Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

"Армия мобилдүү болушу керек". Кыргызстандын Аскердик доктринасы


Кыргызстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыкты. Ал өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, аскердик чыр-чатактарга жана согуштук аракеттерге жол бербөө үчүн даярдалган.

Аскердик доктринанын долбоору талкууланган Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстан кандай гана ички же тышкы конфликт болбосун дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин айтты. Ошол эле кезде агрессорлорго жооп берүүгө өлкөнүн дарамети жетерин билдирди.

Жаңы доктринанын долбоору

Коопсуздук кеңешинин 13-июндагы жыйынында президент Садыр Жапаров чек араны жана жарандарды коргоо үчүн Кыргызстан бир топ заманбап куралдарды өзүнүн каражатына сатып алганын айтты. Анын сөзүнө караганда, “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттардан тышкары, Борбор Азияда азырынча аналогдору жок курал-жарактардын да жаңы түрлөрү бар.

Президент Коргоо министрлигинин беш тик учагы бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөнүн, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатылып алынганын, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учак алуу планда бар экенин билдирди.

Андан тышкары аба чабуулунан коргонууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс алынганы жана Орусия менен биргеликте аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасы түзүлгөнү белгилүү болду.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Мен өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу комплекстүү түрдө гана жүргүзүлүшү керек деп жөн жерден баса белгилеп айткан жокмун. Мамлекетибиздин коопсуздугун ушундай ыкмалар менен гана чек ара чыр-чатактарынан, ниети түз эмес мамлекеттердин куралдуу агрессиясынан жана башка коркунучтардан натыйжалуу камсыз кылууга, ошондой эле жергебизди ар кандай террористтик жана экстремисттик-бандалык түзүлүштөрдүн басып кирип келүүсүнөн коргоого боло турганын практика көрсөтүп турат. Ушул максаттарда, менин тапшырмама ылайык, Коргоо министрлиги Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен биргеликте жаңы Аскердик доктринанын долбоорун иштеп чыккан”.

Садыр Жапаров Кыргызстандын башка өлкөгө кол салуу ниети жок экенин, ошол эле учурда куралдуу агрессия көрсөткөндөргө жооп кайтарууга даяр экенин кошумчалады. “Кандай гана чыр-чатак болбосун, анын алдын алууга жана дипломатиялык деңгээлде чечүүгө болот” деди өлкө башчы.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган маалыматка ылайык, жаңы Аскердик доктрина өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, коопсуздукту жетиштүү деңгээлде камсыздоо үчүн жазылган. Аскердик доктринанын мазмуну менен коргоо министринин орун басары - Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев тааныштырды.

“Акыркы жылдары дүйнө жүзү бир катар сыноолорго туш болду. Бул сыноолор ар бир мамлекеттик аскердик коопсуздугун камсыздоого да таасирин тийгизгени байкалып турат. Аскердик коопсуздук Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги багыт. Мында замандын талабына жооп берген доктринаны кабыл алуу мамлекетибиздин аскердик системасында оң жыйынтык берет. Аскердик доктрина Конституцияны, мыйзамдарды, президенттин жарлыктарын жана коргонуу багытындагы башка ченемдик-укуктук актыларды аткаруу үчүн иштелип чыкты”.

Эрлис Тердикбаев 1992-жылдан 2020-жылга чейин Куралдуу күчтөрдүн саны 50% чейин азайганын, 2021-2023-жылдары алардын саны кайра көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын акыркы Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Ал 10 жылдан кийин өзгөртүлгөнү жатат. Ага чейинки доктрина 2002-жылы кабыл алынып, мөөнөтү 2010-жылы аяктаган. Кыргызстанда негизинен Аскердик доктринанын баары тең коргонуу мүнөзүндө болот.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 13-июнь, 2023-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 13-июнь, 2023-жыл.

“Тышкы агрессия” түшүнүгүн киргизүү сунушу

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна “тышкы агрессия” деген түшүнүктү киргизүүнү жана аскердик уюмдар менен кызматташуунун тизмесин кеңейтүү сунушун берди.

“Аскердик доктринага тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей биз 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл. Экинчиден, Куралдуу күчтөрдү бекемдөө жана заманбап техника менен жабдуу боюнча эл аралык байланыш тууралуу жазыптырбыз. Анда Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), КМШ жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен эле чектелип калыптыр. Биз колубузду байлабай Кыргызстанга көз карашы түз аскердик уюмдар менен кызматташканга мүмкүнчүлүк бар деп киргизсек болот деп эсептейбиз”.

2021-2022-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп эки тараптан тең ондогон адам каза болгон. Бул үчүн эки өлкө бири-бирин айыптап келет.

Коопсуздукка эки жылда 83 млрд. сом жумшалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы Аскердик доктринанын долбоору Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоодо, армияны күчтөндүрүүгө көмөк болорун жана өлкө бардык коңшулар менен коопсуздук жаатында кызматташууга умтуларын айтты. Ал ошондой эле акыркы жылдары өлкө коопсуздукка жумшаган каражат тууралуу маалымат берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Акыркы жылдары коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасап жатканыбызды бүгүн айта кетсем ашыкча болбос. Мамлекеттик коргоого, укуктук жана коопсуздукка жумшалган каражаттын көлөмү 2010-жылы 8,2 млрд. сом болчу. Биз акыркы эки жылда 83,4 млрд. сом жумшадык. 2021-жылы 31,2 млрд. сом, 2022-жылы 52,2 млрд. сом сарптадык”.

Кыргыз бийлиги коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

“Дүйнөдө саясий, экономикалык жана аскердик кырдаал түп тамырынан өзгөрдү. Ошондуктан Кыргызстанда да Аскердик доктрина ошого жараша жазылышы керек. Кыргызстандын армиясы өтө мобилдүү болушу керек. Анан башкы кол башчы айткандай эң негизгиси дасыккан кадрлар менен заманбап аскердик техникага көңүл бурулушу зарыл. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен пайыздык көрсөткүч менен караганда аскердик техникаларды көп сатып алып жаткан мамлекеттердин сап башында турат. Техниканы өзүбүздүн акчага алганыбыз да маанилүү. Себеби, жардамга алган техникаларды өз алдыбызча каалагандай колдоно албайбыз. Анткени аны берген өлкөлөр келишимде аскердик техникаларды качан, кандай шартта колдонуу керектиги тууралуу өздөрүнүн талаптарып коёт”, - деди Кыргызстандын коргоо министринин мурунку орун басары, аскердик эксперт Мурат Бейшенов.

Коопсуздук кеңешинин бул жолку жыйыны 9 айдан кийин өттү. Акыркы жолу былтыр сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу кезексиз отуруму болгон.

13-июндагы жыйынында “Манас” эл аралык аэропортунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы, “Учкун”, “Госзнак” ишканалары жана Башкы прокуратуранын дата-борбору жайгашкан айрым имараттар стратегиялык объектилердин тизмесине киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG