Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Баткен: чек арада жабылган жол ачылды


Жака-Өрүк участкасындагы Ош-Исфана жолун ачып жаткан тургундар.
Жака-Өрүк участкасындагы Ош-Исфана жолун ачып жаткан тургундар.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу ачылды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров “Азаттыкка” тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол каттамдары калыбына келтирилгенин маалымдады.

Мадумаров эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу белгиленип жатканын айтты.

“Эртең эки президенттин жолугушуусу белгиленип жатат. Анда эки тарап чек ара маселесин карап, бир чечимге келет деген ойдобуз”, - деди Мадумаров.

Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына бара турганы ырасталды.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кыска мөөнөттүк жумушчу сапардагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкуулана турганын билдирди.

«Чек ара боюндагы облустардын кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат», - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын белгиледи.

Буга чейин Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 26-июлда Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай-Ворух жолунда жолугуп, чек арада жашаган элдин үнүн угарын кабарлаган.

Тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода "Азаттыктын" тажик кызматына андан ары сүйлөшүүлөр Исфарада өтөрүн маалымдаган.

Жол каттамы 25-июлдан баштап ачылды.

Исфара шаарынын администрациясынын басма сөз катчысы Икбол Тешаев "Азаттыктын" тажик кызматына эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде жол ачылганын ырастады.

Тешаевдин айтымында, Ворухтагы ооруканада жарадар болуп жаткан беш тажикстандык Исфарадагы борбордук ооруканага которулган.

Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы чек ара чырынан кийинки кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Чек арадагы абалга эки өлкөнүн күч түзүмдөрү көзөмөл кылып турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну үйлөрүнө жеткириле баштады. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы алардын көбү балдар менен аялдар экенин кабарлады.

Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган.

Вице-премьер-министрлердин экинчи жолугушуусу

23-24-июлда Баткендин Дача аймагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин экинчи жолугушуусу өткөн. Анда Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы чырдан кийин абалды жөнгө салуу маселелери талкууланган.

Анда чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.

Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавы менен айылдын ортосуна чек ара бекетин коюп берүүнү, ошондой эле ушул жерге «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотуп берүүнү талап кылышкан. Бул талаптар эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусундагы темалардын бири экени кабарланган.

Кыргыз-тажик өкүлдөрүнү жолугушуусу өтүп жаткан жер.
Кыргыз-тажик өкүлдөрүнү жолугушуусу өтүп жаткан жер.

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим 23-июлда да жолугушуп, че ара чырын биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишкен. Ошондой эле чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.

Эл менен милициянын чыры

Тажикстандын Ворух анклавы жана Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосунда чек ара чырынан кийинки кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Бирок бүгүн, 24-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Аксайлыктарга каршы кыргыз милициясы атайын каражаттарды колдонуп, элди күч менен таратканы маалым болду. Буга аксайлыктардын жолду бууганга аракет кылганы себеп болгону айтылды.

Эл менен милициянын тирешинде жааркат алган адамдарды ооруканага алып бараткан "Тез жардам" машинасы.
Эл менен милициянын тирешинде жааркат алган адамдарды ооруканага алып бараткан "Тез жардам" машинасы.

Облустук милиция социалдык тармактарда тарап жаткан «милиция Ак-Сай элине күч колдонуп жатат» деген тасмалардын чоо-жайы боюнча түшүндүрмө берди.

Таратылган маалыматка караганда, 24-июль күнү 06:00 чамасында аксайлыктар айылды кесип өткөн Ак-Сай-Ворух жолунан машинелерди өткөрбөө үчүн жолду жыгачтар менен мыйзамсыз тосуп алышкан.

Коомдук коопсуздукту карап жаткан милиция кызматкерлери жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын ээси, аларды качырып айдап келип жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.

Аны токтотууга аракет кылган күч кызматкерлерине айылдын тургундары таш ыргытып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Милиция жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылган. Окуядан кийин айрым жергиликтүү тургундар жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары, 24-июль, 2019-жыл
Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары, 24-июль, 2019-жыл

​24-июлда тараган сүрөттөрдө аялдар жана жаш балдар айыл четинде топтолуп турганын көрүүгө болот.

Чек ара чырынын кесепети

22-июлдагы жаңжалдан кийин кыргыз тарап Ворух-Исфара авто жолун, ал эми тажик тарап Кыргызстандын Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолун жапкан.

Эл менен милициянын бүгүнкү кагылышуусунан айылдын бир канча тургуну, ошондой эле үч милиция кызматкери жараат алганы кабарланды.

22-июлда түштөн кийин Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, алар алгач бири-бирин таш менен урса, кийин ок атылган. Эки тараптан 20дан ашык киши жабыркап, алардын айрымдарына ок жаңылса, кээ бирине таш тийген. Окуядан бир тажик жараны каза тапкан.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода 23-июлда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди.

«Азыркы учурда жеринде Кыргызстан менен Тажикстандын президенттик аппараттарынын жетекчи курамынан турган комиссия маселени карап жатат. Эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат», - деди Рамазон Рахимзода, Тажикстандын ички иштер министри.

Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы жаңжал эки өлкөнүн мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолуга турганы айтылып жаткан учурга туш келди.

Чек ара чырына карабастан эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолуга турганы, азыр анын датасы жана орду аныкталып жатканы айтылган.

Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG