Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Бакка жармашкан илдет түшүмдү азайтты


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунун аймагындагы мөмө бактарынын жабыркашы түшүмдүн сапатына тескери таасир этип, ишкерлерди жылдагы кирешеден куржалак калтырууда.

Бактериолог адистер түшүмгө кесепетин тийгизген илдетти алдын алуу чараларын сунуштап жатышат. Айыл чарба министрлиги багбандар менен чакан ишкерлер эмгегинин акыбетин кайтаруу үчүн ала жаздан баштап биргелешип, пландуу иштөө керек деген кеңешин берүү менен чектелүүдө.

Каракол шаарынын багбанчылык менен алектенген тургуну Марсел Чокеев мөмө берген дарактардын илдетке чалдыгышы быйыл бир топ кирешеден куру калтырды деди:

- Алмурут, алма, карагат баары эле ооруп атат. Эки-үч жылда такыр эле алмурут калбай калабы деп коркуп жатам. Анын дарысы жок болууда. Карарып эле жатат. Мурда төрт тонна алмурут алсак, быйыл жарым тоннадай эле алып калдык.

Марсел айткан жагдайга бул жылы аймактагы дээрлик бардык дыйкан, фермерлер кириптер болду. Багбанчылык менен алектенип, мөмө сатып жан баккан көлдүктөр үчүн Евразия биримдигинин алкагында түшүмүн сатып өткөрүү да кыйынга турчудай. Техникалык регламент толук күчүнө кирген азыркы чакта лабораториялык текшерүүдөн мындай жемишти өткөрүү чоң маселе дейт жергиликтүү тургун:

- Алма көөдөй болуп карарып жатат. Айрыкча Жети-Өгүз районундагы багбандардыкы ушундай. ЕАЭБге өттүк деп мактанып жатышат, керек болсо зыян алып келип жатат. Мурда тышкы анча-мынча курту барлар, мөндүр ургандар кете берчү. Азыр эми баланча сапат деп талап кылып, элдин товары өтпөй калды.

Элден алма алган ишкерлер, Ысык-Көл
Элден алма алган ишкерлер, Ысык-Көл

Бул маселе ортомчу ишкерлерди да кабатыр кылууда. Алардын айрымдарынын бири Сымбат Чабдарова:

- Негизинен Казакстан менен Орусияга алып кетчү. Быйыл күн ысык болуп жер-жемиш майда болуп калды. Жылдан-жылга эле азайып жатат.

Ортомчу соодагерлердин дагы бири Чолпон Шептаева багбандардын мөмө бактарын кастарлап бакпаганынан ушундай көйгөй жаралды деди:

- Дарылаш керек да, бир эмес үч жолу дарылаш керек. Сугарып, кыйыштыруу керек. Бакты жакшылап карасаң анан түшүм жакшы болот эмеспи. Карабасаң жанагындай оорулар пайда болот.

Ысык-Көлдүн алмуруту.
Ысык-Көлдүн алмуруту.

Эмгектин акыбетин кайтаруунун бир жолу катары адистер ишкерлер менен багбандардын чогуу-чаран, биргелешип иштешин айтып жатышат. Айыл чарба жана мелиорация министрлигигин тамак аш жана кайра иштетүү бѳлүмүнүн башчысы Атанбек Ботоев мындай деди:

- Түшүм бир жылы болот, бир жыл болбой калат. Климаттык шарттарга байланыштуу болот да. Бирок дыйкандар да сертификаттарды алып, товардын сапаттык деңгээлин лабараториядан текшертип, чогуу жөнөтсө жакшы болмок.

Анткен менен ветеринар адистер мөмө-жемиштерге илдет жабышып жатканын танбайт. Облустагы ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкы инспектору Азамат Сагынбаевдин айтымында, алма, алмурут сыяктуу мөмөлөрдү бактериялык оорулар, климаттык өзгөрүүлөрдөн келип чыккан илдеттер жабыркатууда. Бул айрыкча акыркы эки жылда кадимкидей сезиле баштады. Ошондуктан, адис багбандарга төмөнкүдөй кеңешин берди:

- Былтыркы жылы күн жаанчыл болуп билинген эмес. Быйыл айрыкча байкалды. Айрыкча Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда болуп жатат. Мунун менен күрөшүү үчүн химиялык суюктуктар сунушталды. Бирок күчөп кеткендигине байланыштуу, биздин күчүбүз жетпей калды. Аырынча дарысы жок деп койсок болот.

Былтыр 46 миң тоннадан ашуун алма менен алмурут Ысык-Көл аймагынан жыйналса, быйыл андан көбүрөөк болду дейт өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүнөн.

Ысык-Көл облусунун калкы туризмден тышкары негизинен абрикос, алма, алмурут, картошка өстүрүп сатуудан киреше табат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG