Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Шайлоо мыйзамы жана акчанын күчү


Депутаттардын төш белгиси.
Депутаттардын төш белгиси.

Президент Жээнбеков парламенттин фракция лидерлери менен жолугушууда шайлоого байланыштуу мыйзамдарды кабыл алууну тездетүүнү өтүндү.

Кайсы мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирет, кандай жаңы жоболор сунушталды, ал өзгөртүүлөр шайлоонун таза өтүшүнө, Жогорку Кеңештин сапатын арттырууга өбөлгө боло алабы, ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, президент Жээнбеков кечээ Жогорку Кеңештин фракция лидери менен жолугушууда шайлоого байланышкан төрт мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салып, жакын арада кабыл алууга чакырды. Кеп кайсы мыйзамдар жөнүндө болуп жатат, кайсы мыйзамга кандай өзгөртүүлөр сунушталды?

Мурда шайлоого аз калганда же шайлоо жүрүп жаткан убакта да мыйзамдар өзгөрүүгө учураган мезгилдер болгон.
Абдыжапар Бекматов.

Абдыжапар Бекматов: Мамлекет башчынын жарлыгы менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык принциптерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Бир жылга жакын убакыттын ичинде жер-жерлерге, аймактарга чыгып, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, кыскасы шайлоого тиешеси бар мамлекеттик органдардын ж.б. уюмдардын катышуусунда талкуулар өткөрүлдү.

Алардын негизинде мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгып, эки ай Жогорку Кеңештин Интернет сайтында коомдук талкууда турду.

Өткөн жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңештин эки депутаты шайлоого байланыштуу төрт мыйзам долбоорун кароого сунуштады. Алар: “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор жөнүндө”, “КР референдум өткөрүү жөнүндө”, “КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Президент мыйзамдар шайлоого чейин бир жыл мурда кабыл алынып, андан кийин өзгөрбөгөн туруктуу нукка түшсө деген ниет менен ишти тездетүүнү демилгеледи. Мурда шайлоого аз калганда же шайлоо жүрүп жаткан убакта да мыйзамдар өзгөрүүгө учураган мезгилдер болгон.

“Азаттык”: Бекбосун агай, “шайлоо жөнүндө мыйзамдарды кабыл алганда мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл», - деди президент Жээнбеков. Мыйзам ишеним жаратып, туруктуулуктун фактору болуш үчүн кандай болушу керек?

Шайлоодогу күрөө маселеси да жарандардын шайлоого, шайланууга укугун чектеп жатат.
Бекбосун Бөрүбашев.

Бекбосун Бөрүбашев: Туура, шайлоого катышат деген бардык субъектилер бир жыл мурда шайлоого байланыштуу кандай эрежелер бар, кандай тартип болот так билип, ал өзгөрбөшү керек.

Кеп шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосунда эмес. Кеп адамдын шайлоо эркиндигинин, укугунун сакталышында, бул - демократиянын талабы.

Шайлоо – демократиянын башкы формасы. Бизде тилекке каршы, шайлоо принциптери бузулган. Мисалы, паспортко байланыштуу канча киши добуш сала албай калды, чет элдеги канчалаган мекендештер добуш берүү укугунан ажырап калууда. Аларга мамлекет шарт түзгөн жок.

Шайлоо - эркин тандоо мүмкүнчүлүгү. Бизде акыркы жылдары талапкерди эл тандабайт, аларды партиянын лидери же саясий кеңеши тандайт. Шайлоодогу күрөө маселеси да жарандардын шайлоого, шайланууга укугун чектеп жатат.

Мисалы, тизменин биринчи ондугуна кирүү үчүн өзүнчө акча, андан кийинки орундарга илиниш үчүн да күрөөнүн суммасы ачык эле айтылып келе жатпайбы.

Натыйжада азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын курамы кимдер экенин баарыбыз жакшы билебиз. Депутаттардын жалпы деңгээли төмөн деп сындайбыз. Эмне үчүн төмөн? Анткени алар элдин элегинен, тандоосунан өткөн эмес. Эң негизгиси акчанын, бийликтин, административдик ресурстардын күчү менен депутат болуп жатышат.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, мыйзам долбоорлорунда каралып жаткан жоболор көп партиялуу саясий системаны түзүүгө, дегеле демократияны өнүктүрүүгө шарт түзө алабы?

Ушул убакка чейин шайлоо болду, бирок тандоо болгон жок. Партиялардын тизмеси каалагандай өзгөрүп жатты.
Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов: Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорлору партиялык системаны, демократиянын өнүгүшүнө такыр шарт түзбөйт деп айта албайм.

Президенттин шайлоо башталганга чейин бир жыл мурда тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу керек деген ою туура. Анткени саясий партиялар мыйзам менен күрөшкө даярданууга шарт түзүлсүн деп жатат. Бизде мыйзамды туу туткан, эреже-тартип сактаган тажрыйба калыптанышы керек.

Тилекке каршы, ушул убакка чейин шайлоо болду, бирок тандоо болгон жок. Партиялардын тизмеси каалагандай өзгөрүп жатты, эми жаңы мыйзамга ылайык тизме туруктуу болот, четинен тартипке салынып келе жатат. Эң негизгиси шайлоолорго эле байланыштуу мыйзамдарды эмес, “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү керек, ал 1999-жылдан бери жаңыланбай турат…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG