Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:50

Саясий айдыңдагы ала булуттар


Парламент депутаттары жана президенттин аппараты отурган имарат.

Кыргызстандын эли 2019-жыл жаңыргандан бери «санарип өлкө» реформасына үмүт артып, «түкүрүктөн» кийин эске келген жаңы мыйзам, кодекстердин жаңжалына кейип, кыргыз футболчуларынын эрдигине кубанып, шерденип жаткан кербези.

Быйылкы кыштын ырайы жылдагыдан мелүүн тартып турганы менен жаз келгиче дагы "алай-дүлөй" бороон-чапкындар болчудай түрү бар. Кыргыз саясатынын ырайы да сырттагы аба ырайына окшошпу деп коем. Азыр бетти чымыраткан суук сезилбесе да, алдыда саясий кармаштын ызгаары катуу болчудай көрүнүп, ала булуттар алыстан көрүнө баштады. Сыртынан байкалбаганы менен расмий бийликтин, саясий партиялардын, оппозиция, позициясынын, сырткы-ички башка күчтөрдүн «уктаса түшүндө, ойгонсо оюндагы» санаалары – 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо болууда.

Ошондон улам Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнүн, саясий күчтөрдүн келерки жылдагы шайлоого байланышкан аракеттери, анын арты менен коомдук-саясий абалга тийгизе турган оң-терс натыйжалары тууралуу өзүмдүн жеке баамдоолорумду АЛА БУЛУТТАР аркылуу бөлүшүүнү эп көрүп отурам.

Биринчи ала булут. 2020-жылдагы шайлоо биринчи кезекте президент Жээнбековду ойлонтууда. Мамлекет башчысына «ысык-суукта», көбүнесе Жогорку Кеңештеги «тар жол тайгак кечүүдө» коргой, колдой турган коомдук-социалдык катмар керек. Андай колдоо демократиялык өлкөлөрдө саясий партиялар аркылуу болот. Аны сезген Жээнбеков жана анын командасы 2020-жылкы шайлоого кайсы партия менен барарын катуу ойлонууда. Улак тартышка түшкөн КСДПнын бүгүнкү тагдыры оор, шайлоого барып мөөрөй алары өтө күмөн. Ошондуктан Жээнбековдун санаалаштары "КСДПны тартып алып тирилтелиби же жаңы партия түзө калалыбы, же башка партияларга телинип шайлоого аттаналыбы" деген үч анжы ойдо турушат.

Экинчи ала булут. Атамбаев заманында «саясий шылтоо менен» соттолгондордун ишин кайра кароо же ырайым берүү, кылмыш иши козголуп чет өлкөдө качып жүргөн саясатчылардын, журналисттердин мекенине кайтып келишине мүмкүнчүлүктүн берилбей жатышы да 2020-жылдагы шайлоо менен терең байланышта каралууда. Түрмөдө отурган мурдагы депутат Садыр Жапаров «бизди келерки парламенттик шайлоого катыштырбаш үчүн чыгарбай жатышат» деп айтып чыкты. Экс-президент Отунбаеванын, ЖКдагы фракция лидерлеринин Текебаевге ырайым берүү боюнча президентке өтүнүчтөрү суу кечкен жок. Коомчулуктун башка өкүлдөрүнүн түрмөдө отурушкан башка саясатчыларга байланышкан кылмыш иштерин жаңы жагдайларга карата кайра кароо тууралуу сураныч-өтүнүчтөр орто жолдо калууда.

Президент Жээнбековдун түрмөдөгү саясатчылардын тагдыры жөнүндө суроо жаралганда «мен тергөөнүн, соттук териштирүүнүн ишине кийлигише албайм, ага укугум жок» десе, башка учурда «эгер сот адилетсиздик кылып жатса мен кантип карап турушум керек, кийлигишүүгө мажбурмун» деген эки ача позициясы анын саясий салмагына доо кетире турган ала булуттарга айланып жаткандай сезилет.

Түрмөдөгү саясатчылар: Ө. Текебаевдин, С. Жапаровдун, Б. Талгарбековдун, Б. Асановдун, К. Кадыровдун, Д. Чотоновдун, М. Султановдун, Э. Карыбековдун ж.б., ошондой эле кылмыш иши козголуп сыртта жүргөн М. Мырзакматовдун, Ө. Бабановдун жана журналисттердин эркиндикке чыгышына жана акталышына бир гана Жээнбековдун парманы керек экендигин темир тор артында отургандар, соттор жана жалпы коомчулук да жакшы сезип турат. Эгер алар күткөн адилеттик ишке ашпаса, ал саясатчылардын санаалаштарынын, жалпы электоратынын нааразылыгы күчөп, мамлекет башчынын үстүнө ала булут айланып, саясий абалды татаалдаштыра турган кырдаалдар түзүлүп калышы ыктымал.

Үчүнчү ала булут. Мурдагы президент Атамбаев менен азыркы президент Жээнбековдун достугу элдешкис жерге жетти окшойт. Алмаз Шаршенович ар бир ыңгай келе калганда өзү баш болуп, «Апрель» телеканалы төш болуп, Жээнбековдун, өкмөттүн ар бир кадамынан кине таап, ашкерелөөнү улантып жатат. Убакыт өткөн сайын дагы күчөчүдөй түрү бар. Ар бир маалыматтын коомдук пикир түзүү күчүн эске алганда «Атамбаевдин кара булуту» Жээнбековдун үстүнөн айланышын ургаалдуу улантат деп боолголосок болот. Кыскасы, азыркы расмий бийликтин беделин кетирүүгө аракеттер «бул фронтто» да күчөйт шекилдүү. Ошентсе да эки досту жараштырууга орус президентинен үмүт артып жаткандар бар. Ал март айында Кыргызстанга келгенде Жээнбеков менен Атамбаевди ийин тийиштирип жараштырып кетет деп күткөндөр жок эмес.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.

Төртүнчү ала булут. "2017-жылга салыштырганда 2018-жылы Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын көлөмү 33 пайызга азайды" деген расмий маалымат жарыя болду. Ошол эле учурда "өлкөдөн чыгып кеткен инвестициянын көлөмү 328 миллион доллардан ашты" деп экономика министри айтууда. Өткөн жылы Кытайдан келген инвестиция да азайган. Кытайдан күтүп жаткан 100 миллион доллар грант да келбей калды. Быйыл кайсы ири долбоорлорго кайсы өлкөдөн инвестиция келет, белгисиз. 2019-жылдын бюджетин 10 миллиард сом таңкыстыгы менен кабыл алдык. Сырткы карыздын жалпы көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызына жакындады. Бул жылы айлык акы же пенсия-жөлөкпулдун көбөйүшү жөнүндө кеп жок. Экономика, социалдык тармактардагы мындай «өгүз өлбөй, араба сынбай» турган абал оппозициялык күчтөргө көзүр болуп, кыйкырганга камчы болуп, азыркы өкмөттүн үстүнө кара булуттарды айдаганга шамал болуп берчүдөй.

Бешинчи ала булут. Коомчулуктун пикирине таянсак, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары сынды эң көп уккан парламент болуп калды. Эл өкүлдөрү сапаттык жагынан ченегенде «базаркомдор» деген атка конушту. Бул жолку депутаттардын арасынан коррупцияга шектүү катары камалгандары көп болду. Чуулгандуу Бишкек ЖЭБинин модернизациясы боюнча келишимди бекитип бергени үчүн да азыркы депутаттар сөгүш угууда. 2016-жылы президенттик аппараттын «өтүнүчү менен» беш кодексти, эки мыйзамды окубай кабыл алып беришкени ашкереленип калды. Ошондон улам мурдагы же азыркы президент учурунда болсун, бүгүнкү Жогорку Кеңеш «чөнтөк парламент» боюнча калды окшойт. Ошентип учурдагы кыргыз парламентинин үстүнөн беш жыл бою кара булут кеткен жок. Коомчулукта парламенттик башкаруудан көңүл калуу, санаркоо күч. Байыркы грек ойчулу Сократтын «жыйын усталар менен соодагерлерден турат. Алар арзан алып, кымбат сатканды гана билишет. Алар мамлекеттик маанилүү маселелер жөнүндө ойлонушпайт!» деген сөзү бүгүнкү кыргыз чындыгын чагылдырып жаткандай.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кандай сындабайлы, азыркы Жогорку Кеңештеги фракциялардын баары партияларынын сүрөөсү менен парламентке кайра келгиси бар. Бирок бүгүнкүдөй аталыштагы фракциялар келерки чакырылышта болушу өтө күмөн. Андай болорун өздөрү да сезишет. Анткени азыркы Жогорку Кеңештеги фракциялар көп маселелерде өздөрүн дискредитациялап алышканын көрүп турабыз. Ошондуктан азыркы депутаттардын көбү жаңы аталыштагы партиялар же бириккен саясий блоктор менен кайра ЖКга келүүгө «төлгө салып» жаткан кези. Азыр парламентте жок да, бар да партия лидерлеринин ортосунда «кабыргалары менен кеңешкен» консультациялар жүрүүдө. Ошентип, эски тонду жамынып, гүлдүү жоолук салынып, баарыбызга тааныш «баягылар» саясатта кайра калгысы келип, горизонтто ала булут болуп көрүнөт.

Алтынчы ала булут. 2018-жылдын ноябрь айында Кыргызстандагы 50гө жакын коомдук-саясий уюмдар курултайга чогулуп, өлкөдөгү жалпы абалды талкуулап, президентке «үч» жана бийликтин башка бутактарына «эки» деген баа коюп, алардын алдына конституциялык реформа баштаган көп милдеттерди, талаптарды коюшкан. Андан көп өтпөй эле президент Жээнбеков «иштеп жаткан Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок» деп жооп бергени курултайчы күчтөрдүн ындынын өчүрдү. Кечээ жакында алар кайра жыйынга чогулушуп, 2019-жылдын күзүндө бүткүл элдик референдум өткөрүп, ага Конституцияны өзгөртүү, «Кумтөр» кенин мамлекеттештирүү, орус тилинин расмий статусун жоюу сыяктуу бир нече олуттуу суроолорду кабыргасынан коюшууда. Алар максатына жетиш үчүн бардык аракеттерди кыла турганын жар салышты. Аларды колдогон либералдуу, консервативдүү жана радикал-улутчул күчтөр бар экенин эске алганда, бул күчтөр да бийлик үчүн оңбогондой ала булутка айланышы мүмкүн.

Жетинчи ала булут. Жаштар демекчи, бүгүнкү кыргыздын жаш муунунда бийликке, парламентке, саясий партияларга карата оппозициялык маанай күчтүү. Ошондон улам өкмөткө, ЖКнын жетинчи чакырылышына жаңы жүздөр келишин каалагандар көп. Алар мыйзам сыйлаган парламенттик өлкөдө, коррупциясы жок мамлекетте, сабаттуу эли бар Кыргызстанда жашагысы келет. Жаңы Кыргызстанды курууга жаңы идеялар, долбоорлор менен чыккан жаштардын жоон катмары быйыл чыкчудай болуп турат. Азыр Кыргызстанда чет өлкөлөрдө билим алып, либералдуу коомдун баалуулуктарына сугарылган жана сыртта жүрүп да өз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошууга даяр, мекенчил жаштардын катмары пайда болду. Өлкөнүн саясий айдыңында 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттана турган жаштардын ала булуту көрүнчүдөй болуп турат. Ошондон улам «Кыргызстанга да өз «пашиняндары» келбесе оңолбой калды» деген коомдук пикир күч алууда.

Тилекке каршы, Кыргызстандын бүгүнкү шайлоо кодекстери акчасы жок, акылы барлардын, өзгөчө жаштардын Жогорку Кеңешке келишине шарт түзбөйт. 2019-жылы шайлоо системасын түп-тамырынан бери өзгөрткөн мыйзам негиздерин кабыл албасак 2020-жылы «базарчылардын парламенти» кайра кайтып келери шексиз.

Бакыт Орунбеков

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG