Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:48

Улуу баяндын башталышы


Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган жомоктордун жыйнагы.

Мен мунун канчалык деңгээлде чындыкка ылайык келер келбесин билбеймин, ар кимдерден уккам, анан Малик Осмоновдун эссесинен да окугам.

Ал дагы мага окшоп, бирөөлөрдөн уккандарынын негизинде жазса керек, анткени, анын улуу жазуучу жана ойчул менен өзгөчө жакын мамиледе болуп, сырдашып жүргөндүгү же анын өмүр жолун иликтеп, изилдегендиги жөнүндө кабарым жок.

Иши кылып, мунун кайдан чыккандыгы белгисиз болсо да маани-мазмуну окурмандарды аздыр-көптүр кызыктырат деген ойдо, аны ортого салууну чечтим.

Жазуучунун чоң энеси Айымкан аябагандай акылдуу, элдик каада- салттарды мыкты билген, айылдагылардын арасында кадыры абдан чоң нарктуу-барктуу инсан болгондугун Чыңгыз Айтматовдун жана анын бир туугандарынын эскерүүлөрүнөн билебиз.

Демейде сөзгө сараң, башка бирөөлөрдү оңой менен көбүртүп-жабыртып мактабаган жазуучубуз чоң энесине жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан жылуу сөзүн аяган эмес.

“Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм, - деген ал “Балалыгым” деген китебинде. Ал киши башкача бир инсандык касиеттерге ээ болуу менен айылдагы зоболосу зор, акыл-парасаты тунук, кудай өзү ыроологон тубаса билимдүү адам эле... Кат-сабаты ачылбаса да, өзүнчө бир керемет сыйкыр акыл-эси болгон чоң энем элдик ырларды, кошокторду жана жомокторду аябагандай көп билчү”.

Мына ошол теги Аксынын Падыша-Ата деген кооз жеринен чыккан Айымкан эне элдик легендаларды, болмуштарды, жомокторду мыкты билүү менен гана эмес, аларды башкаларды кызыктыра айта да билгендиги менен айырмаланган жан болгон.

Ал дүйнөдөн кайткыча жаш Чыңгызды жайкысын өзү менен кошо жайлоого ала кетсе, ал жактан кайткандан кийин да кар түшкүчө небереси чоң энесинин колунда жүргөн.

Бийиктеги зоолордон улар үн салса, айлана-тегеректерден суурлар ышкырып, миң түркүн чөптөрдү аралай кекиликтердин, чымчыктардын балапандарын кууп, анан чарчап үйгө келгенде саамал кымыздан кере жутуп дегендей, жаш балдар үчүн жайлоонун керемети укмуш эмеспи.

Кеч киргенде желедеги кулундарды агытып, койлорду жуушатып, боз үйгө кирип жаздыкка баш койгондо Айымкан эне неберелерине дайыма кыраатын келтире жомок айтып берип, маңдай-тескейлердеги булактардын шаңында, сыртта кээде энтиге дем ала, кепшеп жаткан бодолордун, алыста кишинеген жылкылардын дабыштарында термелте уктатчу экен.

Башка неберелери Айымкан эне айткан жомокторду кандай кабыл алышкандарын билбейбиз, бирок жаш Чыңгыз тез эле айтылгандардын стихияларына сүңгүп, аларды кудум азыр болуп жаткандай, өзү аралашып жүргөндөй кабылдап, көз алдына элестетип, дайыма берилип уккандыгы менен айырмаланган.

Анын кийин Москвада жаңыдан мектепке барганда “Соловей Соловушка” деген кинону көрүп жатып, андагы кыздын сүйгөнүнө жетпей, башкага сатылып, көз жашын төккөн эпизодуна келгенде боздоп ыйлап жибергени, көчөдө баласы менен былчылдаша мушташып жаткан орусту көрүп, ыйлаган бойдон үйүн көздөй жүгүргөнү - анын жашында айланасындагы жаман-жакшы окуялардын бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алган сезимтал, кыялкеч, элестүү фантазиясы күчтүү болгондугун ырастайт.

Анын мындай сезимталдыгын, көркөм баяндарга болгон кызыгуусун алгач чоң энеси ойготкондугу шексиз. А.С. Пушкиндин жаш кезинен адабиятка кызыгуусунда тарбиячысы Арина Родионовнанын ролу чоң болсо, Чыңгыз Айтматовдун көркөм сөз өнөрүнө кызыгуусу ал наристе кезде чоң энеси айтып берген жомоктордон башталган. Анткени, үч-төрт жаштагы балдардын айлана-чөйрөдөгү көрүнүштөргө, жаңы нерселерге кызыгуусу аябагандай күчтүү болот, адамдын инсандык негизги сапаттары 4-10 жаштардын тегерегинде эле калыптанат.

Кайсыл бир окумуштуу айткандай, эгерде адамдын көрүнүштөрдүн, кубулуштардын себептерине, сырларына кызыгуусу 30-40 жаштарга чейин 3-4 жашындагыдай сакталса, анда андан сөзсүз гений чыгат.

Бирок, тилекке каршы, балдарда андай кызыгуулар алты-жети жашынан эле кайта баштайт, ага ата-энелердин кайдыгер мамилелери; наристелер бир нерселерди түшүндүрүп берүүнү сураса, аны көңүл коюп угуп, билгенинче жардамдашкандын ордуна, “башымды оорутпай ары ойногун, убактым жок” дегендей орой мамиле жасагандары да себеп болот.

Бул өңүттөн алганда Айымкан эне сейрек кездешүүчү тубаса тарбиячы, педагог да болгон экен.

Жаш Чыңгыз алгач кечинде гана жомок угуп жүрсө, бара-бара ал балдар менен ойногонун да таштап, чоң энесинен күндүз да жомок айтып берүүнү талап кыла баштайт.

Айымкан эненин билген жомоктору, уламыш, легендалары тез эле түгөнөт. Анан ал кошуналарына жүгүрүп барып, алардан бир нерселерди угуп, анан аларды небересине айтып бергенге өтөт. Анан кошуналары билген баяндар калбай калганда оюнан ар нерселерди чыгарып, эски жомоктордун бир нечесинен жаңы жомокторду кураштырып айта баштайт. Чоң энеси оюнан чыгарган жаңы жомокторду жаш Чыңгыз берилип укса, ар жомоктордон, баяндардан куралган чүргөмөйлөргө келгенде ал: - Сен буларды мурда айткансың, аларды билем,- деп жаңжал кылып жер тепкилеп ыйлайт. Аргасы кеткен Айымкан эне эми алыскы айылдарды кыдырып, уламыштарды, жомокторду билгендерди сураштырып, алардан уккандарын небересине айтып жүрөт.

Алыскы кошуналардан жомок билгендер калбаганда, Айымкан эне бир күнү казактардан жаңы жомокторду таап келүү үчүн Олуя-Атага жөнөйт. Ал - ал жактан жомок китептерди таап келип, аларды алгач бирөөгө окутуп угуп, анан аларды небересине айтып бергиси келсе керек.

Анын ал жакка эмнеге бараткандыгын уккандардын бири: - Ботом, Айымкандын бу эмнеси? Баланын айтканын аткара берген адам жинди болбойбу. Ушундай да болчу беле? Бала асмандагы айды деле алып бер дейт да. Андан көрө тал чыбык менен эсине келтирип койбойбу, - дешсе, экинчилери: - Жомок айтып бер деп эле ыйлай бергендигине караганда Айымкандын чоң мурун небересине бир нерсе тийсе керек. Тезирээк көздүү карактууга көрсөтпөйбү. Өтүшүп кетсе, өзүнө жаман болот. Аны-муну деп жүрө бербей молдого окутуш керек, - дегендей сөздөрдү айта башташат.

Айымкан эненин Олуя-Атадан кандай жомокторду таап келгендиги белгисиз, бирок андан кийинки окуяларга караганда ал жаңы таап келгендери менен жаш Чыңгыздын жомокко карата ынтызарлыгын андан бетер күчөтсө керек. Айымкан байбиче жомок менен ооруп калган небересин кантип айыктырарын билбей жүргөн күндөрдүн биринде кошуна айылдардын бириндеги Жолонбай дегендин үйүнө “баланча манасчы келиптир” дегенди угуп калат.

Совет бийлиги орногонго чейинки мезгилде манасчылар эл арасында жомокчулар деп да аталган. Ал бир жагынан; ар чоң манасчы эпостун негизин эле сактабаса, калгандарын өзү каалагандай, түшүнгөндөй чечмелеп, даремети жеткиче кошумчалай апырта сүрөттөп айткандыгынан болсо, экинчи жагынан; манасчылардын бардыгы “Манастан” башка да эпосторду, толгон-токой уламыштарды, легендаларды, болмуштарды да билишкен. “Манастан” чарчаганда аларды да айтып жүрүшкөн.

Иши кылып Айымкан эне небереси Чыңгызды жетелеп алып Жолонбайдын үйүнө барганда, ал жерде манасчы ары-бери обдула, колдорун эки жакка булгалай, Чоң Казатты күпүлдөтө айтып, үйдө шыкалып отургандар түгүл, сырттан тыңшагандардын да айрымдары шолоктоп ыйлап, айрымдары бирде отурса, бирде тура кала иреңдери кумсарып, тынчы кетип жаткан болот.

Айымкан эне аймактагы барктуу-нарктуу байбичелерден болгондуктан үйдө отургандардын бири тура калып, ага орун берет. Кичинекей Чыңгыз босогону аттагандан тартып, чоң энесинин этегине жабышкан бойдон, жыланга арбалган балапандай, төрдө эткел тоголок, кара чүйкүл беттеринен, жазы маңдайынан чыпылдаган терлери акканда, жанындагылардын бири жоолугу менен улам аарчыгандыгына, ыйлагандарга, кыйкыргандарга да кенедей көңүл бурбастан, өзү ээн талаадагы дөбөдө жалгыз отургандай күпүлдөп жаткан адамдан көзүн албай отуруп калат.

Адегенде ал чоочуркаса, бара-бара көздөрү жанып, беттери албырып, алп каракуш менен акылдуу бала жөнүндөгү баяндардай эле, улуу дастандагы окуяларды да жүрөгүнөн өткөрө, бериле тыңдай баштагандыгы байкалат.

Ошол күнү чоң эне менен небереси үйүнө кеч келишет. Жаш Чыңгыз жатарда адаттагысындай чоң энесинен жомок айтып берүүнү суранбай, тез эле мемиреп уктап калат. Эртеси, андан кийинки күндөрү да ошондой болгондон кийин Айымкан эне жомок издегендин түйшүгүнөн кутулгандыгын, небересин “Манас” дарылагандыгын түшүнөт.

Чындыгында эле жаш Чыңгыз Манастын оргуган стихиясына туш болгондон кийин ага чейинки уккандары өзү ойногондордой өтө эле майда көрүнүп, чыныгы чоң жомоктун мааниси, таасири кандай болорун түшүнүп, ага бир чети таң калса, экинчи жагынан суктанып, кыялында мен да ушундай жомокторду жаратсам дегенойлор пайда болуп, бирок интиутивдүү түрдө андай улуу жомокторду жаратуу өтө эле кыйын боло тургандыгын да аңдап, ички дүйнөсү бир күндө рухий жактан бир нече жылды басып өткөндөй төңкөрүшкө тете өзгөрүүгө учурап, мына ошондой карама каршы сезимдерден, ойлордон жоошуй түшсө керек.

Мүмкүн, интиутивдүү түрдө анын наристелик сезим-туюмдарында Манасты жараткан эли жөнүндө кийин өзү жаза турган Улуу баяндын жаңырыктары угулуп, жомоктордун ордуна аны ошол жаңырыктар термете баштагандыр...

Тынчтыкбек Бешкемпиров, журналист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG