Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:32

Аркар атуудан чыккан талаш


Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү.

2019-жылдын 26-ноябрда Ысык-Көлдүн сырт өрөөнүндө аркар аткан адам кармала элек.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Үсөнбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, айыптуу адам жоопко тартылбай жатканына айрым адамдардын тиешеси бар болушу мүмкүн.

Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ысык-Көл району боюнча токойчусу (егерь) Марат Шаршеев 26-ноябрда сырт өрөөнүнүн 70 жаштагы тургуну Талып Бейшебаевди аркар атып алып, өңөрүп бара жаткан жеринен кармаганын, бирок ал каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө үлгүргөнүн айтып берди:

Марат Шаршеев.
Марат Шаршеев.

- Кийик атып алып турган жеринен үстүнөн чыктык, арабыз ашып кетсе 30 метр болчу. Менин биринчи кылган аракетим - ушул аткан кийик мыйзамдуу же мыйзамсыз экени тууралуу суроо бердим. Мылтыгынын документин, уруксат кагаздарын сурадым. Мылтыктын документи бар, бирок тиешелүү уруксат кагаздары жок экен. Бул мыйзамсыз. Өзүмдү тааныштырып, кийиктин этин даана көрүп, жакын барып сүрөткө да тартып алдым. Ал мылтыгын бербей каршылык көрсөттү. Жанымдагы «Ала Тоо Эдвенч Турдун» егери бул кармалган киши менен бир айылдан болгондуктан мага жардам берген жок. Мылтыгын кыйынчылык менен алып, жанымдагыга «бекем байла» дегиче болбой, менин атым алыстап кетти. Ал эми Талып Бейшебаев атына минип, качып кеткенге үлгүрдү.

Марат Шаршеев бул окуядан кийин «Ала Тоо Эдвенч Тур» аңчылык чарбасынын башка кызматкерлерин жардамга чакыруу максатында бара жатканда жолдон аталган фирманын өкүлдөрүн жана Нарын облустук аңчылык департаментинин инспекторун жолуктурганын билдирди. Шаршеевдин айтымында, бул учурда качып кетти деген Талып Бейшебаев үйүнөн башка мылтык менен келип, аларды жолдон кармап алып, үч саат бою коркутуп, кетирбей турган.

«Мен аркарга 1 миллион төлөгүчө сени атып салам» деп айтты.

- 16-калибрлүү, кош ооз мылтыгын көтөрүп алып келип эле «атып салам» дей баштады - бул анын эң биринчи сөзү болду, - дейт Марат Шаршеев. - Мен тарткан видео, сүрөттөрдү чөнтөк телефонуман өчүрүшүмдү талап кылды. Мен болгону жанымда турган Нарындын инспекторуна «телефонуңа видеого тарт» деп айтканга жетиштим. Мени эч жакка бастырбай мылтык кезеп турду. «Мен аркарга 1 миллион төлөгүчө сени атып салам» деп айтты. Анын оюнда мен аркар эмес, теке атты деп протокол толтурушум керек болчу, бирок мен ага макул болгон эмесмин. Талып Бейшенбаев үйүнөн башка мылтык менен келген кезде, аны менен кошо эки чоң «Жип» менен эки жигит келип, менин чөнтөк телефонумдан видео жана сүрөттөрдү өчүргөнүмдү карап турду. Азыркы учурда эми ал «аркар эмес эле, короомдогу кой болчу» деп жатат. Биз тергөөчүнү алып, окуя болгон жерге барганда, ал койдун терисин алып чыкты.

Окуянын чоо-жайын сырт өрөөнүнүн тургуну Талып Бейшебаевдин өзүнөн да тактоого мүмкүн болгон жок. Жети-Өгүз райондук милициясынын маалыматына караганда, ал киши үй-бүлөсү, малы менен Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүндө жашайт, ал жерде уюк телефон байланышы жок.​ Антсе да «Азаттык» анын же мыйзамдуу жактоочусунун жүйөсүн угуш үчүн микрофон сунууга даяр.

Талып Бейшебаев.
Талып Бейшебаев.

Ушул тапта Марат Шаршеевдин чөнтөк телефонуна тартылып калган сүрөт жана видео милицияга өткөрүлүп берилген. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Үсөнбаев ушул убакка чейин ал иштин жыйынтыгы билине элек экенин билдирди:

- Тергөө жүрүп жатат, бирок жүргөнү менен бул иш создугуп жатат. Эч ким реакция кылбайт. Мына, иш канчадан бери ордунан жылбай жатат, окуя болгондон бери эки айдын жүзү болду. Ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат, жогору жактан да чыгып жатышат.

Төлөгөн Үсөнбаев.
Төлөгөн Үсөнбаев.

Бизди коргогон эч ким жок. Ошол эле тергөөчүгө кысым болуп жатат, ачык айтса болот. Тергөө эмнеге кечигип атат? Ал буга чейин бир жыйынтык чыгарыш керек болчу да. Доо боюнча пландан кантип чыгабыз, бизге ушундай тоскоолдуктар болуп жатса? Эгер жаратылышка келтирилген зыян 20 миңден ашкан сумма болсо биз укук коргоо органдарына өткөрүшүбүз керек. Бирок ички иштер органына, прокуратурага өткөн иштердин биринен да айыппул өндүрүлгөн факты жок. Чынында бизди коргогон эч кандай мыйзам жок, адам жок. Биздин департаментке гана кайрылдык. Биз чоң көлөмдөгү доолорду тергөө органдарына өткөрүп берип жатабыз. Мына, азыр ар кандай шылтоолор менен бугу боюнча иш Түп райондук ички иштер бөлүмүндө жатат. 2013-жылы бугунун эти менен кармалган адам «мен бирөөнөн сатып алгам» деп жүрөт, бирок далилдердин баары анын үйүнөн кармалып жатат. Бул окуя 2013-жылы болгон, 400 миң сом доо коюлган. Ак-Суу районунда 2016-жылы мамалактын териси табылып, шектүү адамды биз көргөзүп бергенбиз, ал да жатат.

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Турат Исаев соңку окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, мыйзамсыз аңчылык кылуу боюнча шек саналып жаткан Талып Бейшебаев суракка келип жатканын белгиледи:

- Жазык кодексинин 145-беренеси менен катталган. Азыркы учурда тергөө амалдары бүттү, январь айы менен соттук кароого жөнөтүлөт. Ошондой эле мыйзамсыз аңчылык кылуу боюнча Жазык кодексинин 293-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, 5-декабрь күнү ал иш боюнча да азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул ишке шектүү катары 1950-жылы туулган Бейшебаев Талып Тентиевич суракка келип жатат. 27-ноябрда Марат Шаршеевден бизге түшкөн арыздын негизинде 293-берененин негизинде иш козголгон. Андан тышкары 145-берене, 2-бөлүктүн негизинде дагы бир кылмыш иши козголгон.

Жети-Өгүз райондук соту.
Жети-Өгүз райондук соту.

21-январда Жети-Өгүз райондук соту бул ишке байланыштуу биринчи сот отурумун өткөрдү. Бирок жооптуу Талып Бейшебаев келген жок. Ошондон улам сотто төрагалык кылган Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Адилет Шаршеев отурумду 30-январга жылдырды.

Өмөттүн 2017-жылкы 501-токтомуна ылайык, ак илбирсти, аркар-кулжаны жана текени мыйзамсыз аткан жаран 100 миң сомдон 1,5 млн. сомго чейин доого жыгылат. Акыркы 2 жыл ичинде Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ысык-Көл өкүлчүлүгү 15тен ашык мыйзам бузуу фактыларын аныктап, укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG