Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Митингдердин талабы жана таасири


Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг. 23-апрель, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг. 23-апрель, 2019-жыл.

Бишкекте «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлерин түрмөдөн бошотууну талап кылган митинг өттү.

Акцияга чогулгандардын талаптары соттун чечимине таасири этиши мүмкүнбү? Бийликти ийге келтирүүнүн акыркы аргасы митингби? Дегеле Кыргызстанда тынч митингдерди өткөрүүнү, көчө демократиясын өнүктүрө алдыкпы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издөөгө аракет кылдык.

Талкууга саясат таануучу Алмазбек Акматалиев, Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Кубат Оторбаев жана укук коргоочу Сапар Аргынбаев катышты.

«Азаттык»: - Сапар мырза, «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын тарапташтары өз лидерлерин соттон актоону, түрмөдөн бошотууну талап кылып митинг уюштурушту. Сиз да катышып, чыгып сүйлөдүңүз. Бүгүнкү митинг өз максатына жеттиби?

Сапар Аргынбаев.
Сапар Аргынбаев.

Сапар Аргынбаев: - «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү лидери камалгандан бери бир топ түйшүк тартып келет. Бүгүнкү митинг «атамекенчилердин» башын дагы бир жолу бириктирди. «Өз күчүбүздү көргөзөлү, лидерибизди коргоп калалы» деген ой менен чогулушту. Мен ал митингге «Саясат куугунтуктары» комитетинин төрагасы катары катышып чыгып сүйлөдүм. Текебаев саясаттын курмандыгы болуп жатканын ачык айттым. Мени кубандырганы - митингге республиканын бардык райондорунан өкүлдөр келишиптир. Бирок «митингге алты миңдин тегерегинде адам чогулат» дешти эле, ага жеткен жок. Ошентсе да митингдин мааниси - ага канча адам катышканы эмес, анда кандай маанилүү сөздөр, талаптар болду, кимдер чыгып сүйлөдү - ошол олуттуу маселе. Митингде Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, башка белгилүү саясатчылар, инсандар келип сүйлөштү.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, бүгүнкү митингде айтылган талаптар соттун чечимине канчалык таасир этиши мүмкүн?

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: - Саясат таануу илиминде «кыйыр демократия» жана «түз демократия» деген түшүнүктөр бар. Митингдер, марштар, көчөдө өткөн ар кандай акциялар – бул түз демократиянын белгилери. Эгер биз чындап эле укуктук мамлекетте жашагыбыз келсе, анда мындай «көчө демократиялары» соттун чечимине таасирин тийгизбеши керек. Сот бийлиги эч кимден көз каранды болбошу керек. Бирок соттор андай болбой ыкшоо тартып, кайсы бир жакка кылчактаганы үчүн эл көчөгө митингге чыгып жатат да. Мен «Ата Мекен» партиясынын бул митинг боюнча кандай пландарды коюшканын, анын канчасы ишке ашкан-ашпаганын билбейм, ага карабай мен аларды куттуктайм. Себеби алар «түз демократиянын» бир үлгүсүн көрсөтүп, митингди тынч, жакшы уюштурушту. Эң башкысы – эл тынч чогулуп, талаптарынын баарын айтып, тынч тарап кетти. Эми алардан талаптарын бийлиги угабы, колдойбу, аткарабы, аны да көрө жатабыз.

«Азаттык»: - Кубат мырза, Президент Жээнбеков жакында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «элди көчөгө митингдерге алып чыгып, ультуматум коюу менен маселе чечилбейт» дегени - бул бийлик митингчилердин талабы менен эсептешпейт десек болобу?

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Кубат Оторбаев: - Менин жеке оюмда президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын эли укуктук өлкөдө жашап жатат, сот өзүнчө бийлик, маселенин баары мыйзам алкагында чечилиши керек» деген ойду айтты деп ойлойм.

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы Кыргызстанда салыштырмалуу айтсак демократия бар. Кыргызстанда митингдерди өткөрүүнүн мол тажрыйбасы бар. Эми мындан ары биз ошол митингдерди өткөрүү маданиятын жогорулатуу, митингдерде айтылган талаптар, аларга бийлик бутактарынын көңүл бурушу же раекциясы - ошого көңүл бурушубуз керек. Мисалы, өткөн митингдин максаты – саясий буйруктун негизинде соттолгон Текабаевдин башын толук бошотуу жана актоого таасир этүү. Анткени ушул убакка чейин саясий куугунтук катары соттолгон бир катар саясатчылар түрмөдөн чыгышты. Аны эске алганда, быйылкы жылдан баштап жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргенин эске алганда Текебаев толук акталышы керек. Текебаевдин иши жөн маселе эмес, ал чоң саясий маселеге айланды. Мен акыйкатчы болуп турганда саясий оппоненттерди куугунтуктарды токтотуу зарыл экенин ачык эле айтып чыкканбыз. Кийин Текебаевди боштондукка чыгаруу боюнча да азыркы президентибиз Жээнбековго кат жибергем.

Саясатчылардын соту, коюлган талап
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

«Азаттык»: - Сапар мырза, Бишкек шаарынын бийлиги мындан бир аз мурда башка партиянын өкүлдөрүнө митинг өткөрүүгө уруксат бербей койду. Бүгүнкү акцияга уруксат бергенин кандай түшүнсөк болот? Кош стандарттуулукпу же саясий абал ошондой чечим кабыл алганга түрттүбү?

Сапар Аргынбаев: - Бишкек шаарынын бийлиги 8-мартка акцияга уруксат берип алып, кийин ал «гей-парадга» айланып кеткенде чоочуп калды окшойт. Ал эми Бабановдун талапташтарына «аянт бош эмес» деп койгону - жөн эле шылтоо. Бирок митингдин кайсы жерде өткөнү маанилүү эмес. Кандай маселе козголду – ошол маанилүү. Ошол негизден алганда бабановчулар Горький сейилбагында деле өткөрө берсе болмок…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG