Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Өкмөт байкоочу кеңештерден жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында коомдук байкоочу кеңештердин иши талкууланды.

Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачыктыкты жогорулатууда коомдук кеңештердин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле премьер-министр көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн коомдук кеңештерден жардам сурады:

- Көмүскө экономикада 35-40 млрд. сом жатат. Таасирдүү адамдар көмүскөдө акча жасап отурушат. Аны ачыкка чыгаруу коомдук кеңештин колунда. Эгер көмүскөдөгү акчаны чыгарсак көп маселе чечилет.

Өкмөт башчы тышкы карызды чечүүнүн жолдорун ойлонуу мезгили келгенин белгилеп, 2019-жылы бюджеттен 200 млн. доллар тышкы карызга, ушундай эле көлөмдөгү акча ички карызга төлөнгөнүн маалымдады.

Коомдук кеңештер өкмөткө кол кабыш кылууда укугу чектелүү дегендер да бар. Мамлекеттик экотехинспекциянын коомдук кеңешинин төрагасы Элдияр Карачалов ​аталган инспекция ишкерлерди текшерүүдө алсыз деп эсептейт:

- Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизип койгон. Бирок ошол эле убакта Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун 81-конвенциясы ишке ашырабыз деп жоопкерчилик алган. Ал жерде эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзгөн инспектор күнү-түнү, жарыя кылбай эле кайсы бир ишкерди текшерсе болот. Бирок биз бул нерсени мораторий менен чектеп койдук. Мына, карама-каршылык ушул жерде. Ошондуктан өкмөт бардык маселени комплекстүү караса жакшы болмок.

Эл арасында «коомдук кеңештер бийликтин камчысын чаап калды», «коомдук кеңештердин бардыгы эле таасирдүү иштеп кеткен жери жок» деген көз караштар айтылып жүрөт.

Коомдук кеңештер мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы көпүрө болушу керек. Мындай ойду Мамлекеттик миграция кызматынын Коомдук кеңешинин төрайымы Нурбүбү Керимова белгиледи:

- Азыр мамлекеттен, өкмөттөн элдин көңүлү калды. Иштебейт деген сөздөр көп. Ошол пикирди биз өкмөткө жеткирип, маселени чогуу чечкенге аракет кылышыбыз керек.

Коомдук байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин айкындуулугун камсыз кылыш үчүн түзүлгөн. Алардын курамын коомдук кеңештерди тандоо комиссиясы бекитет. Кеңешке ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, 15 адамдан ашпоого тийиш.

Бирок коомдук кеңештин курамы дайыма эле күчтүү эксперттерден курала бербейт дегендер четтен чыгат. Алардын бири - аталган кеңеште жарандык коомдун өкүлү катары иштеп келген Айгүл Жунушалиева.

- Элдин таламын талаша билген эксперттер болушу керек, - дейт ал. - Тилекке каршы, бардык эле кеңеште андай эмес. Коомдук кеңешке өз ишин билбеген кишилер келип жатышат. Айрым коомдук кеңештердин күчтүү боло албай жатканынын себеби мына ушунда.

Коомдук кеңештер 36 мамлекеттик мекемеде негизделген. Азыр анын 25инде байкоочулар толук курамда иштеп, калганында тандоо сынагы жүрүп жатат.

Мамлекеттик органдарга караштуу коомдук кеңештер эки жылга, КТРКда беш жылга шайланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG