Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:37

Эр тайын тартат


Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима Айтматова.
Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима Айтматова.

Улуу жана дүйнөгө кыргызды тааныткан жазуучунун апасы Нагима Хамзеевна Абдувалиеванын (Айтматованын) түпкү теги татарлардын Ишман шаджарасы (санжыра) боюнча Казан ханы Утямыш Гирейге (1546-1566-ж.ж) барып такалат экен.

Сүрөттөрдү карап жатып, аябай кызыгып сурап калдым:

- Ренат Шарипович, бул далилдерди кайдан таап алып жүрөсүз?

80 жашка чыкса да кайраттуу, эс-тутуму жакшы Р.Ш. Абдувалиев Нагима Айтматованын бир тууган агасы Шарифтин баласы. Өмүр бою врач болуп иштептир. Кыргызчаны да жакшы сүйлөйт.

- Мен архивдик документтерди көп жыл изилдедим. Бул сүрөттөрдү Татарстандын Кукмар районундагы край таануу музейинен көчүрмөсүн алгам. Менин чоң атам, жазуучунун таятасы Хамза ушул райондун Мачкарасынан болушкан. Ишман Шаджарасы боюнча изилдеп бул схеманы түздүм:

Чыңгыз Айтматовдун тайларынын санжырасы.
Чыңгыз Айтматовдун тайларынын санжырасы.

Чоң атам 1850-жылы Татарстандын Мачкарасында туулган экен. Фамилиясы Габдулвалиевдер, бирок Абдулвалиев болуп жазылып калыптыр.

Караколдо революцияга чейин эки үйү, дүкөнү, тери заводу болуп 1925-1926-жылдары Совет бийлиги тарабынан тартылып алынгандыгы тууралуу архивдик көчүрмөсү мына, окуп көрсөң. Чоӊ атам Чыңгыздын таятасы 1932-жылы өтө жакырчылыкта кайтыш болуптур, - деп Ренат Шарипович 1926-жылдагы архивдик аныктаманын түп нускасынан алынган көчүрмөлөрүн жана чоң атасынын 1900-жылы үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн көргөздү.

Чыңгыз Айтматовдун тайларынын үй-бүлөлүк сүрөтү.
Чыңгыз Айтматовдун тайларынын үй-бүлөлүк сүрөтү.

​Мен жазуучунун чыгармаларын окуучу кезимде 1966-жылы биринчи жолу окуганм. Ошондо таяне чоң эне болуп калганымда анын жакын тууганы менен баарлашам деп ойлобосом керек. Бул демек Алланын буйругу.

«Балким чоң атам Татарстандан көчүп келбесе, Нагима кызы да келбей, кыргыздын Чыңгыз деген жазуучусу болот беле, жок беле» деп Ринат Шарифович сөзүн тамашалай бүтүрдү. Мен билген Айтматовдун татарлык санжырасы ушундай экен.

Бул жөнүндө Р.Ш. Абулвалиевдин «Мачкаралык Хамза - Чыңгыздын таятасы» деген китебинде кеңири жазылган.

Бурулкан Бакеева

(Сүрөт Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын уруксаты менен жарыяланды).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG