Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Иликтөөчү журналисттер үчүн сынак жарыяланды


Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Кыргызстандык журналисттер арасында мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн берилчү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды.

Үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан сынакка катышуунун шарттары быйыл бир аз өзгөртүлгөн. Жылда журналисттер же медиа уюмдар гана өз эмгегин сунуш кылып келсе, бул ирет окурмандар деле өзү мыкты деп эсептеген журналисттин ишин сынакка көрсөтсө болот. Ал арада кошуна өлкөлөрдүн журналисттери сынак бүтүндөй Борбор Азияны камтыса жакшы болор эле деген демилге көтөрүп атышат.

Журналисттик иликтөөлөр фонду жана «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2020-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн берилчү сыйлыкка кезектеги сынакты 20-ноябрда жарыялады.

Анын максаты - иликтөө жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо. Сыйлык фонду 100 миң сом. Ага журналисттер, медиа уюмдар, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер жана башка кызыкккан тараптар катыша алат.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрайымы Адел Лаишева бул ирет сынакка катышуу эрежесине өзгөртүүлөр киргенин айтып берди:

Адел Лаишева.
Адел Лаишева.

«Бул жылы сынакка окурмандар, көрөрмандар жана угармандар сунуш кылган эмгектерди да кабыл алабыз. Эгер сиз кайсы бир журналисттин эмгегин ушул сынакта жеңүүчү болууга татыктуу деп эсептесеңиз, анда бизге жөнөтсөңүз болот. Толук маалымат jif.kg сайтында жана фонддун «Фейсбуктагы» баракчасында».

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Белгилүү журналист, «Азаттык» радиосунун кызматкери Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

«Сорос Кыргызстан» фондунун «Маалымат каражаттарын өнүктүрүү» программасынын директору Тынымгүл Эшиева Эгизбаев атындагы сынактын өзгөчө салмагы бар экенин белгиледи:

Тынымгүл Эшиева.
Тынымгүл Эшиева.

«Кыргызстанда журналистикадагы иликтөө жанры ылдам өнүгүп баратат. Кабарчынын эмгегин көрсөтүү, талкуулоо жана баалоо иликтөөчү журналисттерге дем берип, чындыкты издөөгө жана көрсөтүүгө түрткү болот. Сыйлык Уланбек Эгизбаевдин атын алып жүргөнү да өзгөчө мааниге ээ – ал орчундуу темаларды көтөрүп чыгуудан, айтуудан корккон эмес».

Журналист Асанбек Каракозуев Кыргызстанда журналисттик иликтөө мыкты деңгээлге жетти дегенге кошулбайт. Бирок кабарчылардын аракети бааланууга тийиш деп эсептейт.

Асанбек Каракозуев.
Асанбек Каракозуев.

«Журналисттер иликтей турган толтура темалар бар, - деди ал. - Иликтөө жанры эми гана телчигип келатат. Азырынча эң мыкты натыйжаларга жетиштик деп айта албайм, бирок аракет бар. Негизгиси, журналисттер көтөрүп чыккан темага бийликтин реакциясы кандай болот? Маселе ушунда. Кыргыз өкмөтү журналисттер иликтеп чыккан темаларга көңүл буруп, маселе чечилсе, кийинки иликтөөлөр үчүн да дем-күч бермек. Азырынча андай деңгээлге жеттик деп айта албайм. Анын үстүнө иликтөөчү журналисттер деле көп эмес».

Өзбекстандык иликтөөчү журналист Анора Содикова Кыргызстандагы иликтөөчү кабарчылардын арасында жарыяланган сынактын арышы кененирээк болушун каалайт. Ал ушул жол менен Борбор Азия журналисттеринин ортосундагы алака-катыш, тилекетештик күчөйт деген ойдо.

«Чөлкөмдөгү журналисттерди бири бирине байланыштырган платформа жок. «Интерньюс» сыяктуу эл аралык уюмдар гана уюштурган айрым иш-чараларда жолугушабыз. Иликтөөчү журналисттер ортосунда жарыяланган сынак же грант сыяктуу демилгелер эгер Борбор Азияны камтыса, бул өтө жакшы иш болмок. Себеби, биздин көйгөйлөрүбүз окшош. Чек ара, анклавдар, суу, соода, миграция сыяктуу темаларда биргелешкен иликтөөлөрдү жасасак, кандай сонун болмок», - деди ал.

Иликтөөчү журналисттердин сынагына 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган эмгектер кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү 16-январга чейин. Жеңүүчүлөр 2021-жылдын 12-февралында – Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө журналисттердин «Чындык» деп аталган форумунда жарыяланып, сыйланат.

XS
SM
MD
LG