Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Ноокен: прокурордун үйүнөн чыккан мунай


Ноокенде мунай табылган үйлөрдүн бири. Апрель, 2020-жыл.
Ноокенде мунай табылган үйлөрдүн бири. Апрель, 2020-жыл.

Ноокен районунда эки тургундун үйүнөн 37 тонна чийки мунай табылды. Райондук ички иштер бөлүмү үйлөрдүн бири прокуратурада иштеген кызматкерге таандык экенин билдирди. «Уурулук» фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылып, эки адам камакка алынды.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда эки тургундун үйүнөн толук иштетилбеген 37 тонна чийки мунай табылды. Уурулук фактысы боюнча козголгон сотко чейинки териштирүү ишин райондук ички иштер бөлүмү алып барып жатат.

Ноокен милициясынын тергөө кызматынын башчысы Чоюнбек Исаков буларды айтты:

Чоюнбек Исаков.
Чоюнбек Исаков.

«Ноокен районунун Кызыл-Кыя айылынын тургуну Назаров Залкар аттуу тургундун үйүндө ок атуучу курал жана уурдалган мунай бар деген ыкчам маалымат келген. 16-апрелде үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндө 7 тоннага жакын чийки мунай табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүндө уурулук фактысы аныкталгандыктан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» фактысы болуп катталды. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө мунайды кантип уурдаганын жана ага кимдер жардам бергенин айтып берген. «Кыргызмунайгаз» ишканасынын оператору Алмаз аттуу бала жана айдоочу да бул иштерге тиешеси бар экени такталды. 26-апрелде райондук соттун чечими менен экөө эки айга камакка алынды».

Ноокен райондук сотунда шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 26-апрель, 2020-жыл.
Ноокен райондук сотунда шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 26-апрель, 2020-жыл.

Ички иштер органынын маалыматы боюнча, экинчи факты 24-апрелде ушул эле райондун Момбеков айылындагы Нурбек Тургунбаевге тиешелүү үйдү тинтүү учурунда аныкталган. Короо ичиндеги машинелерден 30 тоннадай чийки мунай табылган. Уурулук үчүн шектүү катары үй ээсинин агасы Кубанычбек Тургунбаев сурак берип жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев тергөө иши уланып жатканын айтты:

«Биринчи окуяга тиешелүү шектүү адам өз көрсөтмөсүндө Момбеков айылынын тургуну Кубаныч Тургунбаев «Хундай-Портер» менен желим идиштерде мунайды уурдап ташыганын билдирген. Аны Тоскоол-Ата токой чарбасынын №6 жайытындагы «Кыргызмунайгаз» ишканасына караштуу №82 скважинасынан алып турушканын билдирген. Уурдалган мунай 41 жаштагы Нурбек Тургунбаевдин үйүнүн алдындагы короосунда мыйзамсыз сакталып турганы белгилүү болгон. 24-апрелде атайын тергөө амалдарын жүргүзүш үчүн аталган даректеги үйдө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада короосундагы DAF-үлгүсүндөгү 30 тонналык бочкасы бар автоунаа жана ар бири 30 тонналык күйүүчү май ташуучу беш даана чиркегичтерди текшерип, ичинде болжол менен 30 тонна мунай чыккан».

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү.
Ноокен райондук ички иштер бөлүмү.

Ноокен районунда мунай табылган үйдүн ээси Нурбек Тургунбаев учурда Бишкек шаарындагы райондордун биринде прокурордун орун басары болуп иштейт. Ага чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштечү.

Уурулук үчүн шек саналып жаткан Кубанычбек Тургунбаев коюлган айыпты четке какты:

«Бир топ жылдардан бери мунай жана мазут ташуу менен алектенем. «Кыргызмунайгаз» чыгарган мунайдын килограммын кышында 2 сом, жазында 1,7 сомдон Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү базага ташып турам. Кочкор-Атадан Бишкек шаарына мунай жеткирүүдө түбүнө уюп, катып калган учурлары болот. Ар бир автоунаадан түбүнө катып калган 100-200 литрге чейин мунай чыгат. Анын жетпей калган килограммын биз жеткирген тарап акчабыздан кармап калат. Жакында эле эки машинеден Фергана облусуна мунай жеткирип бердик. Ошол жактан 1 тонна мунай түшүрүлбөй, кайра кайтып келиптир. Жетпей калган мунай боюнча алар биздин акыбыздан кармап калышыптыр. Эгерде ал уюп калган мунайды тазалап чыгарбасак ал биздин мойнубузда кала берет. Ошол себептен аны кайсы жакка төгөрүмдү билбей, үйдө иштебей турган машинелерге сактап койгом».

Айыпталып жаткан Тургунбаев тергөө учурунда ден соолугу начарлап, учурда Ноокен райондук ооруканасында дарыланып жатат. Ал 2007-жылдан бери мунай жеткирүү иши менен алектенип, бир топ жылдардан бери «Кыргызмунайгаз» ишканасына караштуу кытайлык жалданма компания менен келишимдин негизинде иштейт.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын мыйзамдуу өкүлү Рашид Сулайманов шектүүнүн прокуратурада иштеген тууганы тергөө ишине кийлигишип жатканын айтты:

Рашид Сулайманов.
Рашид Сулайманов.

«Байлык бар жерде дайыма уурулук болуп турат жана аны токтотуш кыйын. Бир аптанын ичинде эки үйдөн уурдалган мунай табылып жатат. Бул чөлкөмдө мунайды бир гана «Кыргызмунайгаз» ишканасы чыгарат. Ошондуктан бул уурулук болуп эсептелет. Уурулук кылып жаткан адамдын бир тууган иниси мурда Жалал-Абад облустук прокуратурасында, азыр Бишкек шаарындагы райондордун бириндеги прокуратурада иштейт. Бул жерде уурулук көптөн бери уюшулгандай болуп жатат. Анткени атайын жасалган автоунаада мунай уурдап жүрүшкөнү көрүнүп турат. «Хундай портер» машинесинде май куюучу идиш жасап, үстүн бекитип чөп жүктөп жүрүшкөн. Мамлекеттик мүлктү уурдагандар мыйзам чегинде жооп бериши керек. Кылмышка шектүүнүн прокуратурада иштеген тууганы кылмыш ишине таасир этиши мүмкүн. 24-апрелде мыйзамсыз мунай табылган үй райондук Мамкаттоонун берген тактамасында Нурбек Тургунбаевге тиешелүү болуп чыккан. Тергөөдөн мен «биздин ишкананын ичиндеги ууруларды да таап бергиле» деп суранып жатам».

Кубаныч Тургунбаев инисине карата айтылып жаткан дооматтардын баарын төгүндөдү:

«Иниме карата айтылып жаткан дооматтардын баары жалган. «Үйүнөн мунай табылды» деген маалымат боюнча айтарым мындай: анын үйү экендиги туура, бирок тууганым менен Бишкек шаарындагы үйүмдү алмаштырганбыз. Ал тергөө ишине кийлигише алмак эмес. Өзүм болсо тергөөгө катыша элекмин. Бул азыр жөн гана айтылып жаткан куру доомат, анын баары аныкталышы керек».

«Кыргызмунайгаздагы» мындай фактылар биринчи ирет катталып жаткан жок. 2018-жылы да мекемеден 355 тонна мунай уурдалган учур аныкталып, бир адам соттолгон. Былтыр автоунаада уруксатсыз мунай алып бараткан төрт адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат. Анда 2 миңден ашык адам иштейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG