Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

«РСК Банк» Эксимбанкка айланат


«РСК Банк» ачык акционердик коомунун кеңселеринин бири.

Өкмөт «РСК Банк» ачык акционердик коомун (ААК) экспорттук-импорттук банк кылып кайра түзүү аракеттерин баштады.

Кыргызстандын бийлиги бул жол менен чет жакка товар саткан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөткөнү турат. Каржылык көмөк алууда түмөн түрдүү тоскоолдуктарга кабылып келгенин экспортчу ишкерлер дайым даттанып келчү.

Планга кирген чечим

Кыргыз өкмөтү жаңы бекиткен 2020-жылга карата социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракеттер планына экспорттоочуларды колдош үчүн он чакты финансылык механизмдерди кошту. Анын ичинде мамлекеттик банктардын бирин экспорттук-импорттук банк (Эксимбанк) кылып өзгөртүү белгиленди.

25-августтагы соңку брифингинде премьер-министр Кубатбек Боронов бул жөнүндө расмий жарыялады:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Учурда факторинг, консультациялык коштоо жана башка механизмдерди киргизиш үчүн мамлекеттик үлүшү менен коммерциялык банкты Экспорттук-импорттук банк кылып кайра түзүүнү планга киргиздик. Бул урматтуу президентибиз, урматтуу Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен болуп жаткан иш. Биз эки мамлекеттик коммерциялык банктын бири «РСК Банкын» кайрадан түзүп, экспорттук-импорттук банкка айлантуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Максатыбыз атамекендик экспортчуларды, өзүбүздүн ишкерлерди колдош үчүн финансылык механизмдерди киргизүү болуп саналат. Эгерде биз банкты ошондой шартка өткөрө турган болсок, экспорттук багытта иштеп жаткан ишкерлерибизге каржылык жактан көмөк көрсөтүү колго алынат».

«РСК Банкты» экспорттук-импорттук банк кылып түзүү планы каралып жатканын былтыр май айларында ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да айтып чыккан. Андан бери маселе туруп калган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл башынан бери «РСК Банктын» башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду башка финансылык мекемелердин жетекчилери менен кошо бир нече жолу кабыл алган. Бирок ал жолугушууларда бул маселе каралган-каралбаганы такталган эмес. Мамлекет башчы 15-августта «Биринчи радиого» берген интервьюсунда Экспорттук-импорттук өнүктүрүү банкын түзүү боюнча өкмөткө милдет жүктөлгөнүн билдирген.

«РСК Банк» орусча аталышы айтып тургандай «Расчетно-сберегательная компания» же «Эсептешүү-сактык компаниясы» катары 1996-жылы негизделген. 2008-жылдан тартып азыркы аталышын расмий түрдө бекиткен. Алгач бир млн. сом менен рынокко кирген банктын уставдык капиталы ушу тапта эки млрд. сомдон ашат. Башкы кеңсесинен сырткары 50дөн ашык бөлүмү, 150дөй тейлөө түйүндөрү бар. Компаниянын 100% акциясы өкмөткө караштуу.

Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Улан Шамкеев 19-августтагы басма сөз жыйынында мындай маалымат берген эле:

Улан Шамкеев.
Улан Шамкеев.

«Быйыл «РСК Банктын» бюджети 2 млрд. 800 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин мунун эки млрд. 152 млн. сому иштетилди. Анын ичинен мал чарбачылыкка 1 млрд. 453 млн. сом 371 тарапка, өсүмдүк өстүрүүгө 125 млн. сом 832 тарапка насыя катары берилди. Мындан сырткары кластер багытына 134 млн. 900 миң сом, айыл чарбасын кайра иштетүүгө 961 млн. 300 миң сом бөлүндү жана ун комбинаттардын каржылык жүгүртүүсү 203 млн. сомго каржыланды. Учурда банктын жалпы насыялык портфели 16 млрд. 868 миң сомду түзөт жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд. сомго көп».

«Ат өзгөртүү менен маселе чечилбейт»

Кыргызстандын жергиликтүү өндүрүүчүлөрү, анын ичинде чет жакка товар чыгарган ишканалары өкмөттүн экспорттук-импорттук банк түзүү боюнча демилгесин колдоого алууда.

«Кыргызленд» экспортёрлор жана импортёрлор ассоциациясынын жетекчиси Ленара Ниязбекова мындай формадагы каржылоо мекемеси өтө зарыл экенин белгиледи:

Ленара Ниязбекова.
Ленара Ниязбекова.

«Бул банк алда качан эле түзүлүшү керек болчу. Анткени Кыргызстандын базар экономикасына өткөнүнө 30 жылга чукулдады. Бул аралыкта импорт боюнча биздин рынок толук системага ээ болду. Кептин баары экспортто болуп жатат. Кыргызстан өзү өндүргөн товарларын сырткы рынокко алып чыгууда финансылык да, башка жагынан да системалуу жол таба элек. Кыргызстан агрардык өлкө, калкыбыздын 62-63% дыйкандар. Алар чыгарган өнүмдү сыртка чыгарууда эл аралык уюмдарга көз каранды болуу менен материалдык базаны чыңдай элекпиз. Фермерлердин насыя алуусунда же үстөк пайыз жогору, же пайызы аздары бюрократиялык жагдай бар. Бул банктын түзүлгөнү жакшы, бирок ал мамлекеттин кызыкчылыгына жана өндүрүшчүлөрдүн пайдасына иштеш керек».

Ниязбекова банкта бюрократиялык тоскоолдуктар азайбаса жана каржылоодо үстөк пайыздар төмөндөтүлбөсө банктын аталышын алмаштыруудан майнап чыкпай турганын эске салды:

«Бизде банктар толук жеке менчик же жарым-жартылай мамлекеттик өнөктөштүктө болгондуктан элге жетиштүү кызмат кыла элек. Айрыкча экспорт жаатында. Тескерисинче, көпчүлүк алардын жогорку пайыздагы акчасын алуу менен, каражатын жүгүртүү менен банктарга кызмат кылып жатат. Пайыздары кеминде 27-28%, болбосо 30-32%. Жеңилдетилген насыяларды алууда болсо бюрократиялык тоскоолдуктар көп. Эми экспорттук максатта түзүлгөн соң биринчиден, пайыздарды азайтышы керек, экинчиден, берүү ыкмасын жеңилдетиши зарыл. Азыр «тигил кагазды алып кел, бул кагазды алып кел» деп, өндүрүшчүлөр айлап-жылдап банктардын эшигинде калып жатат. Ошондо да айрымдары алат, кээ бирлери албай калат. Бул банк коррупцияга батпаган же кимдир-бирөөгө көз каранды болбогон банк болсо жакшы болмок. Же баягы эле кайсы бир тараптын акчасын айландыруу менен же акчаны «жууп-тазалоо» менен гана алектенсе - анда экспорттук-импорттук банк өз максатына жетпейт. Атын өзгөртүүдөн маселе чечилбейт, азыр эмне деген гана сонун аттар менен банктар иштейт. Бирок алар экономикага биз каалагандай салым кошпойт, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иш алып барышат».

Экспорттук-импорттук банктар дүйнө өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башынан тартып түзүлө баштаган. Башында ар кандай аталыштарды алышканы менен алар негизинен тышкы соодага көмөктөшүүгө, экспортко багытталган ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүгө ылайыкташкан. Бул багыттагы банктар адатта мамлекеттин колдоосу аркылуу иштейт.

Азыркы учурда АКШнын (Export-Import Bank of the United States, Ex-Im Bank) жана Кытайдын (The Export-Import Bank of China / China Exim Bank) экспорттук-импорттук банктары эл аралык чөйрөдө көбүрөөк белгилүү. Бээжиндин бул багыттагы банкынан ал тургай Кыргызстан да ири суммада насыя алган.

Экспорттук-импорттук банктар өнөктөш Орусияда (Росэксимбанк) жана Казакстанда (Эксимбанк Казакстан) өлкөлөр эгемендик алган токсонунчу жылдары уюшулган.

Кыргызстанда да ушул багытта банк түзүүнү адистер көп жылдан бери сунуш кылып келишкен. Алардын бири экономист Мейманбек Абдылдаев. Ал муну экономиканы реформалоо менен чогуу жүргүзүш керек деп эсептейт.

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

«Экспорттук-импорттук банк бизге өтө зарыл, экспортко багытталган ишканаларга стимул бериш керек. Бирок мамлекеттин банктык системасына, финансылык системасына реформа жасабаса, ал өз маңызына жетпей калат. Ал үчүн бүтүндөй акча-насыя саясатын өзгөртүш керек. Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) чыгып, өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүп, анан ушул ишти башташ керек эле. Улуттук банк жалаң эле акча-насыя саясатына жооп бербей, жалпы экономикага жооп бере тургандай болуш керек. Ал үчүн ал банктарды насыянын үстөк пайызын түшүрүүгө мажбурлап, 2-3% ашык койбогула деп талап кылыш керек. Банк системасын жеке жана мамлекеттик өнөктөштүктө жүргүзүш керек, мамлекеттин ролун жогорулатуу зарыл. Бизде болсо бул тармактагы мамлекеттин ролун олигархтар уурдап кеткен. Реформалоодо толтура жолдор, механизмдер бар, аны адистер билет. Бирок азыр жалпы реформа жүргүзүү өкмөттүн оюнда жок. Анткени өкмөт либералдык экономикалык моделден кете албайт, ЭВФтен тынымсыз насыя алыш керек, аларга азыр көз каранды. Ошону үчүн бул чала жасалган жумуш», - деди эксперт.

Азыркы учурда Кыргызстанда 23 банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания. Банктардын ичинен «Айыл банк» да мамлекетке карайт.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын алгачкы жарымында эки млрд. 577,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 22,4% төмөндөдү. Ушул эле учурда экспорт 2,4% көбөйүп, импорт 32,2% кемиди.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, өлкө 2019-жылы башка өлкөлөр менен 6 млрд. 869,3 млн. долларлык суммада соода кылган. Мунун 4 млрд. 903,8 млн. доллары импорт, 1 млрд. 965,5 млн. доллары экспорт болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG