскартып салышты. Мына, биз ишенген органдардагы акыйкатсыздык. Сулайманов өз каалаганын жасаса боло береби?»

Адвокаттар коллегиясынын жактоочусу Турат Сулайманов соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин билдирүү жасоо анын кесиптик ишмердүүлүгүнө туура келбей турганын айтып, бул багытта «Азаттыкка» комментарий берген жок.

Кыргызстанда адвокаттардын ишмердүүлүгүнө Юстиция министрлиги көз салып, аларга лицензия берет. Бирок укук коргоочу Абдуназар Маматисламовдун айтымында, жеке тартипте иш алып барган жактоочулардын калем акысы жана төлөмдөрүнө чек коюлган эмес.

Көпчүлүк адвокаттар оозеки түрдө эле сүйлөшүү жүргүзүп, бир топ нааразылык ошондон келип чыгат.

«Бизде адвокаттар өзүнчө коомдук бирикмеге биригишкен, - деди ал. - Ар бир жактоочу ошол бирикменин алдында иш алып барат. Кардар менен адвокат жекеме-жеке сүйлөшүп, кызмат көрсөтүүнүн акысын өз ара аныкташат. Ага эч кандай чек коюлган эмес. Көпчүлүк адвокаттар оозеки түрдө эле сүйлөшүү жүргүзүп, бир топ нааразылык ошондон келип чыгат. Мындан сырткары өз милдеттерин жана укуктарын билбеген адвокаттар да бар. Мен эмгектенген «Кылым шамы» укук коргоо кыймылы 3 адвокатка каршы даттанып Этика комиссиясына кайрылган. Алар өз жумушунда башка ишке өтүп кеткендиги үчүн арыз жазылган. Адвокаттар лицензиядан ажыратылган учурлар бар».

Өлкөдө 2016-жылдан тартып кепилдик берилген юридикалык жардам кызматы иш жүргүзүп келет. Ага ылайык ар бир адам Юстиция министрлигинин алдында ачылган бул кызматка кайрылып, жактоочулардын ишин бекер колдоно алат. Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды координациялоо боюнча район аралык бөлүмдүн облустагы координатору Эрмек Камашов буларды айтты:

Эрмек Камашов.
Эрмек Камашов.

«Азыркы учурда бизде мамлекеттик реестрге катталган 40тан ашык адвокат бар. Бизге кайрылган жарандарга аларды ар кайсы иштер боюнча акысыз камсыздап берип жатабыз. Мындан сырткары ар бир адам жеке адвокат менен да келишим түзүп, бизге алып келсе биз да алар менен кызматташып, анын калем акысын төлөп берүүгө болот. Бул кызматты азыр жарандар жакшы түшүнө элек. Ошондуктан жеке адвокаттарга барып, алданып калган учурлар көп эле катталат. Сиз айткан Турат Сулайманов биздин реестрде каттоодо жок экен. Ар бир катталган жактоочунун ишин өзүбүз көзөмөлгө алып турабыз».

Юстиция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жыл сайын адвокаттардын үстүнөн түшкөн миңдей арыз-даттанууларды карайт. Бирок адвокатуранын Этика комиссиясы жактоочулардын лицензиясын чакыртып алган учурлар сейрек кездешет. Сузактын тургуну Абдрасул Дарманов бул иш боюнча экинчи жолу өлкө башчысына жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Этика комиссиясына кайрылганы жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG